ЛЕНА КЫРГЫНЫ (1912): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЕНА КЫРГЫНЫ (1912) - 1912-ж. 4(17)-апрелде Лена алтын кениндеги иш таштоолорго каршы падыша өкмөтү жүргүзгөн кандуу жазалоо. Окуя Иркутск губерниясынын Бодайбо аймагында жайгашкан Лена алтын ө. ж. кени шериктештигинде болгон. Андреевск алтын кенинде иштеген жумушчулардын иш шартынын оордугунан, иш күнүнүн узактыгынан (15-16 саат) жана эмгек акынын аздыгынан 29-февралда (13- март) иш таштоо башталган. Иш таштоо комитети түзүлгөн. 4 (17)-мартта жумушчулар 8 сааттык жумуш күнүн киргизүү, эмгек акыны 30% ке көбөйтүү, штрафтарды алып салуу, жабдууларды жакшыртуу ж. б. талаптарды койгон. Администрация коюлган талаптардын бирин да канааттандырган эмес. Марттын ортосунда жумушчулар (6 миндей) тарабынан бардык кен чыгуучу жерлер курчоого алынган. Борбордук иш таштоо комитети жана Борбордук бюронун жетекчилери, айрым болъшевиктер (П. Н. Баташев, Г. В. Черепахин, Р. И. Зелионко, М. И. Лебедев), ошондой эле менъшевиктер, эсерлер ж. б. иш таштоону уланта берген. Жандарм ротмистри Н. В. Трещенковдун буйругу менен өкмөт аскер киргизип, 4- апрелге караган түнү иш таштоо комитетинин 11 мүчөсү камакка алынган. Эртеси аларды бошотууну талап кылып, 2,5 миң жумушчу Надеждин кениндеги прокуратура чиновнигине кайрылган. Натыйжада алардын талаптарына ок атуу менен жооп берилип, 270 жумушчу өлүп, 250 жарадар болгон. Өлкөдө жумушчулардын иш таштоосу 12 (25)-августка чейин созулуп, Россиядагы революциялык толкундоолордун күчөшүнө түрткү берген. Бул окуяны С. С. Манухин жана А. Ф. Керенский жетектеген комиссиялар изилдеп, «Лена алтын кени» жетекчилиги (төрагалары Александр Горациевич жана Альфред Горациевич Гинцбург), жергиликтүү бийлик жана ротмистр Н. В. Трещенковго күнөө коюлган. 1967-ж. Л. к-нда курман болгондорго эстелик орнотулган (арх. В. М. Новак, скульптор Н. Л. Штамп).
Ад.: Мунгалов Н. Н. Ленский расстрел 1912 г. Бодайбо; Иркутск, 2008.