КОРЕЯ (1948-жылга чейин өкүм сүргөн мамлекет): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КОРЕЯ 1 to КОРЕЯ (1948-жылга чейин өкүм сүргөн мамлекет)) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРЕ́Я</b> (корейче Чосон) – Чыгыш Азиядагы | <b type='title'>КОРЕ́Я</b> (корейче Чосон) – Чыгыш Азиядагы 1948-жылга чейин өкүм сүргөн мамлекет. Корея жарым аралында, ага туташ материк бөлүгүндөгү жакын­кы аралдарда жайгашкан. | ||
1948- | |||
'''Тарыхы.''' Пхеньян шаарына жакын аймактардан табылган Комынмору, Кымпхари тургун жай­лары, Тэхёндон үңкүрү ж. б. Корея жарым аралында па­леолит доорунда эле адам жашагандыгын да­лилдейт. Б. з. ч. 1-кылымда Корея аймагында уруу союз­дары түзүлүп, анын негизинде феодалдык мамле­кеттер – Когурё, Пэкче ж-а Силла (б. з. 1–7-кылымдар) пайда болгон. 6-кылымдын ортосунда Корей жарым аралына үстөмдүк кылуу үчүн бул мамлекеттердин орто­сунда күрөш башталган. Силланын башкаруу­чулары Кытайдын Тан империясы м-н келишим түзүп, 660-жылы Пэкчени, 668-жылы Когурёни карат­кан. Бириккен Силла Кытай м-н саясий, экономикалык ж-а маданий жактан тыгыз байланышта болуп, башкаруу ж-а жер иштетүү системасы кытай үлгүсүндө уюшулган. 8–9-кылымдарда конфуцийлик билим берүү системасы ишке ашып, корей эл­дик тили ж-а маданияты калыптана баштаган. 9–10-кылымдарда Бириккен Силла мамлекетинде быты­рандылык башталып, анын аймагында Тхэбон (901), Корё, Хупэкче (900) ж. б. мамлекеттер негизделген. 936-жылы Корё башкаруучусу Ван Гон өлкөнү кайрадан бириктирген. 993, 1010–11, 1018–19-жылдарда Корёго жасаган кидандардын ты­нымсыз жортуулдарынын мизи майтарылган.<br>Өлкөдө кол өнөрчүлүк, соода өнүгүп, монета чыгарылган. 992-жылы конфуцийлик жогорку мек­теп ачылган. 12-кылымдын 1-жарымынан Корё на­чарлай баштаган. 1170-жылы аскер төңкөрүшүнөн кийин бийлик (1270-жылга чейин) аскер төрө­лөрүнүн колуна өткөн. 1231–59-жылдарда Корёну моң­голдордун Юань династиясы караткан. 1356-жылы ван Конмин моңголдорду өлкөдөн кууп чыккан, бирок алар узак убакыт Корёго таасир тийги­зип турган. 1392-жылы кытайлардын колдоосуна ээ болгон аскер башчысы Ли Сон Ге жаңы Ли династиясын негиздеп, ал башкарган мамлекет Чосон («Таңкы серүүн өлкө») деп аталган. Бор­бору Хансон шаарына (азыркы Сеул шаары) көчүрүлгөн. 15-кылымдын 1-жарымында Улуу Сежон башкарган мезгилде мамлекет гүлдөп, корей фонетикалык алфа­вити чоным (окумуштуулар Чон Нин Джи ж-а Сон Сам Мун) түзүлүп, китеп чыгаруу өнүккөн. 16-кылымдын башында чосон ак сөөктөрүнүн бий­лик үчүн өз ара күрөшү курчуп, 1580-жылы өкмөткө каршы бир нече топ түзүлгөн. Имчжин согушу (1592–98) да борбордук бийликтин кризисин күчөт­көн. Корей эли боштондук согушка көтөрүлүп, япон баскынчыларын талкалаган. 1627- ж-а 1636-жылдарда маньчжурлар Кореягага кол салып, 1637-жылы Цинь династиясынын вассалына айлан­дырган. 18-кылымдын 2-жарымында Кореянын экономикалык өнүгүшү токтогон. Жерлер ак сөөктөрдүн колу­на өтүп, эзүү күчөгөн, дыйкандардын социал­дык абалы начарлаган, 1811–12-жылдарда Пхёнан про­винциясында, 1813-, 1815-, 1833-жылдарда Сеулда дый­кандардын көтөрүлүштөрү чыккан. 