ЛЕБЕДЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛЕБЕДЕВ Сергей Алексеевич (20. 10(2.11). 1902, Нижний Новгород -3.7. 1974, Москва) - электртехника ж-а эсептөө техникасы тармагындагы орус илимпозу. СССР ИАнын академиги (1953), Соц. Эмг. Баатыры (1956). 1928-ж. Москва жогорку тех. окуу жайын бүтүп, ошол жылдан Бүткүл союздук электр-техника ин-тунда иштеген. 1946-51-ж. УССР ИАнын Электр-техника ин-тун жетектеген. 1952-жылдан Москва Физика-техника ин-тунда проф; 1953-жылдан СССР ИАнын Так механика ж-а эсептөө техникасы ин-тунун директору. Л. - СССРде энергетикалык системалардын туруктуулук маселесин биринчи иштеп чыккандардын бири, синхрондуу машиналардын жасалма туруктуулук теориясынын автору. Анын жетекчилиги м-н сов. 1-электрондук, о. эле бир катар тез иштөөчү ЭЭМдер түзүлгөн. Лениндик (1966), СССР мамл. (1950, 1969) сыйл. лауреаты. 4 Ленин, Октябрь Революциясы ордендери м-н сыйланган.
Ад.: Малиновский Б. Н. Академик С. А. Лебедев. К„ 1982; С. А. Лебедев. К 100-летию со дня рождения основоположника отечественной вычислительной техники. М„ 2002.