ЛАНДШАФТ ЭКОЛОГИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАНДШАФТ ЭКОЛОГИЯСЫ - геогр. ж-а экол. көз караш б-ча экосистемадагы комплекстуү өз ара мамилелешүү ж-дөгу илим. Термин немис географы К. Тролль (1939) тарабынан белгилүү, экотоптогу же экосистемадагы мейкиндикте бол­гон табигый кубулушту белгилөө үчүн кирги­зилген. Л. э-нын изилдөө объектиси болуп ло­калдык, аймактык, зоналык ж-а аалам экосис­темасы, алардын структурасы ж-а динамикасы, бүгүнкү күндөгу өзгөрүүсү ж-а өнүгүү болжолу эсептелет. Бул илим матем., физ., маалымат­тык, дистанциялык ж. б. жаңы ыкмаларды ке­ңири колдонулат. Изилдөөнүн натыйжасы ааламдык экол. проблемаларды чечүүдө пайда­ланылат.

Ад.: Виноградов Б. В. Основы ландшафтной экологии. М., 1998; Гунин П.Д., Востокова Е.А. Ландшафтная экология. М„ 2000.