ЛАПЛАНДИЯ КОРУГУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАПЛАНДИЯ КОРУГУ Уюл тегерегинен түн­дүктө, Кола ж. а-нда, түн. тайга зонасында жайгашкан. Аянты 2784,35 кмг. Корук түн. тайга м-н тоолуу тундраны, о. эле жапайы түн. бугусун коргоо ж-а аларды сактап калуу макса­тында 1930-ж. 17-январда уийнулган. 1985-ж. ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк координациялык борборунун чечими м-н Бүткүл дүйнөлүк био­сфералык резерват тармагына кирген. Биосфе­ралык резерваттын негизги проблемасы - биол. ар түрдүүлүктү сактап калуу ж-а глобалдык

экол. мониторинг. Коруктагы аймактын 52% ин токой, 36% ин аскалар м-н тоо тундрасы, 4%ин көл м-н дарыялар түзөт. Анын негизги баалуу­лугу болгон көп жылдык дарактардын жашы 400-600 жыл. Л. к-нда түтүктүү өсүмдүктүн 559 (а. и. 5 түрү Россиянын Кызыл китебине кир­ген), мамык чөптүн 231, эңилчектин 115, кал­пактуу козу карындын 209 түрү бар. Жаныбар­лардан сүт эмүүчүлөрдүн 31, канаттуулардын 198, сойлоочулардын 2, жерде-сууда жашоочу­лардын 1, балыктын 15 түрү ж-а РФтин Кызыл китебине кирген кадимки берметчен моллюска­сы байырлайт.