ИРАН ТАЙПАК ТООСУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИРА́Н ТАЙПАК ТООСУ</b> Иран (басымдуу бөлүгү), Афганстан | <b type='title'>ИРА́Н ТАЙПАК ТООСУ</b> Иран (басымдуу бөлүгү), Афганстан жана Пакистандын аймагында; че­т жакалары Ирак менен Түркмөнстандын түштүгүн­дө. Батышынан Месопотамия ойдуңу, чыгышы­нан Инд өрөөнү менен чектешет. Узундугу 2500 <i>км</i>дей, аянты 2,7 млн <i>км</i><sup>2</sup>. Альп-Гималай геосинкли­наль облусунда альп жана андан илгерки тоо пайда болуу мезгилдеринде калыптанган. Иран тайпак тоосунун кеңири аймакты ээлеген ички бөксө тоо­лору (бийиктиги 500дөн 2000 <i>м</i>ге чейин) түндүгүнөн Эльбурс (бийиктиги 5604 <i>м</i>ге чейин, Демавенд жанартоосу), Түркмөн-Хорасан тоолору, Паро­памиз, Гиндукуштун батыш тармактары, түштүгүнөн Загрос, Мекран, Сулайман тоолору менен чектешет. Ички бөксө тоолорун Деште-Ке­вир, Деште-Лут, Дашти-Марго ж. б. чөлдөрдү өзүнө камтыган туюк ойдуңдар ээлейт; аларда кум жана шор баскан жерлери, соолуп калуучу көлдөрү арбын кездешет. Чөлдүү ойдуңдарды дөңсөөлөр жана тоолор (Кухруд, Чыгыш Иран ж. б.) бөлүп турат. Климаты субтропиктик, кургак, жылдык жаан-чачыны ички бөксө тоолордо 100 <i>мм</i>дей, тоолордо 500 <i>мм</i>ге чейин. Эльбурс жана Сулайман тоолорунун сырткы кап­талдарында арбын жаайт (1000–2000 <i>мм</i>ге че­йин). Дарыялары (Гильменд, Сефидруд, Гери­руд ж. б.) сууга өксү, негизинен сугатка пайда­ланылат. Жарым чөл жана чөл, айрым жерлер­ге талаа ландшафты мүнөздүү. Сулайман тоо­сунун чыгыш капталын саванна, сейрек токой жана жалбырагы күбүлмө токой, Эльбурстун түндүк капталдарын нымдуу жазы жалбырактуу суб­тропик токою ээлейт. Оазисте дыйканчылык, көчмөн чарбачылык өнүккөн. Нефтиге бай, таш көмүр, темир, жез, графит, күкүрт ж. б. кендер да бар. | ||
07:35, 1 Июль (Теке) 2026 -га соңку нускасы
ИРА́Н ТАЙПАК ТООСУ Иран (басымдуу бөлүгү), Афганстан жана Пакистандын аймагында; чет жакалары Ирак менен Түркмөнстандын түштүгүндө. Батышынан Месопотамия ойдуңу, чыгышынан Инд өрөөнү менен чектешет. Узундугу 2500 кмдей, аянты 2,7 млн км2. Альп-Гималай геосинклиналь облусунда альп жана андан илгерки тоо пайда болуу мезгилдеринде калыптанган. Иран тайпак тоосунун кеңири аймакты ээлеген ички бөксө тоолору (бийиктиги 500дөн 2000 мге чейин) түндүгүнөн Эльбурс (бийиктиги 5604 мге чейин, Демавенд жанартоосу), Түркмөн-Хорасан тоолору, Паропамиз, Гиндукуштун батыш тармактары, түштүгүнөн Загрос, Мекран, Сулайман тоолору менен чектешет. Ички бөксө тоолорун Деште-Кевир, Деште-Лут, Дашти-Марго ж. б. чөлдөрдү өзүнө камтыган туюк ойдуңдар ээлейт; аларда кум жана шор баскан жерлери, соолуп калуучу көлдөрү арбын кездешет. Чөлдүү ойдуңдарды дөңсөөлөр жана тоолор (Кухруд, Чыгыш Иран ж. б.) бөлүп турат. Климаты субтропиктик, кургак, жылдык жаан-чачыны ички бөксө тоолордо 100 ммдей, тоолордо 500 ммге чейин. Эльбурс жана Сулайман тоолорунун сырткы капталдарында арбын жаайт (1000–2000 ммге чейин). Дарыялары (Гильменд, Сефидруд, Герируд ж. б.) сууга өксү, негизинен сугатка пайдаланылат. Жарым чөл жана чөл, айрым жерлерге талаа ландшафты мүнөздүү. Сулайман тоосунун чыгыш капталын саванна, сейрек токой жана жалбырагы күбүлмө токой, Эльбурстун түндүк капталдарын нымдуу жазы жалбырактуу субтропик токою ээлейт. Оазисте дыйканчылык, көчмөн чарбачылык өнүккөн. Нефтиге бай, таш көмүр, темир, жез, графит, күкүрт ж. б. кендер да бар.
Ад.: Физическая география материков и океанов. М., 1988; Петров М. П. Иран. Физико-географический очерк. М.,1955.
Э. Н. Султаналиев.