ЛАГОС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАГОС - Нигериядагы порт шаар. Гвинея бу­лунунун жээгинде. Лагос штатынын адм. бор­бору. Калкы 10,0 млн (2009). Эл аралык аэро­порту бар. Өлкөнүн саясий, экон. ж-а маданий ири борбору ж-а эн ири шаарларынын бири.

Лагос шаарынын Гвинея булуңунап көрүнүшү.

1914-60-ж. Нигериядагы англ. ээликтин адм. ж-а 1960-92-ж. Нигериянын борбору болгон. Кафедралуу собор (1876-83), Читта мечити (1880) сакталган. Тамак-аш - татымал, текстиль, хим., кеме куруу ж-а ремонттоо, металл иштетүүчү ө. ж. ишканалары иштейт. «Л.» деп Нигерияга 15-к-дын аягында келип отурукташкан португа­лиялыктар аташкан. Ун-т, ИИИлер (а. и. океа­нография ж-а деңиз, мед. ж. б.), технол. кол­леж, бизнес-мектеби, китепканалар бар.