ЛАТЕРИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАТЕРИТ (лат. 1а1ег - кыш, кирпич) - ысык, нымдуу климаттык шартта

алюмосиликаттар­дын физ.-хим. жол м-н талкаланышынан пай­да болгон кызыл түстүү эллювий тектери. Чопо сыяктанып бек, нык, катуу келип, негизинен каолинит, темир кычкылы, гиббсит, титандын кош кычкылы, магнетит ж-а галлуазиттен ту­рат. Башка тектерден курамында сульфаттар, карбонаттар, гидрослюдалар, туздар, монтмо­риллонит тобундагы минералдар болбогондугу м-н айырмаланат. Жылдык орт. жаан-чачыны 1300-2000 жлгден ашык, темп-расы 20-30°Стан жогору болгон тропиктик ж-а субтропиктик алкактарда пайда болот. Мындай шартта жер бети тез ысып, талкалануу процесси катуу жү­рөт. Натыйжада кыртыштагы орг. заттар тез ж-а толугу м-н кычкылданат. Курамындагы кремнезём (81О2) м-н негиздер (Ыа, К, Са, М§) бөлүнүп чыгып, А1, Ре, Т1 кычкылдары топто­ло берет. Л. жер шарынын тропиктик алкакта­рындагы платолордо, дөңсөөлөрдө кездешет. Калыңдыктары бир нече ладен 50 лгге чейин же­тет. Геол. пайда болуу мезгили юрадан баштап, азыркы күнгө чейин созулат. Украина, Казак­стан, Сибирь, Урал, О. Азияда чөкмө ж-а ши­ленди түрдө орун алган түрлөрү жолугат. Алар м-н бирге алюминий, темир, марганец, никель кенташтары, бокситтин ири кендери кездешет. Индияда курулуш үчүн кыш даярдалат.

Ад.: Латериты/Сб. ст. М., 1964; Фридланд В. М. Почвы и коры выветривания влажных тропиков. М., 1964.