БОРОНОВ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОРОНОВ ''' Кубатбек Айылчиевич (15. 12. 1964- | '''БОРОНОВ ''' Кубатбек Айылчиевич (15. 12. 1964-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Зергер айылы) – генерал-майор (2014). 1991-жылы ФПИни бүткөн. 1991–1992-жылдарда СМУ-9 «Фрунзе курулуш» трестинде кыш куюучу, 1992–1998-жылдарда «Кыргыз курулуш» АКга караштуу «Курулуш токой комплект» өндүрүштүк бирикмесинин инженери, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы, 1998–2000-жылдарда «Кыргыз курулуш» АКнын жыгач иштетүүчү заводунун директору, 2001–2002-жылдарда «Гөктург» ЖЧКнын директорунун орун басары, 2003-жылы КРдин Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу штабынын пландоо, экономика жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, 2003–2006-жылдарда материалдык-техникалык камсыздоо боюнча жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2006–2008-жылдарда түндүк аймактар аралык дирекциясынын башчысынын орун басары, 2009–2010-жылдарда КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башчысы, 2010-жылы КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору, 2011-жылы КРдин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, 2011-жылдан министри, 2018–2020-жылдары КРдин биринчи вице-премьер-министри, 2020-жылы КРдин Премьер-министри болуп иштеген. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:28, 8 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
БОРОНОВ Кубатбек Айылчиевич (15. 12. 1964-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Зергер айылы) – генерал-майор (2014). 1991-жылы ФПИни бүткөн. 1991–1992-жылдарда СМУ-9 «Фрунзе курулуш» трестинде кыш куюучу, 1992–1998-жылдарда «Кыргыз курулуш» АКга караштуу «Курулуш токой комплект» өндүрүштүк бирикмесинин инженери, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы, 1998–2000-жылдарда «Кыргыз курулуш» АКнын жыгач иштетүүчү заводунун директору, 2001–2002-жылдарда «Гөктург» ЖЧКнын директорунун орун басары, 2003-жылы КРдин Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу штабынын пландоо, экономика жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, 2003–2006-жылдарда материалдык-техникалык камсыздоо боюнча жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2006–2008-жылдарда түндүк аймактар аралык дирекциясынын башчысынын орун басары, 2009–2010-жылдарда КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башчысы, 2010-жылы КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору, 2011-жылы КРдин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, 2011-жылдан министри, 2018–2020-жылдары КРдин биринчи вице-премьер-министри, 2020-жылы КРдин Премьер-министри болуп иштеген.