ИНТЕРНАЦИОНАЛ (жумушчулардын эл аралык шериктештиги): нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'> | <b type='title'>ИНТЕРНАЦИОНАЛ́Л</b> (Ж у м у ш ­ч у л а р д ы н э л а р а л ы к ш е р и к т е ш­т и г и ) – жумушчулардын эл аралык бирин­чи уюму. 1864-жылы 28-сентябрда Лондондо уюшул­ган К. Маркс менен Ф. Энгельс негиздеген. Жу­мушчулардын эл аралык шериктештигинин уюмдаштыруу манифести, уставы, үндөө, цир­куляр жана чечимдерин К. Маркс иштеп чыккан. Ал документтерде марксизмдин программалык жана тактикалык жоболору өнүктүрүлгөн. Жу­мушчу табы капитализмди ойрондоочу жана со­циализмди куруучу күч деп көрсөтүлгөн. Социалисттик революцияда саясий бийликтин (пролетариат дикта­турасынын), аны жеңип алуу зарылдыгынын, пролетариат үчүн өз саясий партиясын түзүүнүн, социалдык боштондук үчүн күрөштө ар түрдүү өлкөлөрдүн жумушчуларынын биригишинин маанисин баса белгилеген. Биринчи интернационалдын иши­не туруктуу комитети бар Генералдык Совет жетек­чилик кылган. Ал Европадагы негизги өлкөлөр­дөн, АКШ, Австриядан келген жумушчу өкүлдө­рүнүн улуттук секцияларына (федерацияла­рына) таянып иш алпарган. 1870-жылы биринчи интернационалдын Европа өлкөлөрүндөгү ишмердүүлүгү ток­топ, 1876-жылы уюм таркатылган. | ||
өлкөлөрдүн жумушчуларынын биригишинин | |||
маанисин баса белгилеген. Биринчи | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
04:21, 1 Июль (Теке) 2026 -га соңку нускасы
ИНТЕРНАЦИОНАЛ́Л (Ж у м у ш ч у л а р д ы н э л а р а л ы к ш е р и к т е шт и г и ) – жумушчулардын эл аралык биринчи уюму. 1864-жылы 28-сентябрда Лондондо уюшулган К. Маркс менен Ф. Энгельс негиздеген. Жумушчулардын эл аралык шериктештигинин уюмдаштыруу манифести, уставы, үндөө, циркуляр жана чечимдерин К. Маркс иштеп чыккан. Ал документтерде марксизмдин программалык жана тактикалык жоболору өнүктүрүлгөн. Жумушчу табы капитализмди ойрондоочу жана социализмди куруучу күч деп көрсөтүлгөн. Социалисттик революцияда саясий бийликтин (пролетариат диктатурасынын), аны жеңип алуу зарылдыгынын, пролетариат үчүн өз саясий партиясын түзүүнүн, социалдык боштондук үчүн күрөштө ар түрдүү өлкөлөрдүн жумушчуларынын биригишинин маанисин баса белгилеген. Биринчи интернационалдын ишине туруктуу комитети бар Генералдык Совет жетекчилик кылган. Ал Европадагы негизги өлкөлөрдөн, АКШ, Австриядан келген жумушчу өкүлдөрүнүн улуттук секцияларына (федерацияларына) таянып иш алпарган. 1870-жылы биринчи интернационалдын Европа өлкөлөрүндөгү ишмердүүлүгү токтоп, 1876-жылы уюм таркатылган.