ЛЕЙШМАНИОЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛЕЙШМАНИОЗ - терини, былжыр челди же ички органдарды жабыркатуучу жугуштуу оору. Киши ж-а айбандар ооруйт. Ооруну бир клет­калуу лейшманиялар козгойт. Л. оорулуу киши­ден, иттен, кемирүүчүлөрдөн, жапайы жаныбар­лардан желимчилер аркылуу жугат. Оорулуу кишини же жаныбарды чаккан желимчи соо кишини чакканда лейшмания териге кирип көбөйөт, териде жара пайда болуп, кийинче­рээк карттанып айыгат. Л. көбүнчө тропик ж-а субтропик өлкөлөрдө, 0. Азияда ж-а Закавка­зьеде кездешет. Тери Л-у туюк жара (шаар Л-у), некроздуу (айыл Л-у) түрдө өтөт. Ш а а р Л-унун жашыруун мезгили 3 айга (кээде 1—2 жылга) чейин созулат. Желимчи чаккан жерде, көбүнчө бетте, колдо күрөң түстөгү шишикче пайда болот. Ал улам чоңоюп, 3—6, кээде 10 айдан кийин ириңдеп, жарага айланат. Айыл Л-у капысынан кармап, оор өтөт, катуу башта­лат, жашыруун мезгили 1 жумадан 2 айга чей­ин. Бетте, колдо, бутта сыздоокко окшогон ши­шик пайда болуп, биринчи жумада жарага ай­ланат. Оору 3—6 ай созулат. Ички органдарды жабыркаткан Л-дун (кала-азар) жашыруун мез­гили 20 күндөн 1 жылга созулат. Аны оорулуу адам ж-а ит таратат, көбүнчө балдар жабыр­кайт. Оорулуу алсызданып, шалдырайт, эти ысыйт, териси карарып калат. Боору, көк боо­ру чоңоюп, каны азаят. Ичеги-карын, жүрөк, бөйрөк ишинин бузулушу байкалат. Дарылоо­ну врач жүргүзөт. Алдын алууда желимчинин чагуусунан сактануу, желимчини, кемирүучүнү ж-а оору айбандарды жок кылуу, адамды эмдөө жүргүзүлөт.