ЛАГУНА ЧӨКМӨЛӨРҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАГУНА ЧӨКМӨЛӨРҮ - лагуналарда пайда болгон чөкмө тектер. Негизинен майда бүртүктүү кумдуктардан, алевролит м-н чоподон турат. Кээде чополуу карбонаттар, таш туз, гипс, көмүр кездешет. Булар өтө жука катмарчаларды пайда кылат. Байыркы доорлордогу жаныбарлардын ташка айланган калдыктарынын жоктугу же кээ бир белгилүү түрлөрүнүн молдугу м-н айырмаланат. Мындай аймак геол. кесиндиде тоо тектердин тез ж-а кескин алмашуусу м-н мүнөздөлөт. Бул көрүнүш континент ж-а деңиз шарттарынын бат-бат өзгөрүп туруусуна байланыштуу. Л. ч-нөн таш туз, гипс, ангидрит, көмүр кендери орун алат.