ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ</b> – көзгө | <b type='title'>ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ</b> – көзгө көрүнбөгөн <i>инфракызыл нурланууну</i> пайдалануу­га негизделген приборлор, түзүлүштөр, систе­малар. Инфракызыл нур техникасына инфракызыл нурду аныктоочу жана өлчөөчү, караңгыда сүрөт тартуучу, ысытыл­ган нерсенин температурасын алыстан өлчөөчү, жа­шырын сигнал берүүчү, жер бетинде жана космос­то байланышууга мүмкүндүк берүүчү, алыскы аралыкты ченегич, жер бетинде, деңизде абада нерселерди (самолёт, кеме ж. б.) алардын ин­фракызыл нур чыгаруусу боюнча аныктоочу при­борлор; снарядды же ракетаны учуп баратканда багыттоочу түзүлүштөр; инфракызыл нурду ка­был алгыч жана анын булагы, инфракызыл нур­ду бөлүп алуучу чыпкалар ж. б. кирет. Инфракызыл нур техникасы радиоспектроскопиядагы ар кандай заттарды анализдөө жана түзүлүшүн спектрдик анализдөө үчүн, алыскы жылдыздардын жана планеталар­дын атмосферасын изилдөөдө, Жердин жылуулук ба­лансын өлчөөдө, өнөр жайда – жыгач, лак, сыр кап­талган буюмдарды кургатууда; аскердик иште – караңгыда көрүү приборлорунда, жылуулук ло­кациясында, башкарылуучу снаряддарды бута­га өзүн-өзү багыттоодо колдонулат. | ||
көрүнбөгөн <i>инфракызыл нурланууну</i> пайдалануу­га негизделген приборлор, түзүлүштөр, систе­малар. | |||
үчүн, алыскы жылдыздардын | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
05:22, 1 Июль (Теке) 2026 -га соңку нускасы
ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ – көзгө көрүнбөгөн инфракызыл нурланууну пайдаланууга негизделген приборлор, түзүлүштөр, системалар. Инфракызыл нур техникасына инфракызыл нурду аныктоочу жана өлчөөчү, караңгыда сүрөт тартуучу, ысытылган нерсенин температурасын алыстан өлчөөчү, жашырын сигнал берүүчү, жер бетинде жана космосто байланышууга мүмкүндүк берүүчү, алыскы аралыкты ченегич, жер бетинде, деңизде абада нерселерди (самолёт, кеме ж. б.) алардын инфракызыл нур чыгаруусу боюнча аныктоочу приборлор; снарядды же ракетаны учуп баратканда багыттоочу түзүлүштөр; инфракызыл нурду кабыл алгыч жана анын булагы, инфракызыл нурду бөлүп алуучу чыпкалар ж. б. кирет. Инфракызыл нур техникасы радиоспектроскопиядагы ар кандай заттарды анализдөө жана түзүлүшүн спектрдик анализдөө үчүн, алыскы жылдыздардын жана планеталардын атмосферасын изилдөөдө, Жердин жылуулук балансын өлчөөдө, өнөр жайда – жыгач, лак, сыр капталган буюмдарды кургатууда; аскердик иште – караңгыда көрүү приборлорунда, жылуулук локациясында, башкарылуучу снаряддарды бутага өзүн-өзү багыттоодо колдонулат.