19-кылымдын ортосунан Кореяга чет мамлекеттер кы­зыга баштаган. Корея 1876-жылы Япония, 1882-жылы АКШ, 1883-жылы Улуу Британия ж-а Германия, 1884-жылы Италия ж-а Россия, 1886-жылы Франция м-н басмырлаган тең укуксуз келишимдерине кол койгон. Натыйжада эл массасынын чет эл­диктерге ж-а өкмөткө каршы нааразылыгы күчөп, 1882-жылы 23-июлда Сеулда ири көтөрүлүш чыккан. Кытайлар ушундай абалдан пайдала­нып, өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, өз бийлигин орноткон. Кытайлардын зомбулугу­на нааразы болгон Ким Ок Кюн баштаган топ япондордун колдоосуна таянып, 1884-жылы декабр­да мамлекеттик төңкөрүш жасаган. Бирок эки күндөн кийин, бийликти кайра кытайлар тартып ал­ган. 1885-жылы апрелде Кытай м-н Япония Тяньц­зинь келишимине кол коюшуп, Корея аймагынан япон ж-а кытай аскерлери чыгарылган. 1890- жылдары өлкөнүн экономикасында чет элдик­тер, биринчи иретте япон соодагерлери ж-а иш­керлер маанилүү роль ойногон. Чет элдик соо­дагерлер корей базарын өздөрүнүн товарлары м-н толтуруп, өлкөдөн айыл чарба азыктарын (күрүч, буурчак), ошондой эле алтын, күмүштөрдү ташып ке­тип турушкан. 1893–94-жылдарда чет элдик зомбулук­ка ж-а өкмөткө каршы дыйкандардын көтө­рүлүшү чыккан. 1894-жылы июнда Корей өкмөтү көтөрүлүштү басыш үчүн Кытайдан жардам су­раган. Япония Кытай бийлигин Тяньцзинь ке­лишимин бузду деп күнөөлөп, 1894-жылы 25-июл­да Асан аймагында кытай аскер кемелерине кол салган. 1894–95-жылдарда Кытай-япон согушу Симо­носеки келишимине (1895) кол коюу м-н аяк­тап, Кытай Кореянын үстүнөн болгон сюзерендик­тен баш тартып, Японияга Ляодун жарым аралын бер­ген. Орус-япон согушунун (1904–05) убагында Япония Кореяны караткан. 1905-жылы 17-ноябрдагы протекторат жөнүндөгү ке­лишимге ылайык Корея Японияга толук көз ка­ранды болуп, башка мамлекеттер м-н өз алдын­ча алака жүргүзүү укугунан айрылган. Өкмөт япон генералдык резиденти – Ито Хиробуми­нин көзөмөлүнө өткөн. Протекторат режимине каршы корей элинин куралдуу күрөшү күчөгөн, бирок алардын негизги күчтөрү Япония бийли­гинен талкаланган. 1910-жылы 22-августта Корея им­ператорунун тактан кетиши япон императору­нун пайдасына чечилген. Корея Япония империя­сынын курамына кирген. Өлкөдөгү мыйзам чы­гаруу, аткаруу ж-а сот бийлиги, ошондой эле Корея армия­сы ж-а флоту генерал-губернатордун колуна өткөн. 1911–18-жылдарда япон бийлиги айыл чарба тарма­гында бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, жер каттоо жүргүзгөн. Япония өкмөтү Кореяга аскер­дик-полициялык режим орноткон. Япон тили мамлекеттик тилге айланып, саясий уюмдарга, илимий, маданий ж-а спорт коомдоруна катышууга ко­рейлерге тыюу салынган. Япония үстөмдүгүнө каршы Кореяда улуттук-боштондук кыймыл күчөп, ар кандай саясий уюмдар түзүлүп, партизандык отряддар калыптанган. Россиядагы Октябрь революциясынын (1917) таасири астында Кореяда Япо­ния саясатына жооп катары Биринчи март эл­дик кыймылы кеңири жайылган. 1919-жылы 1- мартта Сеулда массалык демонстрациялар баш­талып, аларды япон полициясы күч м-н бас­кан. 1919-жылы апрелде Шанхайда жашаган ко­рей эмигранттарынын Корей улуттук конгресси деп аталган чогулушунда Корей Республикасы (Тэхан мингук) жарыяланып, саясатчы Ли Сын Ман жетектеген «өкмөт» түзүлгөн. 