ВЕТО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕ́ТО '''(лат. veto – тыюу салам) – 1) мамл. укук­та – мамл. бийликтин бир органы (мамлекет башчысы) мамл. башка органдын чечимин ток­тотуу же күчүнө киргизбей коюу (тыюу салуу) актысы. Парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга карата мамлекет башчысы – Пре­зидентке берилген В. укугу өзгөчө мааниге ээ. В-ну абс. ж-а чектелген (резолютивдик) же са­лыштырмалуу (суспенсивдүү) деп экиге ажыра­тышат. Абс. В. парламент кабыл алган мый­замды мамлекет башчысы такыр эле четке ка­гып, күчүнө киргизбей коюу укугу. Ал эми са­лыштырмалуу В. болсо, парламент кабыл ал­ган мыйзамдын күчүнө киришин убактылуу гана токтото алат, анткени парламент экинчи жолу карап, анда бул мыйзамды көпчүлүк добуш м-н кайрадан кабыл ала алат. Мындай учурда мый­замды биротоло кабыл алынды деп эсептеш үчүн добуш берүүнүн басымдуу көпчүлүгү, мис., АКШ м-н Россияда ар бир палатанын үчтөн эки добу­шу талап кылынат. О. эле В-нун жалпы ж-а жекече деген түрлөрү да бар. Биринчиси – мый­замды, чечимди д. у. с. толугу м-н четке кагуу, экинчиси – айрым бөлүктөрүн же кээ бир статья­ларын гана четке кагуу (же аткаруудан баш тартуу) актылары. В. ин-ту байыркы Римде пайда болгон. О. кылым доорунда эркин – ли­берум В. деген түрү көбүрөөк таралган (17–18-кылымда Польшада сейм чечими бардык депутаттар добуш бергенде гана кабыл алынды деп эсеп­телген). 2) БУУнун Коопсуздук Советинин ту­руктуу мүчөлөрүнүн процедуралык эмес маселе­лер б-ча чечим кабыл алуу учурунда БУУнун уставында каралган бир добуштуулук принци­би да В. укугу деп аталат. 3) Кыргыз Республи­касынын Конституциясында да Президенттин В. укугу каралган. Анда КРдин Жогорку Кеңе­ши кабыл алган мыйзамга Президент макул бол­босо, ага В. коёт да, бир айдын ичинде каршы пикирин билгизип, парламентке жөнөтөт. Аны парламент бир айдын ичинде кароого тийиш. Мыйзам үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добуш м-н кабыл алынса, ага өлкө Президенти кол коюуга мажбур болот. ''К. Эсенканов.''  
'''ВЕ́ТО '''(лат. veto – тыюу салам) – 1) мамлекеттик укук­та – мамлекеттик бийликтин бир органы (мамлекет башчысы) мамлекеттик башка органдын чечимин ток­тотуу же күчүнө киргизбей коюу (тыюу салуу) актысы. Парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга карата мамлекет башчысы – Пре­зидентке берилген Вето укугу өзгөчө мааниге ээ. Ветону абсолюттук жана чектелген (резолютивдик) же са­лыштырмалуу (суспенсивдүү) деп экиге ажыра­тышат. Абсолюттук Вето парламент кабыл алган мый­замды мамлекет башчысы такыр эле четке ка­гып, күчүнө киргизбей коюу укугу. Ал эми са­лыштырмалуу Вето болсо, парламент кабыл ал­ган мыйзамдын күчүнө киришин убактылуу гана токтото алат, анткени парламент экинчи жолу карап, анда бул мыйзамды көпчүлүк добуш менен кайрадан кабыл ала алат. Мындай учурда мый­замды биротоло кабыл алынды деп эсептеш үчүн добуш берүүнүн басымдуу көпчүлүгү, мисалы, АКШ менен Россияда ар бир палатанын үчтөн эки добу­шу талап кылынат. Ошондой эле Ветонун жалпы жана жекече деген түрлөрү да бар. Биринчиси – мый­замды, чечимди дагы ушул сыяктуу толугу менен четке кагуу, экинчиси – айрым бөлүктөрүн же кээ бир статья­ларын гана четке кагуу (же аткаруудан баш тартуу) актылары. Вето институту байыркы Римде пайда болгон. Орто кылым доорунда эркин – ли­берум Вето деген түрү көбүрөөк таралган (17–18-кылымда Польшада сейм чечими бардык депутаттар добуш бергенде гана кабыл алынды деп эсеп­телген). 2) БУУнун Коопсуздук Советинин ту­руктуу мүчөлөрүнүн процедуралык эмес маселе­лер боюнча чечим кабыл алуу учурунда БУУнун уставында каралган бир добуштуулук принци­би да Вето укугу деп аталат. 3) Кыргыз Республи­касынын Конституциясында да Президенттин Вето укугу каралган. Анда КРдин Жогорку Кеңе­ши кабыл алган мыйзамга Президент макул бол­босо, ага Вето коёт да, бир айдын ичинде каршы пикирин билгизип, парламентке жөнөтөт. Аны парламент бир айдын ичинде кароого тийиш. Мыйзам үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добуш менен кабыл алынса, ага өлкө Президенти кол коюуга мажбур болот.
[[Category: 2-том, 500-554 бб]]
 
