БУЛГАНЫЧ СУУЛАРДЫ ТАЗАЛОО: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУЛГАНЫЧ СУУЛАРДЫ ТАЗАЛОО ''' – адамдын чарба турмуш-тиричилик же өндүрүш иштеринен булганган | '''БУЛГАНЫЧ СУУЛАРДЫ ТАЗАЛОО ''' – адамдын чарба турмуш-тиричилик же өндүрүш иштеринен булганган жана калк жашаган жерден, өнөр жай ишканаларынан чыккан сууларды зыянсыздандыруу. Булганыч суулар адам денсоолугуна коркунучтуу; алар аркылуу ичеги карын жугуштуу оорулары таралат. Булганган суу кайра зыянсыз абалга келтирилип, аккан сууга, көлмөлөргө кошуу же айдоолорго пайдалануу үчүн тазаланат. Суунун булганычтыгына жараша механикалык (тундуруу, чыпкалоо), химиялык, биологиялык тазалоо ыкмалары колдонулат. Булганыч сууларды бөлүү, кайра иштетүү жана тазалоо маселелерин туура чечүү калктуу жерлерди санитария-эпидемиологиялык жактан коргоо, суу менен камсыз кылуу булагы катары ачык көлмөлөрдү колдонууга мүмкүндүк берет. Булганган сууларды тазалоодо табигый жана жасалма жолдор пайдаланылат. Табигый ыкмага тундуруу же биологиялык көлмөлөр, коммуналык чыпкалоо, сугат талаалары кирет. Жасалма ыкмада түрдүү сантехникалык каражаттар (торчолор, кум тоскучтар), тундурма бассейндер, биочыпкалар, аэрочыпкалар, ошондой эле хлор, озон, ультра-кызгылт көк нурларды таасир этүү менен тазаланат. Практикада сууну хлорлоо жолу кеӊири таралган. Хлордун өлчөмү суунун сапатына жана суу өткөргүчтүн өзгөчөлүгүнө жараша болот. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:31, 11 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
БУЛГАНЫЧ СУУЛАРДЫ ТАЗАЛОО – адамдын чарба турмуш-тиричилик же өндүрүш иштеринен булганган жана калк жашаган жерден, өнөр жай ишканаларынан чыккан сууларды зыянсыздандыруу. Булганыч суулар адам денсоолугуна коркунучтуу; алар аркылуу ичеги карын жугуштуу оорулары таралат. Булганган суу кайра зыянсыз абалга келтирилип, аккан сууга, көлмөлөргө кошуу же айдоолорго пайдалануу үчүн тазаланат. Суунун булганычтыгына жараша механикалык (тундуруу, чыпкалоо), химиялык, биологиялык тазалоо ыкмалары колдонулат. Булганыч сууларды бөлүү, кайра иштетүү жана тазалоо маселелерин туура чечүү калктуу жерлерди санитария-эпидемиологиялык жактан коргоо, суу менен камсыз кылуу булагы катары ачык көлмөлөрдү колдонууга мүмкүндүк берет. Булганган сууларды тазалоодо табигый жана жасалма жолдор пайдаланылат. Табигый ыкмага тундуруу же биологиялык көлмөлөр, коммуналык чыпкалоо, сугат талаалары кирет. Жасалма ыкмада түрдүү сантехникалык каражаттар (торчолор, кум тоскучтар), тундурма бассейндер, биочыпкалар, аэрочыпкалар, ошондой эле хлор, озон, ультра-кызгылт көк нурларды таасир этүү менен тазаланат. Практикада сууну хлорлоо жолу кеӊири таралган. Хлордун өлчөмү суунун сапатына жана суу өткөргүчтүн өзгөчөлүгүнө жараша болот.