КОТУР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОТУР</b> – теринин жугуштуу оорусу. Кишинин | <b type='title'>КОТУР</b> – теринин жугуштуу оорусу. Кишинин ж-а жаныбарлардын денесине котур кенесинин киришинен пайда болот. Соо кишиге көбүнчө оорулуудан, кээде айбанаттан жугат. Кене те­риге киргенден 7–10 күн өткөндөн кийин баш­талат. Кене теринин жука жерине – салаалар­дын арасына, кол, буттун бүгүлгөн жука жери­не ж. б. кирип, мителик кылат. Териде ый­лаактаган кызгылт бүдүрлөр пайда болуп, түнкүсүн абдан кычышат. Оорулуу тырмана бе­рип, тери тытылып, инфекция түшүп ириңдүү жара пайда болот. Котур м-н ооруган киши врачка кайрылып, оорулуу м-н чогуу болгон кишини текшерүү оорунун таралышынын алдын алат. Ошондой эле алдын алууда жеке тазалыкты сактоо чоң мааниге ээ. Котур м а л д а – малдын денеси кычышып, териси сезгенет. Малды булганыч, нымдуу, суук, караңгы жайда кармоо, жетиш­сиз тоюттандыруу саркоптоздун пайда болушу­на өбөлгө түзөт. Жаш ж-а көтөрүм мал көп ылаңдайт. Кене малдын терисине (көбүнчө баш, моюн, далы, көчүк, чаткаягына) кирип, четки нервдерди дүүлүктүрүп, кычыштырат. Мал кы­чышкан жерин кашый берип, жүнү түшөт, те­риси күдүрөйүп, калыңданып катууланат. Ылаң­дуу малдын кунардуулугу кетип, арыктайт, төл жакшы өспөйт. Диагноз дарттын клиникалык белгилеринин ж-а микроскоп м-н изилдөөнүн негизинде коюлат. Дарылоо: койду дарылоодо ж-а таралып кетишин алдын алууда гексахло­ранкреолин эмульсиясы (гексалан, ТАП-85), уйду дарылоодо коллоиддүү күкүрттүн 3%түү сус­пензиясы, 20–25°С температурадагы котур самынынын 4–6%түү эритмеси куюлган ваннага салынат. 7–10 суткадан кийин дарылоо кайталанат. Мал­дын котур болгон жерине мурин майы, деготь майы (кара май) сүйкөлөт. Малды дарылоо м-н катар короо-сарай, шайман, атайын кийим дезакари­зацияланат. | ||
ж-а жаныбарлардын денесине | |||
чоң мааниге ээ. | |||
кычышып, териси сезгенет. Малды булганыч, нымдуу, суук, караңгы жайда кармоо, жетиш­сиз тоюттандыруу саркоптоздун пайда болушу­на өбөлгө түзөт. Жаш ж-а көтөрүм мал көп ылаңдайт. Кене малдын терисине (көбүнчө баш, моюн, далы, көчүк, | |||
4–6%түү эритмеси куюлган ваннага салынат. | |||
Ад.: <i>Сукеев Ш.</i> Малдын жугуштуу ылаңдары менен күрөшүүнүн чаралары. Ф., 1982. | Ад.: <i>Сукеев Ш.</i> Малдын жугуштуу ылаңдары менен күрөшүүнүн чаралары. Ф., 1982. | ||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
09:02, 9 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КОТУР – теринин жугуштуу оорусу. Кишинин ж-а жаныбарлардын денесине котур кенесинин киришинен пайда болот. Соо кишиге көбүнчө оорулуудан, кээде айбанаттан жугат. Кене териге киргенден 7–10 күн өткөндөн кийин башталат. Кене теринин жука жерине – салаалардын арасына, кол, буттун бүгүлгөн жука жерине ж. б. кирип, мителик кылат. Териде ыйлаактаган кызгылт бүдүрлөр пайда болуп, түнкүсүн абдан кычышат. Оорулуу тырмана берип, тери тытылып, инфекция түшүп ириңдүү жара пайда болот. Котур м-н ооруган киши врачка кайрылып, оорулуу м-н чогуу болгон кишини текшерүү оорунун таралышынын алдын алат. Ошондой эле алдын алууда жеке тазалыкты сактоо чоң мааниге ээ. Котур м а л д а – малдын денеси кычышып, териси сезгенет. Малды булганыч, нымдуу, суук, караңгы жайда кармоо, жетишсиз тоюттандыруу саркоптоздун пайда болушуна өбөлгө түзөт. Жаш ж-а көтөрүм мал көп ылаңдайт. Кене малдын терисине (көбүнчө баш, моюн, далы, көчүк, чаткаягына) кирип, четки нервдерди дүүлүктүрүп, кычыштырат. Мал кычышкан жерин кашый берип, жүнү түшөт, териси күдүрөйүп, калыңданып катууланат. Ылаңдуу малдын кунардуулугу кетип, арыктайт, төл жакшы өспөйт. Диагноз дарттын клиникалык белгилеринин ж-а микроскоп м-н изилдөөнүн негизинде коюлат. Дарылоо: койду дарылоодо ж-а таралып кетишин алдын алууда гексахлоранкреолин эмульсиясы (гексалан, ТАП-85), уйду дарылоодо коллоиддүү күкүрттүн 3%түү суспензиясы, 20–25°С температурадагы котур самынынын 4–6%түү эритмеси куюлган ваннага салынат. 7–10 суткадан кийин дарылоо кайталанат. Малдын котур болгон жерине мурин майы, деготь майы (кара май) сүйкөлөт. Малды дарылоо м-н катар короо-сарай, шайман, атайын кийим дезакаризацияланат.
Ад.: Сукеев Ш. Малдын жугуштуу ылаңдары менен күрөшүүнүн чаралары. Ф., 1982.