ИНТЕРНАЦИОНАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНТЕРНАЦИОНАЛИ́ЗМ</b> (<i>интер....</i> ж-а natio – улут) – түрдүү мамлекеттердин, улуттардын, эл­дердин же алардын айрым бөлүктөрү – таптар­дын, социалдык катмарлардын же топтордун түпкү кызыкчылыктарына негизделген аракет­терди бириктирүүгө умтулуусун чагылдырган көз караштар | <b type='title'>ИНТЕРНАЦИОНАЛИ́ЗМ</b> (<i>интер....</i> ж-а natio – улут) – түрдүү мамлекеттердин, улуттардын, эл­дердин же алардын айрым бөлүктөрү – таптар­дын, социалдык катмарлардын же топтордун түпкү кызыкчылыктарына негизделген аракет­терди бириктирүүгө умтулуусун чагылдырган көз караштар жана саясат; ар кандай улуттар менен расалардын өкүлдөрү болуп эсептелген адамдар­дын ортосундагы эл аралык тилектештик, пи­кирлештик; алардын өз ара түшүнүүсүнүн, ише­ниминин, ар кандай маданияттардын, баалуулук­тун, билимдердин жана технологиялардын өз ара бири бирине өтүүсүнүн негизи; улутчулдукка карама-каршы түшүнүк. Өндүрүштө маалымат­тык алмашууну, илимий-техникалык жана маданий өнүгүүнү интернационалдаштыруу процесси интернационализмдин объек­тивдүү негизи болуп саналат. Анын күч алышы менен улуттук келишпөөчүлүктөн улуттар аралык кызматташтыкка карай бара-бара глобалдуу бурулушу 19–20-кылымдарда түрдүү таптардын интернационализми баш­кы мааниге ээ болгон да, анын калыптанышын­да өзүлөрүнүн салымын кошкон. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
04:58, 1 Июль (Теке) 2026 -га соңку нускасы
ИНТЕРНАЦИОНАЛИ́ЗМ (интер.... ж-а natio – улут) – түрдүү мамлекеттердин, улуттардын, элдердин же алардын айрым бөлүктөрү – таптардын, социалдык катмарлардын же топтордун түпкү кызыкчылыктарына негизделген аракеттерди бириктирүүгө умтулуусун чагылдырган көз караштар жана саясат; ар кандай улуттар менен расалардын өкүлдөрү болуп эсептелген адамдардын ортосундагы эл аралык тилектештик, пикирлештик; алардын өз ара түшүнүүсүнүн, ишениминин, ар кандай маданияттардын, баалуулуктун, билимдердин жана технологиялардын өз ара бири бирине өтүүсүнүн негизи; улутчулдукка карама-каршы түшүнүк. Өндүрүштө маалыматтык алмашууну, илимий-техникалык жана маданий өнүгүүнү интернационалдаштыруу процесси интернационализмдин объективдүү негизи болуп саналат. Анын күч алышы менен улуттук келишпөөчүлүктөн улуттар аралык кызматташтыкка карай бара-бара глобалдуу бурулушу 19–20-кылымдарда түрдүү таптардын интернационализми башкы мааниге ээ болгон да, анын калыптанышында өзүлөрүнүн салымын кошкон.