''К. Эсенканов.''
[[Category: 2-том, 500-554 бб]]

11:19, 26 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ВЕ́ТО (лат. veto – тыюу салам) – 1) мамлекеттик укук­та – мамлекеттик бийликтин бир органы (мамлекет башчысы) мамлекеттик башка органдын чечимин ток­тотуу же күчүнө киргизбей коюу (тыюу салуу) актысы. Парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга карата мамлекет башчысы – Пре­зидентке берилген Вето укугу өзгөчө мааниге ээ. Ветону абсолюттук жана чектелген (резолютивдик) же са­лыштырмалуу (суспенсивдүү) деп экиге ажыра­тышат. Абсолюттук Вето парламент кабыл алган мый­замды мамлекет башчысы такыр эле четке ка­гып, күчүнө киргизбей коюу укугу. Ал эми са­лыштырмалуу Вето болсо, парламент кабыл ал­ган мыйзамдын күчүнө киришин убактылуу гана токтото алат, анткени парламент экинчи жолу карап, анда бул мыйзамды көпчүлүк добуш менен кайрадан кабыл ала алат. Мындай учурда мый­замды биротоло кабыл алынды деп эсептеш үчүн добуш берүүнүн басымдуу көпчүлүгү, мисалы, АКШ менен Россияда ар бир палатанын үчтөн эки добу­шу талап кылынат. Ошондой эле Ветонун жалпы жана жекече деген түрлөрү да бар. Биринчиси – мый­замды, чечимди дагы ушул сыяктуу толугу менен четке кагуу, экинчиси – айрым бөлүктөрүн же кээ бир статья­ларын гана четке кагуу (же аткаруудан баш тартуу) актылары. Вето институту байыркы Римде пайда болгон. Орто кылым доорунда эркин – ли­берум Вето деген түрү көбүрөөк таралган (17–18-кылымда Польшада сейм чечими бардык депутаттар добуш бергенде гана кабыл алынды деп эсеп­телген). 2) БУУнун Коопсуздук Советинин ту­руктуу мүчөлөрүнүн процедуралык эмес маселе­лер боюнча чечим кабыл алуу учурунда БУУнун уставында каралган бир добуштуулук принци­би да Вето укугу деп аталат. 3) Кыргыз Республи­касынын Конституциясында да Президенттин Вето укугу каралган. Анда КРдин Жогорку Кеңе­ши кабыл алган мыйзамга Президент макул бол­босо, ага Вето коёт да, бир айдын ичинде каршы пикирин билгизип, парламентке жөнөтөт. Аны парламент бир айдын ичинде кароого тийиш. Мыйзам үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добуш менен кабыл алынса, ага өлкө Президенти кол коюуга мажбур болот.

К. Эсенканов.