БУРУТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУРУТ ''' – 17–18-к. чейин Цинь-манжур (Кытай), монгол тилдүү булактарда, орус авторлорунун эмгектеринде Теӊир-Тоо кыргыздарынын дагы бир аталышы. Алгач ойрот-кыргыздарды калмактар Б. деп аташып, алар аркылуу Кытай жазмаларына өткөн. Бирок, 1856-ж. кыргыздарды иликтеп кеткен Ч. Валиханов: «...кыргыздар кытайлар атагандай «бурут» деген атты таптакыр билишпейт, бул сөздү алар (кыргыздар) такыр угушкан эмес; «бурут» деген уруктун аталышын кыргыздардын ичинен кездештире албадым» – деп жазат. Б. кыргыздарга сырттан таӊууланган кошумча ат болгон. Б. з. баш чендеринде Чыгыш Түркстан ж-а ага чектеш жайгашкан аймактарды кыргыздардын бир бөлүгү байырлап, «бурут» (кытайча «булу», «булутэ») деп аталган. Б. этнониминин аталышы, жаралашы, түпкү жалпылыгы, байланышы б-ча тарыхчы-окумуштуулардын (И. Я. Бичурин, В. Шотт, Ч. Валиханов, Н. Аристов, А. А. Абдыкалыков ж. б.) изилдөөлөрүндө бир беткей айтылган пикирлер жок.
'''БУРУТ '''– 17–18-кылымдарга чейин Цин-манжур ([[КЫТАЙ Эл Республикасы|Кытай]]), монгол тилдүү булактарда, орус авторлорунун эмгектеринде Теӊир-Тоо [[КЫРГЫЗДАР|кыргыздар]]ынын дагы бир аталышы. Алгач ойрот-кыргыздарды [[КАЛМАКТАР|калмактар]] Бурут деп аташып, алар аркылуу Кытай жазмаларына өткөн (кара: [[КЫТАЙ ТАРЫХЫЙ ДАРЕКТЕРИ|Кытай тарыхый даректери]]). Бирок, Ч. [[ВАЛИХАНОВ|Валиханов]]дун кыргыздардын тарыхына арналган  макалаларында кыргыздар кытайлар атагандай «бурут» деген атты таптакыр билишпегенин, бул сөздү алар (кыргыздар) такыр угушпагандыгын; «бурут» деген уруктун аталышын кыргыздардын ичинен кездештире албагандыгын жазат. Бурут кыргыздарга сырттан таӊууланган кошумча ат болгон. Биздин замандын баш чендеринде [[Чыгыш Түркстан]] жана ага чектеш жайгашкан аймактарды кыргыздардын бир бөлүгү байырлап, «бурут» (кытайча «булу», «булутэ») деп аталган. Бурут этнониминин аталышы, жаралашы, түпкү жалпылыгы, байланышы боюнча тарыхчы-окумуштуулардын (И. Я. [[БИЧУРИН|Бичурин]], В. Шотт, Ч. Валиханов, Н. [[АРИСТОВ Николай Александрович|Аристов]], А. А. Абдыкалыков ж. б.) изилдөөлөрүндө бир беткей айтылган пикирлер жок.
 
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в 5и томах. Т. 2. А.-А., 1985.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:58, 12 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы

БУРУТ – 17–18-кылымдарга чейин Цин-манжур (Кытай), монгол тилдүү булактарда, орус авторлорунун эмгектеринде Теӊир-Тоо кыргыздарынын дагы бир аталышы. Алгач ойрот-кыргыздарды калмактар Бурут деп аташып, алар аркылуу Кытай жазмаларына өткөн (кара: Кытай тарыхый даректери). Бирок, Ч. Валихановдун кыргыздардын тарыхына арналган макалаларында кыргыздар кытайлар атагандай «бурут» деген атты таптакыр билишпегенин, бул сөздү алар (кыргыздар) такыр угушпагандыгын; «бурут» деген уруктун аталышын кыргыздардын ичинен кездештире албагандыгын жазат. Бурут кыргыздарга сырттан таӊууланган кошумча ат болгон. Биздин замандын баш чендеринде Чыгыш Түркстан жана ага чектеш жайгашкан аймактарды кыргыздардын бир бөлүгү байырлап, «бурут» (кытайча «булу», «булутэ») деп аталган. Бурут этнониминин аталышы, жаралашы, түпкү жалпылыгы, байланышы боюнча тарыхчы-окумуштуулардын (И. Я. Бичурин, В. Шотт, Ч. Валиханов, Н. Аристов, А. А. Абдыкалыков ж. б.) изилдөөлөрүндө бир беткей айтылган пикирлер жок.

Ад.: Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в 5и томах. Т. 2. А.-А., 1985.