ЛАТЫН АМЕРИКАЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ АССО- ЦИАЦИЯСЫ —: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАТЫН АМЕРИКАЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ АССОЦИАЦИЯСЫ — Латын Америкасындагы 12 өлкөнүн аймактык соода-экон. бирикмеси. Ага Аргентина, Боливия, Бразилия, Венесуэла, Колумбия, Куба, Мексика, Парагвай, Перу, Уругвай, Чили ж-а Эквадор мүчө. Латын америкалык эркин соода ассоциациясынын базасында түзүлгөн. Негизги максаты - латын америкалык жалпы рынокту түзүүгө укуктук принциптердин ж-а субрегиондук экон. интеграциянын процесстерин камсыздаган нормалардын негизинде шарт түзүү. Саясий органдары - тышкы иштер б-ча министрлер кеңеши ж-а өкүлдөр к-ти. Ал эми тех. органы болуп генералдык секретариат эсептелинет. Конференциясы үч жылда бир же зарыл учурда чакырылат. Уюмдун принциптери ж-а иш-чараларынын багыты Монтевидео келишими (1980) б-ча аныкталат. Штаб-квартирасы Монтевидео ш-нда (Уругвай).