ДАВЛЕТОВ Имаммусеин Кожомбердиевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

22 июнь 2026, саат 05:17 учурдагы соңку нуска

ДАВЛЕТОВ Имаммусейин Кожомбердиевич (1. 3. 1932, Москва району, Чоӊ-Арык кыштагы – 21.01. 1983, Фрунзе) – геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1971). Москва түстүү металлдар ж-а ал­тын институтун бүтүргөн (1954). Кыргыз ССР ИАнын геология институтунун кенже (1955) ж-а улук (1962) илимий кызматкери, сектор, лаборатория башчысы (1968– 83). Ал – 70тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 1 мо­нографиянын автору. Эмгектеринде коргошун, цинк, жез, вольфрам, молибден, алтын м-н кү­мүштүн минералогиясын ж-а алардын кендери­нин магма тоо тектери м-н байланышын изил­деген. Анын жетекчилигинде аталган метал­лдарга алдын ала болжолдуу баа берилүү м-н Түндүк ж-а Ортоӊку Теӊир-Тоонун металлогения­лык картасы түзүлгөн.

Эмг.: Главнейшие черты металлогении золота Тянь- Шаня // Закономерности размещения полезных иско­паемых. Т. 9. М., 1970.