КОТОРУШТУРУП ЭГҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОТОРУШТУРУП ЭГҮҮ</b> – а. ч. өсүмдүктөрүн ил.
<b type='title'>КОТОРУШТУРУП ЭГҮҮ</b> – айыл чарба өсүмдүктөрүн илимий негизде мезгил-мезгили м-н алмаштырып себүү. Которуштуруп  эгүү жерди иштетүү, жер семирткичтерди пай&shy;далануу, топурак эрозиясы, зыянкеч, илдет ж. б. м-н күрөшүүгө байланыштуу болот. Которуштуруп  эгүү топу&shy;рактын күрдүүлүгүн, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттырууда зор мааниге ээ. Эгилүүчү өсүмдүктүн түрүнө жараша 3 типке бөлүнөт: талаа которуштуруп  эгүү, тоют өсүмдүктөрүн которуштуруп  эгүү ж-а атайын Которуштуруп  эгүү. Т а&shy; л а а которуштуруп  эгүүдө аянттын көп бөлүгүн дан эгинде&shy;ри, картөшкө, техникалык өсүмдүктөр (күн карама, зыгыр, пахта ж. б.) ээлейт. Т о ю т ө с ү м&shy; д ү к т ө р ү н которуштуруп  эгүүдө аянттын көпчүлүк бөлүгүнө тоют өсүмдүктөрү эгилет. А т а й ы н которуштуруп  эгүүдө өсүмдүктүн бир эле түрү же атайын шарт м-н агротехниканы талап кылуучу өсүмдүктөр (жа&shy;шылча, тамеки, шалы ж. б.) эгилет. Которуштуруп  эгүү сис&shy;темасы бир нече түрдө долбоорлонуп, агрономиялык ж-а экономикалык жактан талданат. Ошонун натыйжа&shy;сында жергиликтүү аймак шартына ылайык эгилүүчү өсүмдүктөр аныкталат. Которуштуруп  эгүүнү иш жүзүнө ийги&shy;ликтүү ашырыш үчүн белгиленген агромелиора&shy;циялык иштерди өз убагында жүргүзүү, мыкты сорттогу үрөн алууну уюштуруу, агротехникалык иш чараларды аткаруу зарыл. Которуштуруп  эгүү системасы айыл чарба илими м-н алдынкы тажрыйбанын жетишкен&shy;диктеринин негизинде улам жакшыртылып ту&shy;рат. Жыл сайын бир эле аянтка өсүмдүктүн бир эле түрүн эгүү ошол өсүмдүк үчүн зыяндуу отоо чөптөрдун көбөйүшүнө алып келет, Мисалы, жаз&shy;гы дан эгиндерин <i>кайталап</i> эгүүдө кара сулу, чирче ж. б. көбөйөт. Ал эми жаздык эгиндерди күздүк эгиндер м-н алмаштырып эгүү мындай отоо чөптөрдүн көбөйүшүнө жол бербейт, эгин аянты таза болот, өзгөчө күн карама, зыгыр, уй бедени кайталап себүүгө болбойт. Которуштуруп  эгүүдө химиялык дары-дармектерди пайдалануу отоо чөптөргө каршы күрөштү жеңилдетет. Которуштуруп  эгүү туура жүргүзүл&shy;бөсө, зыянкеч м-н илдет козгогучтар да көбөйөт. Мисалы, күздүк буудайды дайыма бир жерге эгүүдө тамыр чириги, зыгырды эгүүдө фузариоз, кар&shy;төшкөнү эгүүдө фитофтороз ж. б. көбөйөт. Ошон&shy;дуктан которуштуруп  эгүү илимий жактан негизделген система боюнча жүргүзүлөт.
негизде мезгил-мезгили м-н алмаштырып себүү. К. э. жерди иштетүү, жер семирткичтерди пай&shy;далануу, топурак эрозиясы, зыянкеч, илдет ж. б. м-н күрөшүүгө байланыштуу болот. К. э. топу&shy;рактын күрдүүлүгүн, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттырууда зор мааниге ээ. Эгилүүчү өсүмдүктүн түрүнө жараша 3 типке бөлүнөт: талаа К. э., тоют өсүмдүктөрүн К. э. ж-а атайын К. э. Т а&shy;л а а К. э-дө аянттын көп бөлүгүн дан эгинде&shy;ри, картөшкө, тех. өсүмдүктөр (күн карама,
 
