БОТБАЕВ Махмуд: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(6 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОТБАЕВ ''' Махмуд (1898, Кетмен-Төбө өрөөнү, Ак-Чий – Кара-Суу айылы – 1981, Токтогул шаарчасы) – Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышуучу, алгачкы агартуучулардан. Жерг. Орус-тузем мектебин, Ташкенттеги мугалимдерди даярдоо курсун (1920), Ташкенттеги политех. техникумду (1930) бүтүргөн. 1919–24-ж. Токтогул р-нундагы Мустөр болуштугунун аткомунун катчысы болуп иштеген ж-а жерг. элден кошуун түзүп, басмачыларды талкалоого катышкан. Кетмен-Төбө өрөөнүндө мугалим, Фергана обл. эл агартуу бөлүмүндө инспектор, Наманган уездинде мугалимдерди даярдоо курсунда окутуучу, партиянын Кетмен-Төбө райкомунун секретары ж-а райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы, 1924-ж. Кара Кыргыз Автономиялуу обл-нун убактылуу уюштуруу бюросунун ж-а Кара Кыргыз АОсунун ревкомунун мүчөсү болгон. 1924–27-ж. Жалал-Абад кантонунун үгүт бөлүмүнүн башчысы, 1927–28-ж. кантондук аткаруу к-тинин төрагасы, жер-суу реформасын жүргүзүү б-ча комиссиянын төрагасынын орун басары (төрагасы – Т. ''Айтматов''), 1928–37-ж. «Кошчу» союзунда жооптуу катчы, Кетмен-Төбө р-ндук аткомунун төрагасынын орун басары ж. б. жооптуу кызматтарда иштеген. 1937–40-ж. репрессияланып, 1940-ж. акталган. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган. Ысмы Токтогул ш-часынын бир көчөсүнө берилген.
'''БОТБАЕВ ''' Махмуд (1898, [[Россия импреиясы|Россия империясы]], [[Түркстан генерал-губернаторлугу]], [[АНЖИЯН УЕЗДИ|Анжиян уезди]], Кең-Кол-Каракыр болуштугу – 1981, [[Токтогул шаарчасы]]) – Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышуучу, алгачкы агартуучулардан. Жергиликтүү орус-тузем мектебин, [[Ташкент]]теги мугалимдерди даярдоо курсун (1920), Ташкенттеги политехникалык техникумду (1930) бүтүргөн. 1919–1924-жылдары [[ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ|Жалал-Абад]] округунун Кетмен-Төбө, Мустөр болуштуктарында аткомунун катчысы болуп иштеген жана жергиликтүү элден кошуун түзүп, басмачыларды талкалоого катышкан. Кетмен-Төбө өрөөнүндө мугалим, Фергана облусунун эл агартуу бөлүмүндө инспектор, Наманган уездинде мугалимдерди даярдоо курсунда окутуучу, партиянын Кетмен-Төбө райкомунун катчысы жана райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы, 1924-жылы [[КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУ|Кара Кыргыз Автономиялуу облусу]]нун убактылуу уюштуруу бюросунун жана Кара Кыргыз Автономиялык облусунун ревкомунун мүчөсү болгон. 1924–1927-жылдары Жалал-Абад кантонунун үгүт бөлүмүнүн башчысы, 1927–1928-жылдары кантондук аткаруу комитетинин төрагасы, жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары (төрагасы – Т. [[АЙТМАТОВ Төрөкул|Айтматов]]), 1928–1937-жылдары [[«КОШЧУ» СОЮЗУ|«Кошчу» союзу]]нда жооптуу катчы, Кетмен-Төбө райондук аткомунун төрагасынын орун басары жана башка жооптуу кызматтарда иштеген. 1937–1940-жылдары репрессияланып, 1940-жылы акталган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Ысмы Токтогул шаарчасынын бир көчөсүнө берилген.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:40, 8 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы

БОТБАЕВ Махмуд (1898, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Анжиян уезди, Кең-Кол-Каракыр болуштугу – 1981, Токтогул шаарчасы) – Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышуучу, алгачкы агартуучулардан. Жергиликтүү орус-тузем мектебин, Ташкенттеги мугалимдерди даярдоо курсун (1920), Ташкенттеги политехникалык техникумду (1930) бүтүргөн. 1919–1924-жылдары Жалал-Абад округунун Кетмен-Төбө, Мустөр болуштуктарында аткомунун катчысы болуп иштеген жана жергиликтүү элден кошуун түзүп, басмачыларды талкалоого катышкан. Кетмен-Төбө өрөөнүндө мугалим, Фергана облусунун эл агартуу бөлүмүндө инспектор, Наманган уездинде мугалимдерди даярдоо курсунда окутуучу, партиянын Кетмен-Төбө райкомунун катчысы жана райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы, 1924-жылы Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун убактылуу уюштуруу бюросунун жана Кара Кыргыз Автономиялык облусунун ревкомунун мүчөсү болгон. 1924–1927-жылдары Жалал-Абад кантонунун үгүт бөлүмүнүн башчысы, 1927–1928-жылдары кантондук аткаруу комитетинин төрагасы, жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары (төрагасы – Т. Айтматов), 1928–1937-жылдары «Кошчу» союзунда жооптуу катчы, Кетмен-Төбө райондук аткомунун төрагасынын орун басары жана башка жооптуу кызматтарда иштеген. 1937–1940-жылдары репрессияланып, 1940-жылы акталган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Ысмы Токтогул шаарчасынын бир көчөсүнө берилген.