ЛЕЙШМАНИОЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛЕЙШМАНИОЗ - терини, былжыр челди же ички органдарды жабыркатуучу жугуштуу оору. Киши ж-а айбандар ооруйт. Ооруну бир клеткалуу лейшманиялар козгойт. Л. оорулуу кишиден, иттен, кемирүүчүлөрдөн, жапайы жаныбарлардан желимчилер аркылуу жугат. Оорулуу кишини же жаныбарды чаккан желимчи соо кишини чакканда лейшмания териге кирип көбөйөт, териде жара пайда болуп, кийинчерээк карттанып айыгат. Л. көбүнчө тропик ж-а субтропик өлкөлөрдө, 0. Азияда ж-а Закавказьеде кездешет. Тери Л-у туюк жара (шаар Л-у), некроздуу (айыл Л-у) түрдө өтөт. Ш а а р Л-унун жашыруун мезгили 3 айга (кээде 1—2 жылга) чейин созулат. Желимчи чаккан жерде, көбүнчө бетте, колдо күрөң түстөгү шишикче пайда болот. Ал улам чоңоюп, 3—6, кээде 10 айдан кийин ириңдеп, жарага айланат. Айыл Л-у капысынан кармап, оор өтөт, катуу башталат, жашыруун мезгили 1 жумадан 2 айга чейин. Бетте, колдо, бутта сыздоокко окшогон шишик пайда болуп, биринчи жумада жарага айланат. Оору 3—6 ай созулат. Ички органдарды жабыркаткан Л-дун (кала-азар) жашыруун мезгили 20 күндөн 1 жылга созулат. Аны оорулуу адам ж-а ит таратат, көбүнчө балдар жабыркайт. Оорулуу алсызданып, шалдырайт, эти ысыйт, териси карарып калат. Боору, көк боору чоңоюп, каны азаят. Ичеги-карын, жүрөк, бөйрөк ишинин бузулушу байкалат. Дарылоону врач жүргүзөт. Алдын алууда желимчинин чагуусунан сактануу, желимчини, кемирүучүнү ж-а оору айбандарды жок кылуу, адамды эмдөө жүргүзүлөт.