ЛЕГЕНДА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛЕГЕНДА (лат. 1е§епс1а - окууга сунуш кылынгандын бардыгы деген мааниде) - 1) о. кылымдарда Европада кеңири тараган диний мазмундагы, мүнөздөгү жазма баяндар; 2) оозеки ад-ттагы керемет окуялар, фантастикалык образдар ж-а түшүнүктөр баяндалган, угармандар ж-а окурмандар тарабынан ырастай, чындыктай кабыл алынган чыгармалар. Уламыштан айырмаланып, мазмуну өтө эле фантастикалуу келет да, өткөн учур тууралуу да, азыркы убак, келечек ж-дө да баяндайт. Кыргыз фольклорундагы Л-ларды тематикасына карап космогониялык (Күн, Ай, жылдыздардын келип чыгышы ж-дө), топонимикалык (жер-суу аттарынын пайда болушу тууралуу), диний, тарыхый, баатырдык ж. б. бөлүүгө болот. Л-ларды азыркы акын-жазуучулар өз чыгармаларында колдонуп, алардын сюжеттерин, окуяларын, жазып аткан чыгармасынын темасын, идеясын терең ачып, образдарды жеткиликтүү берүү үчүн пайдаланышат.