ЛАҢДШАФТ ГЕОХИМИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАҢДШАФТ ГЕОХИМИЯСЫ - география м-н геохимияга таандык ил. багыт. 20-к-дын 40- жылдары пайда болгон. Геохимия, өзгөчө биогеохимия идеяларын ж-а ыкмаларын колдонуп, хим. элементтердин ландшафттагы миграциясын изилдейт. Л. г. В. И. Вернадский (биосфера), А. Е. Ферсман (чөлдөр м-н уюлдук аймактардын геохимиясы) тарабынан башталып, Б. Б. Полынов тарабынан өз алдынча ил. багыт катары негизделген (1946). Көпчүлүк ландшафттарда атомдордун биол. айланышы, орг. заттардын пайда болушу ж-а ажырап бөлүнүшү сыяктуу биогендик миграция негизги ролду ойнойт. Ландшафттардагы суулуу чөйрөдө физ.- хим. миграция басымдуулук кылат. Жер бетинин миграциянын айрым өзгөчөлүктөрү м-н мүнөздөлгөн бөлүгү геохим. ландшафт деп аталат. Анын капталы, кыры, өрөөндөрү атомдордун миграциясы аркылуу бири-бири м-н байланышта болот. Миграциянын өзгөчөлүктөрүнө жараша ландшафттардын геохим. классификациясы, карталары түзүлгөн.
Ад.: Экогеохимия городских ландшафтов. М., 1995; Перельман А. И„ Касимов И. С. Геохимия ландшафта. М., 1999; Башкин В. Н„ Касимов И. С. Биогеохимия. М„ 2004.