КОТОРМО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОТОРМО</b> (көркөм) – адабий | <b type='title'>КОТОРМО</b> (көркөм) – адабий чыгармачылыктын бир түрү; бир тилдеги чыгарманын экинчи тилдин каражаты м-н кайра жаралышы. Бул котормонун не­гизги түрү. Анын мындан башка сөзмө-сөз (под­строчный), эркин, илимий так котормо сыяктуу түр­лөрү бар. Котормо өнөрүнө тиешелүү тармакты котор­мочу практиктер ж-а теоретиктер деп ажырата­быз. Практиктер түздөн-түз котормочулук м-н алектенгендер: мис., К. <i>Тыныстанов,</i> К. <i>Баяли­нов,</i> У. <i>Абдукаимов,</i> А. <i>Осмонов,</i> С. <i>Бектурсу­нов,</i> О. <i>Орозбаев,</i> С. <i>Эралиев,</i> Ч. <i>Айтматовдор</i> көркөм котормо тажрыйбасына (практикасына) чоң салым кошуп, чебер котормочулар ж-а бул өнөр­дүн баштоочулары катары белгилүү. Котормо тажрый­басына таянуу аркылуу теориялык жоболорду, прин­циптерди иштеп чыккан теоретиктердин ката­рына К. Чуковский, М. Рылевский, П. Анто­кольский, М. Ауэзов, Е. Эткинд, И. Кашкин, Г. Гачечиладзе, Вс. Россельс ж. б. киргизүүгө болот. Кыргызстанда К. Жийдеева, Д. Кулбатыров, Ч. Жолдошева ж. б. котормо теориясына кай­рылышкан. Көркөм котормонун өзгөчөлүгү жалпы эле котормо ичинен алган орду ж-а адабий чыгармачылык м-н болгон өтмө катыштыгы аркылуу аныкталат. Көркөм котормо тилде коммуникациялык эле эмес, эстетикалык да милдет аткарат. Ушул себептүү көркөм котормо маселеси искусство жаатына кирип, анын мыйзамдарына баш иет. Ал оригиналдуу чыгармачылыктын объектисине – которулуп жаткан чы­гармага көз каранды болгондугу м-н айырмала­нат. Котормого ар кайсы доордо ар кандай мазмун берилип, анын улуттук адабият м-н карым-каты­шы ар башка түшүнүлүп келгендиктен, котормо та­рыхый түшүнүк катары да каралат. Көркөм котормонун тарыхы ар бир өлкөнүн адабият тарыхынын органикалык бөлүгүн түзөт. Ал жөнүндөгү байыртан азыр­кыга чейинки көз караштардын тарыхын са­лыштырып көргөндө эки түрдүү талаптын бар экени байкалат; бири текстти түп нускага жа­кындатып которуу, экинчиси – текстти өз окур­манына ылайыктап которуу. Бул талаптардын ролу ар кайсы доордо ар башка болгон. Мисалы, орто кылымда Европада «Библия» ж. б. диний ки­тептер жаңы тилдерге сөзмө сөз которулган бол­со, 16–18-кылымдарда котормону классикалык нормаларга ылайыктоо, кийинчерээк улуттук өзгөчөлүк­төргө кызыгуу күч алганына байланыштуу кө­бүнчө оригиналга жакындатып которуу башкы талапка айланган. Ар тараптуу котормочулук таж­рыйбанын жайылышы, тил илиминин өркүн­дөшү жогорудагы эки талапты бири бирине ка­рама-каршы койбой, аларды кыйыштыруу жөнүндө туура теориялык жыйынтык чыгарды. Натый­жада котормонун объектисине кылдат мамиле жасап, түп нусканын мазмуну м-н формасынын бирди­гин, улуттук ж-а жеке өзгөчөлүгүн сактап, аны нукура искусстволук чыгарма катары кайра жара­туу керек деген талап калыптанды. Кыргызда көркөм котормо Октябрь революциясына чейин эле <i>«Миң бир түн»,</i> «Куран», <i>«Шахнаме», «Кыз Жибек»,</i> «Көр уулу» сыяктуу чыгармалар ар кайсы тил­ден оозеки которулуп, элге оозеки таралган. Бирок кыргыз көркөм котормосу расмий түрдө 1924- жылдан К. Тыныстановдун «Интернационалды» которушу м-н башталат. Б. Солтоноев Л. Тол­стойдун «Пил жана бугу» деген аңгемесин ыр түрүндө кыргызчалаган, бирок, ал эч жерде жа­рыяланган эмес. Алгачкы котормолорду К. <i>Баялинов,</i> С. <i>Карачев,</i> Х. <i>Карасаев</i> ж. б. ишке ашыр­ган. Кыргыз көркөм котормосун калыпка салуудагы ж-а өрчүтүүдөгү негизги роль А. <i>Осмонов,</i> С. <i>Бек­турсунов,</i> У. <i>Абдукаимов,</i> К. <i>Эшмамбетов,</i> М. <i>Абдукаримов,</i> О. <i>Орозбаев,</i> К. <i>Саякбаевдерге</i> таандык. Көркөм котормо өнөрү 1934-жылы СССР жазуу­чуларынын 1-съездине даярдык көрүү мезгилинде ж-а андан кийин бир кыйла жанданган. 1933–38-жылдардын аралыгында Кыргызстанда барды­гы болуп 111 китеп чыкса, анын ичинен 70и котормо болгон. Ал эми кыргыз тилинен орус тилине которуу 1958-жылы кыргыз адабияты м-н искусствосунун Москвадагы он күндүгүнө карата ишке ашы­рылган. СССР учурунда котормо маселесине өтө чоң көңүл бурулган. Мисалы, бир гана 1953-жылы котор­мо адабият 44,6%ти түзгөн. 1960-жылдардан тарта көркөм котормонун теориясы м-н практикасын изилдеген эмгектер чыга баштаган. Көркөм котормо элдер ортосундагы достукту, кызматташтык­ты өнүктүрүүдө маанилүү курал болуп саналат. Ал улуттук маданият м-н адабияттын мазмунун ж-а формасын кеңитип, жаңы жанрлар м-н ба­йытат. | ||
түрү; бир тилдеги чыгарманын экинчи тилдин каражаты м-н кайра жаралышы. Бул | |||
Ч. Жолдошева ж. б. котормо теориясына кай­рылышкан. Көркөм | |||
ылайыктоо, кийинчерээк улуттук өзгөчөлүк­төргө кызыгуу күч алганына байланыштуу кө­бүнчө оригиналга жакындатып которуу башкы талапка айланган. Ар тараптуу | |||
«Көр уулу» сыяктуу чыгармалар ар кайсы тил­ден оозеки которулуп, элге оозеки таралган. Бирок кыргыз көркөм | |||
Ад.: <i>Кулбатыров Д.</i> Көркөм котормодогу чебер­чилик маселелери. Ф., 1974; <i>Жолдошева Ч.</i> Киргиз­ская проза в русских переводах. Ф., 1977. | Ад.: <i>Кулбатыров Д.</i> Көркөм котормодогу чебер­чилик маселелери. Ф., 1974; <i>Жолдошева Ч.</i> Киргиз­ская проза в русских переводах. Ф., 1977. | ||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
10:23, 8 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КОТОРМО (көркөм) – адабий чыгармачылыктын бир түрү; бир тилдеги чыгарманын экинчи тилдин каражаты м-н кайра жаралышы. Бул котормонун негизги түрү. Анын мындан башка сөзмө-сөз (подстрочный), эркин, илимий так котормо сыяктуу түрлөрү бар. Котормо өнөрүнө тиешелүү тармакты котормочу практиктер ж-а теоретиктер деп ажыратабыз. Практиктер түздөн-түз котормочулук м-н алектенгендер: мис., К. Тыныстанов, К. Баялинов, У. Абдукаимов, А. Осмонов, С. Бектурсунов, О. Орозбаев, С. Эралиев, Ч. Айтматовдор көркөм котормо тажрыйбасына (практикасына) чоң салым кошуп, чебер котормочулар ж-а бул өнөрдүн баштоочулары катары белгилүү. Котормо тажрыйбасына таянуу аркылуу теориялык жоболорду, принциптерди иштеп чыккан теоретиктердин катарына К. Чуковский, М. Рылевский, П. Антокольский, М. Ауэзов, Е. Эткинд, И. Кашкин, Г. Гачечиладзе, Вс. Россельс ж. б. киргизүүгө болот. Кыргызстанда К. Жийдеева, Д. Кулбатыров, Ч. Жолдошева ж. б. котормо теориясына кайрылышкан. Көркөм котормонун өзгөчөлүгү жалпы эле котормо ичинен алган орду ж-а адабий чыгармачылык м-н болгон өтмө катыштыгы аркылуу