ЛЕЙКОЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛЕЙКОЗ </strong><em>(лейко...</em> ж-а ...оз) -лейкемия, ак кандуулук­кан пайда кылуу системасы­нын шишик оорусу. Л-до кан пайда болуучу ж. б. органдарда өсүп жетилбеген клеткалар көбөйүп, организмдин көп функциясы бузулат, жалпы организм жабыркайт. Иммунитет начар­лап, оор кабылдоолорго алып келет. Л. белги­сиз себептен, радиациянын, о. эле айрым заттар­дын таасиринен пайда болот. Л. лейкоциттер­дин көбөйүшүнө жараша - лейкемия, сублейке­мия, алейкемия, клеткалардын морфологиясы­на жараша ретикулёз, миелолейкоз, лимфолей­коз ж. б. болуп бөлүнөт. Л-дун катуу кармаган ж-а өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган түрүндө оорулуунун эти ысыйт, ар кандай органдар ка­найт, жараланат, өлүк ткандарга айланат, кан орчундуу өзгөрүүлөргө учурайт. Өнөкөт Л. акы­рындык м-н башталат, оорулуунун эти ысып, шалдырайт, көп тердейт, сөөктөрү ооруйт. Мын­да өнөкөт лимфолейкоз, миелолейкоз, эритре­мия, миелома оорусу көп кезигет. Өнөкөт лим­фолейкоз узакка созулуп, четки лимфа түйүн­дөрү, көк боор чоңоёт. Кандагы лейкоциттер көбөйүп, бара-бара <em>аз кандуулук</em> күчөйт. Л-дун патогенези толук изилдене элек, түрдүү тышкы ж-а ички таасирлерден организмде клеткалык <em>мутациялар</em> пайда болуп, анын натыйжасын­да кан пайда кылуучу клеткалардын нормал­дуу өөрчүүсү бузулат. Дарылоо <em>гематология </em>бөлүмүндө жүргүзүлүп, моно ж-а полихимия терапиясы, моноклоналдык антителалар, жү­лүндү трансплантациясы ж. б. ыкмалар колдо­нулат.</p>[[Категория:5-том,_2-50_бб]]  
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛЕЙКОЗ </strong>жаныбарларда - кан пайда кылуучу органдарды ж-а лимфа клеткаларын жабыркатуучу жугуштуу ылаң. Ылаңдаткычы РНКлуу Ке1;гоу1г13ае түркүмүнө кирүүчү онко­гендүү вирус (онкорновирус). Сырткы чөйрөдө туруксуз. Ылаң бардык континенттерде кезде­шип, катуу кармаган ж-а өнөкөт түрү бар. Көбүнчө 4-8 жаштагы кой, уй, эчки, жылкы, чочко ж. б., үй куштары жабыркайт. Кырг-нда бодо малдын ж-а койдун Л-у көп кездешет. Бодо малдын Л-у өзгөчө Чүй өрөөнүндөгү чар­баларда тараган. Кырг-нда багылуучу олуя-ата ж-а ала-тоо тукумундагы уйлар да ылаңдайт. Л. козгогучунун булагы — ылаңдуу жаныбар­лар. Букма мезгили табигый шартта 2—6 жыл­га созулат. Л-до малдын жалпы абалы начар­лайт, тоютка табити солгундайт, сүтү азаят, тез арыктайт, ичи өтөт, катат, көбөт, дем алуу кыйындайт, о. эле моюнунун алдында туюк жа­ралар байкалат, богок бези жараланат ж-а те­риде килкилдеген жерлер пайда болот. Л. жаш малда көбүнчө курч өтөт. Диагноз эпизоотол., клиникалык, серол., вирусол., патанат. ж-а гистол. изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Ылаң­ды айыктыруучу дары табыла элек, натыйжа­луу вакцина жок. Алдын алуу ж-а ага каршы күрөшүү өз убагында диагноздоп ж-а ылаң чык­кан чарбаларга <em>карантин</em> коюуга багытталат. Малкана тазаланат ж-а жегич натрийдин 2- 3%түү эритмеси м-н дезинфекцияланат.</p>[[Категория:5-том,_2-50_бб]]  

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛЕЙКОЗ жаныбарларда - кан пайда кылуучу органдарды ж-а лимфа клеткаларын жабыркатуучу жугуштуу ылаң. Ылаңдаткычы РНКлуу Ке1;гоу1г13ае түркүмүнө кирүүчү онко­гендүү вирус (онкорновирус). Сырткы чөйрөдө туруксуз. Ылаң бардык континенттерде кезде­шип, катуу кармаган ж-а өнөкөт түрү бар. Көбүнчө 4-8 жаштагы кой, уй, эчки, жылкы, чочко ж. б., үй куштары жабыркайт. Кырг-нда бодо малдын ж-а койдун Л-у көп кездешет. Бодо малдын Л-у өзгөчө Чүй өрөөнүндөгү чар­баларда тараган. Кырг-нда багылуучу олуя-ата ж-а ала-тоо тукумундагы уйлар да ылаңдайт. Л. козгогучунун булагы — ылаңдуу жаныбар­лар. Букма мезгили табигый шартта 2—6 жыл­га созулат. Л-до малдын жалпы абалы начар­лайт, тоютка табити солгундайт, сүтү азаят, тез арыктайт, ичи өтөт, катат, көбөт, дем алуу кыйындайт, о. эле моюнунун алдында туюк жа­ралар байкалат, богок бези жараланат ж-а те­риде килкилдеген жерлер пайда болот. Л. жаш малда көбүнчө курч өтөт. Диагноз эпизоотол., клиникалык, серол., вирусол., патанат. ж-а гистол. изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Ылаң­ды айыктыруучу дары табыла элек, натыйжа­луу вакцина жок. Алдын алуу ж-а ага каршы күрөшүү өз убагында диагноздоп ж-а ылаң чык­кан чарбаларга карантин коюуга багытталат. Малкана тазаланат ж-а жегич натрийдин 2- 3%түү эритмеси м-н дезинфекцияланат.