ВЕТЕРИНАРИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВЕТЕРИНА́РИЯ-САНИТАРИЯЛЫК | '''ВЕТЕРИНА́РИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ '''– мал чарбасында, жаныбардан алын­ган прокдуцияны жана сырьёну кайра иштетүүчү өнөр жайда, аларды ташууда, сатууда, жаныбар­ларды жана алардан алынган продукцияны экс­порттоодо жана импорттоодо ветеринария-санитариялык норма жана эрежелердин сакталуусун байкоочу орган. Ошондой эле ошол продукциялардын санитариялык сапатына да жооп берет. Ветеринария-санитариялык көзөмөлүнүн ветеринариялык адистери өзүнө караштуу объектилерди такай көзөмөлгө алат. Анын натыйжасында тиешелүү эрежелерге тая­нып норманын чегинен чыккан продукциялар­дын абалын жана сапатын аныктайт. Бул көзө­мөлгө эт жана башка тамак-аш продуктуларын изилдөө ветеринариялык закон талап кылгандай ар бир жаныбар­дан алынган продукцияны текшерүү, тамак-ашка колдонууга мүмкүн болбогон жана адамга зыян­дуу продукцияларды жана сырьёну конфискация­лоо, жок кылуу, утилдөө жана зыянсызданды­руу иш-чараларын уюштуруу кирет. Мал чарба­сында Ветеринария-санитариялык көзөмөлдөөнүн негизги ролу курулуш ка­ражаттарын же өндүрүш объектилерин колдон­боо жөнүндө тыянак берүү; жагымсыз тоют жана суу­ну колдонууга тыюу салуу; мал ташуу жана мамлекеттик чек арадан чыгаруу же чыгарбоо боюнча чечим ка­был алуу, тиешелүү ылаңдарга шектүү деп эсеп­телген зонадан мал продукциясын жана сырьёну ташуу жана колдонуу иш-чараларын иштеп чы­гуу жана көзөмөлдөө. Бул көзөмөлдү атайын ветеринария-санитариялык ишканалардын ветеринар адистери жүр­гүзөт. Ветеринария-санитариялык көзөмөл ветеринария-санитариялык эрежелерди бузган та­рапты административдик жоопко тартуу укугуна ээ. Ветеринария-санитариялык көзөмөл санитардык эпидемиологиялык кызмат менен бирдикте иш жүр­гүзөт. ''А. Ш. Иргашев.'' | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] | ||
11:06, 26 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ВЕТЕРИНА́РИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ – мал чарбасында, жаныбардан алынган прокдуцияны жана сырьёну кайра иштетүүчү өнөр жайда, аларды ташууда, сатууда, жаныбарларды жана алардан алынган продукцияны экспорттоодо жана импорттоодо ветеринария-санитариялык норма жана эрежелердин сакталуусун байкоочу орган. Ошондой эле ошол продукциялардын санитариялык сапатына да жооп берет. Ветеринария-санитариялык көзөмөлүнүн ветеринариялык адистери өзүнө караштуу объектилерди такай көзөмөлгө алат. Анын натыйжасында тиешелүү эрежелерге таянып норманын чегинен чыккан продукциялардын абалын жана сапатын аныктайт. Бул көзөмөлгө эт жана башка тамак-аш продуктуларын изилдөө ветеринариялык закон талап кылгандай ар бир жаныбардан алынган продукцияны текшерүү, тамак-ашка колдонууга мүмкүн болбогон жана адамга зыяндуу продукцияларды жана сырьёну конфискациялоо, жок кылуу, утилдөө жана зыянсыздандыруу иш-чараларын уюштуруу кирет. Мал чарбасында Ветеринария-санитариялык көзөмөлдөөнүн негизги ролу курулуш каражаттарын же өндүрүш объектилерин колдонбоо жөнүндө тыянак берүү; жагымсыз тоют жана сууну колдонууга тыюу салуу; мал ташуу жана мамлекеттик чек арадан чыгаруу же чыгарбоо боюнча чечим кабыл алуу, тиешелүү ылаңдарга шектүү деп эсептелген зонадан мал продукциясын жана сырьёну ташуу жана колдонуу иш-чараларын иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө. Бул көзөмөлдү атайын ветеринария-санитариялык ишканалардын ветеринар адистери жүргүзөт. Ветеринария-санитариялык көзөмөл ветеринария-санитариялык эрежелерди бузган тарапты административдик жоопко тартуу укугуна ээ. Ветеринария-санитариялык көзөмөл санитардык эпидемиологиялык кызмат менен бирдикте иш жүргүзөт. А. Ш. Иргашев.