 
зыгыр, пахта ж. б.) ээлейт. Т о ю т ө с ү м&shy;д ү к т ө р ү н К. э-дө аянттын көпчүлүк бөлүгүнө тоют өсүмдүктөрү эгилет. А т а й ы н К. э-дө
өсүмдүктүн бир эле түрү же атайын шарт м-н
агротехниканы талап кылуучу өсүмдүктөр (жа&shy;шылча, тамеки, шалы ж. б.) эгилет. К. э. сис&shy;темасы бир нече түрдө долбоорлонуп, агрон. ж-а экон. жактан талданат. Ошонун натыйжа&shy;сында жерг. аймак шартына ылайык эгилүүчү
өсүмдүктөр аныкталат. К. э-нү иш жүзүнө ийги&shy;ликтүү ашырыш үчүн белгиленген агромелиора&shy;циялык иштерди өз убагында жүргүзүү, мыкты сорттогу үрөн алууну уюштуруу, агротех. иш
чараларды аткаруу зарыл. К. э. системасы а. ч. илими м-н алдынкы тажрыйбанын жетишкен&shy;диктеринин негизинде улам жакшыртылып ту&shy;рат. Жыл сайын бир эле аянтка өсүмдүктүн бир эле түрүн эгүү ошол өсүмдүк үчүн зыяндуу отоо
чөптөрдун көбөйүшүнө алып келет, Мис., жаз&shy;гы дан эгиндерин <i>кайталап</i> эгүүдө кара сулу,
чирче ж. б. көбөйөт. Ал эми жаздык эгиндерди
күздүк эгиндер м-н алмаштырып эгүү мындай отоо чөптөрдүн көбөйүшүнө жол бербейт, эгин аянты таза болот, өзгөчө күн карама, зыгыр, уй бедени кайталап себүүгө болбойт. К. э-дө хим. дары-дармектерди пайдалануу отоо чөптөргө каршы күрөштү жеңилдетет. К. э. туура жүргүзүл&shy;бөсө, зыянкеч м-н илдет козгогучтар да көбөйөт. Мис., күздүк буудайды дайыма бир жерге эгүүдө тамыр чириги, зыгырды эгүүдө фузариоз, кар&shy;төшкөнү эгүүдө фитофтороз ж. б. көбөйөт. Ошон&shy;дуктан К. э. ил. жактан негизделген система б-ча жүргүзүлөт.




Ад.: <i>Воробьев С. А.</i> Основы полевых севооборотов, М., 1972.
Ад.: <i>Воробьев С. А.</i> Основы полевых севооборотов, М., 1972.
[[Категория:4-том,_453-496_бб]]
[[Категория:4-том,_453-496_бб]]

08:57, 9 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы

КОТОРУШТУРУП ЭГҮҮ – айыл чарба өсүмдүктөрүн илимий негизде мезгил-мезгили м-н алмаштырып себүү. Которуштуруп эгүү жерди иштетүү, жер семирткичтерди пай­далануу, топурак эрозиясы, зыянкеч, илдет ж. б. м-н күрөшүүгө байланыштуу болот. Которуштуруп эгүү топу­рактын күрдүүлүгүн, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттырууда зор мааниге ээ. Эгилүүчү өсүмдүктүн түрүнө жараша 3 типке бөлүнөт: талаа которуштуруп эгүү, тоют өсүмдүктөрүн которуштуруп эгүү ж-а атайын Которуштуруп эгүү. Т а­ л а а которуштуруп эгүүдө аянттын көп бөлүгүн дан эгинде­ри, картөшкө, техникалык өсүмдүктөр (күн карама, зыгыр, пахта ж. б.) ээлейт. Т о ю т ө с ү м­ д ү к т ө р ү н которуштуруп эгүүдө аянттын көпчүлүк бөлүгүнө тоют өсүмдүктөрү эгилет. А т а й ы н которуштуруп эгүүдө өсүмдүктүн бир эле түрү же атайын шарт м-н агротехниканы талап кылуучу өсүмдүктөр (жа­шылча, тамеки, шалы ж. б.) эгилет. Которуштуруп эгүү сис­темасы бир нече түрдө долбоорлонуп, агрономиялык ж-а экономикалык жактан талданат. Ошонун натыйжа­сында жергиликтүү аймак шартына ылайык эгилүүчү өсүмдүктөр аныкталат. Которуштуруп эгүүнү иш жүзүнө ийги­ликтүү ашырыш үчүн белгиленген агромелиора­циялык иштерди өз убагында жүргүзүү, мыкты сорттогу үрөн алууну уюштуруу, агротехникалык иш чараларды аткаруу зарыл. Которуштуруп эгүү системасы айыл чарба илими м-н алдынкы тажрыйбанын жетишкен­диктеринин негизинде улам жакшыртылып ту­рат. Жыл сайын бир эле аянтка өсүмдүктүн бир эле түрүн эгүү ошол өсүмдүк үчүн зыяндуу отоо чөптөрдун көбөйүшүнө алып келет, Мисалы, жаз­гы дан эгиндерин кайталап эгүүдө кара сулу, чирче ж. б. көбөйөт. Ал эми жаздык эгиндерди күздүк эгиндер м-н алмаштырып эгүү мындай отоо чөптөрдүн көбөйүшүнө жол бербейт, эгин аянты таза болот, өзгөчө күн карама, зыгыр, уй бедени кайталап себүүгө болбойт. Которуштуруп эгүүдө химиялык дары-дармектерди пайдалануу отоо чөптөргө каршы күрөштү жеңилдетет. Которуштуруп эгүү туура жүргүзүл­бөсө, зыянкеч м-н илдет козгогучтар да көбөйөт. Мисалы, күздүк буудайды дайыма бир жерге эгүүдө тамыр чириги, зыгырды эгүүдө фузариоз, кар­төшкөнү эгүүдө фитофтороз ж. б. көбөйөт. Ошон­дуктан которуштуруп эгүү илимий жактан негизделген система боюнча жүргүзүлөт.


Ад.: Воробьев С. А. Основы полевых севооборотов, М., 1972.