ЛЕНА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛЕНА (якутча Улахан-Юрях - чоң дайра) - Чы­гыш Сибирдеги дарыя, Иркут обл. менен Саха Респ­нын аймагында. Уз. 4400 км, алабынын аян­ты 2490 мин кл42. Байкал кырка тоосунан баш­талып, Лаптевдер денизине куярда чон дельта­ны (аянты 30 миң юи2дей) пайда кылат. Жо­горку агымында (Витимдин чатына чейин) кууш өрөөн аркылуу агып, төмөнкү агымында 30 клгге чейин кеңеет. Жээги Якутск ш-на чейин бийик, -аскалуу; андан төмөн ойдундуу. Негизги куй­малары: Нюя, Вилюй (сол), Киренга, Витим, Олёкма, Алдан (оң). Л. негизинен кар (жыл­дык агымынын 50% и) жана жамгыр сууларынан куралат; кыртыш сууларына 1-2% туура келет. Суусунун деңгээли ортонку агымында 10-15 жге, төмөнкү агымында 18 мте көтөрүлөт. Л. суусу­нун молдуулугу боюнча КМШнын аймагында Енисейден кийинки 2-дарыя. Орт. чыгымы 17 000 м?/сек, эң көбү 200 000 м3/сек, эң азы 366 м?/сек. Жазында кирип, жайында жаан-ча­чындан ташкындайт. Жылына деңизге 12 миллион тта жакын шиленди агызып келет. Жогорку агы­мы октябрдын аягынан майдын ортосуна, төмөнкү агымы октябрдан июндун башына че­йин тоңуп, муз эригенде үйөр пайда кылат. Л-нын куймаларына Вилюй, Мамакан ГЕСтери курулган. Алабы кен байлыкка бай: алтын (Ви­тим, Алдандын алаптарында), алмаз (Вилюй), ошондой эле көмүр (Лена, Түштүк Якут бассейндери), газ, темир, слюда, туз ж. б. Качуг шаарчасынан ча­тына чейин (4125 км аралыкка) кеме жүрөт. Навигация жогорку агымында 160 суткага, төмөнкү агымында 120 суткага созулат. Жа­йында эң кооз жерлерине туристтик рейстер уюштурулат. Дельтасында Усть-Лена коругу бар. Балык (муксун, Сибирь ряпушкасы, нельма, омуль, хариус ж. б.) кармалат. Л-нын суусун булгаган негизги заттар - нефть продуктулары, фенол, темир, жез, цинк. Негизги порттору жана пристандары (башатынан чатын карай): Качуг, Жигалово, Уст-Кут, Марково, Киренск, Витим, Пеледуй, Ленск, Олёкминск, Покровск, Якутск, Нижний Бестях, Сангар, Жиганск, Быковский.

Ад.: Муранов А. П. Величайшие реки мира. Л., 1968; Мостахов С. Река Лена. Якутск, 1972; Водные пути бассейна Лены. М., 1995. Э. Султаналиев.