аныкталат. Көркөм котормо тилде коммуникациялык эле эмес, эстетикалык да милдет аткарат. Ушул себептүү көркөм котормо маселеси искусство жаатына кирип, анын мыйзамдарына баш иет. Ал оригиналдуу чыгармачылыктын объектисине – которулуп жаткан чыгармага көз каранды болгондугу м-н айырмаланат. Котормого ар кайсы доордо ар кандай мазмун берилип, анын улуттук адабият м-н карым-катышы ар башка түшүнүлүп келгендиктен, котормо тарыхый түшүнүк катары да каралат. Көркөм котормонун тарыхы ар бир өлкөнүн адабият тарыхынын органикалык бөлүгүн түзөт. Ал жөнүндөгү байыртан азыркыга чейинки көз караштардын тарыхын салыштырып көргөндө эки түрдүү талаптын бар экени байкалат; бири текстти түп нускага жакындатып которуу, экинчиси – текстти өз окурманына ылайыктап которуу. Бул талаптардын ролу ар кайсы доордо ар башка болгон. Мисалы, орто кылымда Европада «Библия» ж. б. диний китептер жаңы тилдерге сөзмө сөз которулган болсо, 16–18-кылымдарда котормону классикалык нормаларга ылайыктоо, кийинчерээк улуттук өзгөчөлүктөргө кызыгуу күч алганына байланыштуу көбүнчө оригиналга жакындатып которуу башкы талапка айланган. Ар тараптуу котормочулук тажрыйбанын жайылышы, тил илиминин өркүндөшү жогорудагы эки талапты бири бирине карама-каршы койбой, аларды кыйыштыруу жөнүндө туура теориялык жыйынтык чыгарды. Натыйжада котормонун объектисине кылдат мамиле жасап, түп нусканын мазмуну м-н формасынын бирдигин, улуттук ж-а жеке өзгөчөлүгүн сактап, аны нукура искусстволук чыгарма катары кайра жаратуу керек деген талап калыптанды. Кыргызда көркөм котормо Октябрь революциясына чейин эле «Миң бир түн», «Куран», «Шахнаме», «Кыз Жибек», «Көр уулу» сыяктуу чыгармалар ар кайсы тилден оозеки которулуп, элге оозеки таралган. Бирок кыргыз көркөм котормосу расмий түрдө 1924- жылдан К. Тыныстановдун «Интернационалды» которушу м-н башталат. Б. Солтоноев Л. Толстойдун «Пил жана бугу» деген аңгемесин ыр түрүндө кыргызчалаган, бирок, ал эч жерде жарыяланган эмес. Алгачкы котормолорду К. Баялинов, С. Карачев, Х. Карасаев ж. б. ишке ашырган. Кыргыз көркөм котормосун калыпка салуудагы ж-а өрчүтүүдөгү негизги роль А. Осмонов, С. Бектурсунов, У. Абдукаимов, К. Эшмамбетов, М. Абдукаримов, О. Орозбаев, К. Саякбаевдерге таандык. Көркөм котормо өнөрү 1934-жылы СССР жазуучуларынын 1-съездине даярдык көрүү мезгилинде ж-а андан кийин бир кыйла жанданган. 1933–38-жылдардын аралыгында Кыргызстанда бардыгы болуп 111 китеп чыкса, анын ичинен 70и котормо болгон. Ал эми кыргыз тилинен орус тилине которуу 1958-жылы кыргыз адабияты м-н искусствосунун Москвадагы он күндүгүнө карата ишке ашырылган. СССР учурунда котормо маселесине өтө чоң көңүл бурулган. Мисалы, бир гана 1953-жылы котормо адабият 44,6%ти түзгөн. 1960-жылдардан тарта көркөм котормонун теориясы м-н практикасын изилдеген эмгектер чыга баштаган. Көркөм котормо элдер ортосундагы достукту, кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү курал болуп саналат. Ал улуттук маданият м-н адабияттын мазмунун ж-а формасын кеңитип, жаңы жанрлар м-н байытат.
Ад.: Кулбатыров Д. Көркөм котормодогу чеберчилик маселелери. Ф., 1974; Жолдошева Ч. Киргизская проза в русских переводах. Ф., 1977.