КОРУМДУ (Түп районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

29 май 2026, саат 10:16 учурдагы соңку нуска

КОРУМДУ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Талды-Суу айыл округуна караштуу. Түп өрөөнүнүн түндүгүндө, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Түп – Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1725 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 15 км түндүк-чы­гыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 210 км. Калкы 2232 (2022); негизинен мал м-н алекте­нет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.