ИРТЫШ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИРТЫ́Ш</b> , Э р т и ш – Казакстан | <b type='title'>ИРТЫ́Ш</b> , Э р т и ш – Казакстан менен Россиянын аймактары аркылуу аккан дарыя, Обь дарыясынын сол куймасы Башаты Кытайдагы Моңгол Ат­лай тоолорунан (Кара Иртыш деген ат менен) башта­лат. Узундугу 4248 <i>км</i>, алабынын аянты 1643 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Жогорку агымы тоо дарыясы, Зайсаң көлүнөн Усть-Каменогорск шаарына чейин Буктурма суу сак­тагычы жана Усть-Каменогорск ГЭСи аркылуу агымы жөнгө салынат. Семей шаарынан төмөн, ча­тына чейин Батыш Сибирь түздүгү аркылуу агат. Төмөнкү бөлүгүндө өрөөнү 35 <i>км</i>ге чейин кеңийт. Башкы куймалары: Ишим, Вагай, Тобол, Кон­да (сол), Омь, Тара, Демьянка (оң). Орточо чыгы­мы Тобольск шаары тушта 2150 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i> (чатында 2830 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>), эң чоң чыгымы – 12 100 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>, эң азы – 297 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>. Төмөнкү агымы майдан сен­тябрга, жогорку агымы апрелден октябрга че­йин кирет. Ноябрдан апрелдин аягына чейин тоңот. Чатынан жогору карай 3784 <i>км</i>ге чейин кеме жүрөт. Эл чарбасын суу менен камсыз кы­лып, сугатка пайдаланылат. Иртыш – Караган­ды каналы сууну Иртыштан алат. Боюндагы негиз­ги шаарлар жана порттор: Усть-Каменогорск, Се­мей, Павлодар, Омск, Тобольск, Ханты-Ман­сийск. Тарыхый даректер боюнча алгачкы жолу «Худуд ал-аламда» Итиль менен Артуш дарыяларынын ор­толорунда кимактар, ал эми кимактардын чы­гышында кыргыз уруулары турары айтылган. М. Кашгариде да (11-кылым) Иртышта огуз тилдүү уруу­лар жашаары эскерилген. 8-кылымдын ортосунда Иртыштын жогорку агымын ээлеген карлуктар ба­тыш тарапка ооп, ал жерде кимактар калыш­кан. 9-кылымдын 2-жарымы – 10-кылымдын башында Борбордук Азияда кыргыздардын саясий таасиринин күчөшүнөн улам кимак-кыпчактар дагы батыш­ка жыла баштаган. 10–12-кылымдарда Иртышты кыргыз­дардын айрым бөлүктөрү жана түрк уруулары ме­кендеп турган. 13-кылымда бул аймак моңголдордун карамагына өтүп, Жучу хандын байтактысы Иртышта жайгашып, 14-кылымдын 2-жарымынан Могол­стан мамлекетинин карамагына кирген жана Иртыш анын түндүк чек арасы катары эсептелген. 14-к­ылымдын 2-жарымынан Иртыш ойрот урууларынын ка­рамагында калган жана калмактардын биригүү процессине байланыштуу 17-кылымдын 1-жарымын­да Жуңгар хандыгы негизделген. Кулагандан кийин Иртышты казак уруулары мекендеген. Орус­тардын Сибирди өздөштүрүшү менен Иртыш аймагы Россия империясынын карамагына өткөн. Жо­горку Иртыш өрөөнү Енисей жана Теңир-Тоо кыр­гыздарынын этностук байланышын изилдөөдөгү маанилүү тарыхый аймактардан болуп эсептелет. | ||
«Худуд ал-аламда» Итиль | |||
<p align='right'><i type='author'>К. Жумашев, Т. Асанов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>К. Жумашев, Т. Асанов.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
08:06, 1 Июль (Теке) 2026 -га соңку нускасы
ИРТЫ́Ш , Э р т и ш – Казакстан менен Россиянын аймактары аркылуу аккан дарыя, Обь дарыясынын сол куймасы Башаты Кытайдагы Моңгол Атлай тоолорунан (Кара Иртыш деген ат менен) башталат. Узундугу 4248 км, алабынын аянты 1643 миң км2. Жогорку агымы тоо дарыясы, Зайсаң көлүнөн Усть-Каменогорск шаарына чейин Буктурма суу сактагычы жана Усть-Каменогорск ГЭСи аркылуу агымы жөнгө салынат. Семей шаарынан төмөн, чатына чейин Батыш Сибирь түздүгү аркылуу агат. Төмөнкү бөлүгүндө өрөөнү 35 кмге чейин кеңийт. Башкы куймалары: Ишим, Вагай, Тобол, Конда (сол), Омь, Тара, Демьянка (оң). Орточо чыгымы Тобольск шаары тушта 2150 м3/сек (чатында 2830 м3/сек), эң чоң чыгымы – 12 100 м3/сек, эң азы – 297 м3/сек. Төмөнкү агымы майдан сентябрга, жогорку агымы апрелден октябрга чейин кирет. Ноябрдан апрелдин аягына чейин тоңот. Чатынан жогору карай 3784 кмге чейин кеме жүрөт. Эл чарбасын суу менен камсыз кылып, сугатка пайдаланылат. Иртыш – Караганды каналы сууну Иртыштан алат. Боюндагы негизги шаарлар жана порттор: Усть-Каменогорск, Семей, Павлодар, Омск, Тобольск, Ханты-Мансийск. Тарыхый даректер боюнча алгачкы жолу «Худуд ал-аламда» Итиль менен Артуш дарыяларынын ортолорунда кимактар, ал эми кимактардын чыгышында кыргыз уруулары турары айтылган. М. Кашгариде да (11-кылым) Иртышта огуз тилдүү уруулар жашаары эскерилген. 8-кылымдын ортосунда Иртыштын жогорку агымын ээлеген карлуктар батыш тарапка ооп, ал жерде кимактар калышкан. 9-кылымдын 2-жарымы – 10-кылымдын башында Борбордук Азияда кыргыздардын саясий таасиринин күчөшүнөн улам кимак-кыпчактар дагы батышка жыла баштаган. 10–12-кылымдарда Иртышты кыргыздардын айрым бөлүктөрү жана түрк уруулары мекендеп турган. 13-кылымда бул аймак моңголдордун карамагына өтүп, Жучу хандын байтактысы Иртышта жайгашып, 14-кылымдын 2-жарымынан Моголстан мамлекетинин карамагына кирген жана Иртыш анын түндүк чек арасы катары эсептелген. 14-кылымдын 2-жарымынан Иртыш ойрот урууларынын карамагында калган жана калмактардын биригүү процессине байланыштуу 17-кылымдын 1-жарымында Жуңгар хандыгы негизделген. Кулагандан кийин Иртышты казак уруулары мекендеген. Орустардын Сибирди өздөштүрүшү менен Иртыш аймагы Россия империясынын карамагына өткөн. Жогорку Иртыш өрөөнү Енисей жана Теңир-Тоо кыргыздарынын этностук байланышын изилдөөдөгү маанилүү тарыхый аймактардан болуп эсептелет.
К. Жумашев, Т. Асанов.