ЛАТЫН ИМПЕРИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАТЫН ИМПЕРИЯСЫ - кресттүүлөрдүн мам­лекети (1204-61). 4-крест жортуулунун каты­шуучулары Византия аймагын басып алып не­гиздеген (к. Кресттуулөр жортуулдары). Ага Балкан ж. а., Кичи Азиянын түн.-батышы, Фес­салоника королдугу, Ахей княздыгы, Афины герцогдугу, Эгей ж-а Ионика деңиздеринин аралдары кирип, борбору Константинополь ш. болгон. Бул жерлерди кресттүүлөрдүн башчы­лары, катардагы рыцарлар ж. б. бөлүп алыш­кан. Л. и-нын '/4 бөлүгүн император ээлеген. Мамл. түзүлүшү феодалдык монархия болгон. Императордун бийлиги венециялык сеньорлор кеңеши м-н чектелген. Л. и-нда византиялык салык системасы сакталып калган. Саясий түзү­лүшү «Романия ассиздери» м-н бекитилген. Баш­каруу системасы феодалдык иерархия принци­бинде түзүлгөн ж-а византиялык (грек) ак сөөк­төргө өзгөчө укук берилип, менчиктин түрү сак­талган. Грек дыйкандары жерге бекитилип, жа­ңы салык түрү - баналитет киргизилген. Соода ж-а ө. ж-га венециялыктар үстөмдүк кылып, грек кол өнөрчүлүгу төмөндөгөн. Л. и-нда грек ж-а латын мад-ты бири бирине жуурулуша ал­бай, латын феодалдары м-н жерг. калктын ор­тосунда карама-каршылыктар пайда болгон. Латын феодалдарынын ортосундагы ички ка­рама-каршылыктар, жерг. калктын кресттүүлөр­гө кастыгы, гректердин саясий-экон. ж-а диний жактан укуксуздугу, византиялык салык системасынын оор түрү Л. и-нын абалын начар­латкан. 1225-36-ж. болгар ж-а никей аскерле­ринен талкаланган Л. и. Кичи Азия ж-а Бал­кандагы ээликтеринен ажыраган. 1261-ж. 25- июлда Никей империясынын Константинопол­ду алышы м-н Л. и. кулаган.

Ад.: Карпов С. Латинская Романия. СПб., 2000.

А. Матанова.