ЛАХОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАХОР - Пакистандын түн.-чыгышындагы шаар. Пенжаб провинциясынын адм. борбору. Рави д-нын жээгинде жайгашкан. Калкы 7,1 млн (2010; калкынын саны б-ча өлкөдөгү Ка­рачиден кийинки 2-шаар). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаарда Пакистандагы ири компаниялардын (банк, фонд биржасы) штаб-квартиралары жайгашкан. Текстиль (ке­без-кездеме, жүн, кийим-кечек), тамак-аш, хим. (кездеме боёктору даярдалат), резина-тех., металл иштетүү ж-а машина куруу ө. ж. ишка­налары иштейт. Кол өнөрчүлүк (алтын, күмүш­төн зер буюмдарды жасоо, сайма саюу, оймо­чийме түшүрүү) өнүккөн. Ун-ттер (а. и. аялдар, техника ж-а технология ж. б.), китепканалар, театрлар, музейлер бар. Б. з. башында пайда болгон. 1799-1849-ж. сикхтердин мамлекетинин

Жахангир мавзолейи. 1627-37.

борбору болгон. Шаардын тарыхый борборунда калың дубалдар м-н курчалган Кызыл форт (16-к.), бермет чөгөрүлүп кооздолгон мунара­луу мечит м-н ак сарай комплекси (17-к.) ж-а Шалимар багы Буткул дүйнөлук мурастын тиз­месине киргизилген. Бул фортко улай 13 дарба­залуу Эски шаар жайгашкан. Анда 16-17-к-га таандык мечиттер (Нивин, Шах-Бегум, Вазир­Хан), мавзолейлер (философ Абу-ль-Хасандын, Муса Ахангардын ж. б.) сакталган. Л. - Паки­стандын ил. ж-а маданий ири борбору. Ун-ттер, ИИИлер, жогорку мектептер, коллеждер, китеп­каналар, музейлер (а. и. курал-жарак) бар. Кино индустриясынын ири борбору. Бүткүл дүйнөлүк ж-а эл аралык фестивалдар (куурчак ж. б.) өткөрүлүп турат.