«КОШЧУ» СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КОШЧУ» СОЮЗУ</b> – | <b type='title'>«КОШЧУ» СОЮЗУ</b> – Орто Азия аймагындагы ке­дей-дыйкан, жарды-жалчыларды тапка айлан­дыруу (к. <i>Марксизм, Коммунизм, Кыргызстан­да тап күрөшүнүн жүрүшү</i>) ж-а айыл жерлерин­деги Совет бийлигин чыңоо максатында уюшул­ган уюм. Ал эмгекчи дыйкандардын мүдөөсүн коргоо керек деген чечим м-н Түркстан КПнын 5-съездинде (1920, сентябрь) кабыл алынган. Анын негизинде 1921-жылы декабрда Ташкент шаарында «Кошчу» союзунун Бүткүл түркстандык 1-съезди өтүп, анда анын БКсы шайланган ж-а союздун милдети, уставы аныкталган. Бирок Совет бий­лиги аларга анча ишеним арткан эмес, кез-кез тазалоодон өткөрүлүп турган. Мисалы, 1925-жылы Кыргызстанда бул союзга киргендердин жалпы саны 55–60 миңге жетсе, 1926-жылы 36 миң мүчөсү кал­ган. «Кошчу» союзун түзүү м-н Совет өкмөтү аны иш жүзүндө кооперативтештирүү, жаңы экономикалык сая­сат, айыл чарба салыгын жыйноо, жер-суу реформа­сын, өзгөчө бай-манаптарды кулакка тартуу, ж. б. саясий иштеринде пайдаланган. Кыргыз облустук ВКП(б)нин 3-(1927, март) ж-а 5-(1929, январь) конференцияларынын чечимине ылайык ал өз ролун аткарып бүттү деген шылтоо м-н тараты­лып, анын милдети «жарды-жалчы» уюмуна жүктөлгөн. | ||
өтүп, анда анын БКсы шайланган ж-а союздун милдети, уставы аныкталган. Бирок Совет бий­лиги аларга анча ишеним арткан эмес, кез-кез тазалоодон өткөрүлүп турган. | |||
55–60 миңге жетсе, 1926- | |||
ролун аткарып бүттү деген шылтоо м-н тараты­лып, анын милдети «жарды-жалчы» уюмуна жүктөлгөн. | |||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
09:42, 10 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
«КОШЧУ» СОЮЗУ – Орто Азия аймагындагы кедей-дыйкан, жарды-жалчыларды тапка айландыруу (к. Марксизм, Коммунизм, Кыргызстанда тап күрөшүнүн жүрүшү) ж-а айыл жерлериндеги Совет бийлигин чыңоо максатында уюшулган уюм. Ал эмгекчи дыйкандардын мүдөөсүн коргоо керек деген чечим м-н Түркстан КПнын 5-съездинде (1920, сентябрь) кабыл алынган. Анын негизинде 1921-жылы декабрда Ташкент шаарында «Кошчу» союзунун Бүткүл түркстандык 1-съезди өтүп, анда анын БКсы шайланган ж-а союздун милдети, уставы аныкталган. Бирок Совет бийлиги аларга анча ишеним арткан эмес, кез-кез тазалоодон өткөрүлүп турган. Мисалы, 1925-жылы Кыргызстанда бул союзга киргендердин жалпы саны 55–60 миңге жетсе, 1926-жылы 36 миң мүчөсү калган. «Кошчу» союзун түзүү м-н Совет өкмөтү аны иш жүзүндө кооперативтештирүү, жаңы экономикалык саясат, айыл чарба салыгын жыйноо, жер-суу реформасын, өзгөчө бай-манаптарды кулакка тартуу, ж. б. саясий иштеринде пайдаланган. Кыргыз облустук ВКП(б)нин 3-(1927, март) ж-а 5-(1929, январь) конференцияларынын чечимине ылайык ал өз ролун аткарып бүттү деген шылтоо м-н таратылып, анын милдети «жарды-жалчы» уюмуна жүктөлгөн.