КОҢУРАТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОҢУРАТ</b> – кыргыз урууларынын бири. Сан­жыра | <b type='title'>КОҢУРАТ</b> – кыргыз урууларынын бири. Сан­жыра боюнча кыргыздын <i>оң канат, сол канат</i> ж-а <i>ичкилик</i> уруулар тобуна кирбеген, өз ал­дынча уруулардан болуп саналат. Генеалогиялык ула­мышта легендарлуу <i>Адигине-Тагайдын Наалы эжесинин</i> коңур (коңур кула, коңур ала) аты­нын байгесине бир бала тийип, андан тараган­дар ошол аттын түсүнө байланыштуу коңурат деп ата­лып калганы айтылат. Коңураттардын мындай ата­лышы байыркы кытай хроникаларында да эс­керилип, кыргыздарга (хягас) коңшу көчмөн уруулар жашап, минген аты кула болгон­дуктан, алардын өлкөсү йелочжи, бюньма, била (Н. <i>Бичурин</i> «саврасый» – «кула» деп которсо, Н. <i>Аристов</i> «пегий» – «ала» деп окуган) деп аталганы жөнүндө маалыматтар бар. Ал эми <i>Ба­лыкооздун</i> санжырасында байыркы мезгилде кыргызды Ороз, 19 уруу коңуратты Сарыбай нойон бийлеп, бул экөө <i>жедигер</i>, тайчык, ногой, кы­тай, <i>катаган</i>, калча ж. б. урууларды кыргызга бириктирип, бир хандык түзүшкөн. С. <i>Абрам­зон</i> коңуратты (хонкират) моңголдорго тектеш уруу­лар, кыргыздын этностук тобуна 12–14-кылымдарда кир­ген деп эсептейт. Кыргыздын генеалогиясын изилдөөчүлөр кыпчак, мундуз, каңды, кушчу­лар м-н кошо коңураттарды да байыркы уруулардын катарына киргизишет. <i>«Мажму ат-Таварихте»</i> 92 боолуу өзбектин (илатийа) бир уруусу ката­ры эскерилет. Оозеки фольклор боюнча коңураттан та­ңатар, андан куттук, кечмелик деген уруулар бөлүнөт. Башка маалыматтарда бөрү, сасбак, чарык деген уруктарга тарап, негизинен Чүй облусу­нун Чүй, Кемин, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа ж. б. райондор­до турушат. Түштүк Кыргызстанда жашаган коңураттар өзүлөрүн ысык-көлдүк коңураттар м-н уруулаш деп эстешет. Мындан тышкары Өзбекстан, Казак­станда да коңурат аталган уруу жашайт. | ||
(Н. <i>Бичурин</i> «саврасый» – «кула» деп которсо, | |||
Н. <i>Аристов</i> «пегий» – «ала» деп окуган) деп | |||
аталганы | |||
чарык деген уруктарга тарап, негизинен Чүй | |||
өзүлөрүн ысык-көлдүк | |||
эстешет. Мындан тышкары Өзбекстан, Казак­станда да | |||
Ад.: <i>Солтоноев Б.</i> Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; <i>Эсенкул Төрөкан уулу.</i> Кыргыздын кыскача санжырасы. 1-том. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003. | Ад.: <i>Солтоноев Б.</i> Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; <i>Эсенкул Төрөкан уулу.</i> Кыргыздын кыскача санжырасы. 1-том. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003. | ||
| 12 сап: | 5 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Р. Жолдошов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Р. Жолдошов.</i></p> | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
03:58, 26 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОҢУРАТ – кыргыз урууларынын бири. Санжыра боюнча кыргыздын оң канат, сол канат ж-а ичкилик уруулар тобуна кирбеген, өз алдынча уруулардан болуп саналат. Генеалогиялык уламышта легендарлуу Адигине-Тагайдын Наалы эжесинин коңур (коңур кула, коңур ала) атынын байгесине бир бала тийип, андан тарагандар ошол аттын түсүнө байланыштуу коңурат деп аталып калганы айтылат. Коңураттардын мындай аталышы байыркы кытай хроникаларында да эскерилип, кыргыздарга (хягас) коңшу көчмөн уруулар жашап, минген аты кула болгондуктан, алардын өлкөсү йелочжи, бюньма, била (Н. Бичурин «саврасый» – «кула» деп которсо, Н. Аристов «пегий» – «ала» деп окуган) деп аталганы жөнүндө маалыматтар бар. Ал эми Балыкооздун санжырасында байыркы мезгилде кыргызды Ороз, 19 уруу коңуратты Сарыбай нойон бийлеп, бул экөө жедигер, тайчык, ногой, кытай, катаган, калча ж. б. урууларды кыргызга бириктирип, бир хандык түзүшкөн. С. Абрамзон коңуратты (хонкират) моңголдорго тектеш уруулар, кыргыздын этностук тобуна 12–14-кылымдарда кирген деп эсептейт. Кыргыздын генеалогиясын изилдөөчүлөр кыпчак, мундуз, каңды, кушчулар м-н кошо коңураттарды да байыркы уруулардын катарына киргизишет. «Мажму ат-Таварихте» 92 боолуу өзбектин (илатийа) бир уруусу катары эскерилет. Оозеки фольклор боюнча коңураттан таңатар, андан куттук, кечмелик деген уруулар бөлүнөт. Башка маалыматтарда бөрү, сасбак, чарык деген уруктарга тарап, негизинен Чүй облусунун Чүй, Кемин, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа ж. б. райондордо турушат. Түштүк Кыргызстанда жашаган коңураттар өзүлөрүн ысык-көлдүк коңураттар м-н уруулаш деп эстешет. Мындан тышкары Өзбекстан, Казакстанда да коңурат аталган уруу жашайт.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. 1-том. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003.
Р. Жолдошов.