БӨРҮБАШОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БӨРҮБАШОВ''' Бекбосун Ишенбекович (22. 4. 1955 | '''БӨРҮБАШОВ''' Бекбосун Ишенбекович (22. 4. 1955, [[СССР]], [[КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (КР)|Кыргыз ССРи]], [[Ысык-Көл облусу]], [[Түп району]], [[Токтоян айылы]]) – юрист, юридика илимдеринин доктору (2009), тарых илимдеринин кандидаты (1989), профессор (2015), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (2021). СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (КМУ) тарых факультетин (1982), юридика факультетин (1997) бүтүргөн. 1982–1992-жылдары КМУнун саясий тарых кафедрасынын улук окутуучусу, доценти, 1992–1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин академиясында коомдук-саясий дисциплиналар кафедрасынын, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1999–2002-жылдары Казак Укук жана эл аралык мамилелер институтунун (KIPMO) Бишкек филиалынын директору, 1998–2007-жылдары доцент, [[КЫРГЫЗ-РОССИЯ СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИ|Кыргыз-Россия Славян университети]]нин юридика факультетинде мамлекет, укук теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору, 2007–2021-жылдары эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы, 2021-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси. 2010–2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Конституциялык Кеңешмесинин мүчөсү, 2020–2021жылдары төрагасы. 2021–2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, 2025-жылдан Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы. 170дей илимий эмгектин (анын ичинен 9 монография, 7 окуу китеби) автору. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:09, 8 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
БӨРҮБАШОВ Бекбосун Ишенбекович (22. 4. 1955, СССР, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл облусу, Түп району, Токтоян айылы) – юрист, юридика илимдеринин доктору (2009), тарых илимдеринин кандидаты (1989), профессор (2015), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (2021). СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (КМУ) тарых факультетин (1982), юридика факультетин (1997) бүтүргөн. 1982–1992-жылдары КМУнун саясий тарых кафедрасынын улук окутуучусу, доценти, 1992–1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин академиясында коомдук-саясий дисциплиналар кафедрасынын, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1999–2002-жылдары Казак Укук жана эл аралык мамилелер институтунун (KIPMO) Бишкек филиалынын директору, 1998–2007-жылдары доцент, Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетинде мамлекет, укук теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору, 2007–2021-жылдары эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы, 2021-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси. 2010–2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Конституциялык Кеңешмесинин мүчөсү, 2020–2021жылдары төрагасы. 2021–2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, 2025-жылдан Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы. 170дей илимий эмгектин (анын ичинен 9 монография, 7 окуу китеби) автору.