1920-жылдары Кореяда алгачкы жумушчу ж-а профсоюз уюмда­ры пайда болуп, 1925-жылы Корея КПсы түзүлгөн. Маньчжурия ж-а Кытай аймактарында парти­зандык отряддар (лидерлери Ким Ир Сен ж. б.) уюшулуп (кийин бул отряд Кытай Кызыл ар­миясынын 32-корпусуна айланган), Кытайдын элдик-революциячыл күчтөрү м-н бирге япон баскын­чыларына каршы күрөшүп, бир нече жолу же­ңиштерге жеткен. Берлин (Потсдам) конференциясын­да (1945) союздаш мамлекеттер Япониянын ка­питуляциясын ж-а Корей мамлекетинин эгемен­дигинин калыбына келтирилишин талап кы­лышкан. Советтик ж-а америкалык аскерлердин биргелеш­кен күчтөрү Корей жарым аралын бошотууга киришкен. 1945-жылы августта CCCРдин Тынч океан флоту м-н 25-армиянын 2-Ыраакы Чыгыш фронту­нун бириккен күчтөрү Корея аймактарына кирген. АКШнын сунушу м-н Корей жарым аралы 38-параллель боюнча түндүк ж-а түштүк зонага бөлүнгөн. Бирок Кореянын түндүгүнө АКШ армиясы 1945-жылы 8-сентябрда согуш аракеттери токтогондо кире баштаган. 1945-жылы 8-октябрда Түндүк Кореянын 5 провинциясы­нын элдик комитеттеринин өкүлдөрү жолугуп, убак­тылуу башкаруу органы – 5 провинциянын администрациялык бюросун түзгөн. 1945-жылы 10-октябрда Түндүк Кореянын өкүл­дөрүнүн жыйынында Корея КПнин түндүк-корей уюштуруу бюросу түзүлгөн. 1946-жылы августта КП Түндүктө Жаңы элдик партия (1946-жылы негиз­делген), түштүктө Элдик ж-а Жаңы элдик партия (1945-жылы негизделген) м-н биригип, Түндүк Корея Эмгек партиясы ж-а Түштүк Корея Эмгек партия­сы болуп түзүлгөн. 1946-жылы февралда элдик бий­ликтин жогорку органы – Түндүк Корея Убактылуу элдик комитети түзүлгөн. 1945–48-жылдарда Түндүк Кореяда жер реформасы жүргүзүлүп, транспорт, өнөр жай, байла­ныш, банк, тышкы соода ж. б. улутташтырыл­ган. Түштүк Кореяда америкалык аскер администрациясы элдик комитеттердин ишмердигине ж-а реформалар­дын жүрүшүнө тоскоолдук кылып, консерватив­дик саясий күчтөр м-н кызматташкан. 1948-жылы 10-майда Түштүк Кореянын Улуттук чогулушуна шай­лоо өткөрүлүп, 15-августта Корея Республикасы жарыя­ланып (к. <i>Корея)</i>, борбору Сеул шаары болгон. Америкалык аскер администрациясы Кореядагы өзүнүн ыйгарым укугун Ли Сын Манга тапшырган. 1948-жылы 9- сентябрда Түндүк Кореяда Ким Ир Сен жетектеген Корей Элдик Демократиялык Республикасы (КЭДР) түзүлгөн. Конституция боюнча КЭДРдин борбору Сеул эсеп­телген, бирок иш жүзүндө Пхеньян шаары борбор болуп калган. | |||
. Пхеньян | |||
пайда болгон. 6- | |||
үстөмдүк кылуу үчүн бул мамлекеттердин орто­сунда күрөш башталган. Силланын башкаруу­чулары Кытайдын Тан империясы м-н келишим түзүп, 660- | |||
үлгүсүндө уюшулган. 8–9- | |||
билим берүү системасы ишке ашып, корей эл­дик тили ж-а | |||
өлкөнү кайрадан бириктирген. 993, 1010–11, | |||
1018–19- | |||
Өлкөдө кол өнөрчүлүк, соода өнүгүп, монета | |||
чыгарылган. 992- | |||
кийин бийлик (1270-жылга чейин) аскер төрө­лөрүнүн колуна өткөн. 1231–59- | |||
Чосон («Таңкы серүүн өлкө») деп аталган. Бор­бору Хансон | |||
(1592–98) да | |||
1636-жылдарда маньчжурлар | |||
өнүгүшү токтогон. Жерлер ак сөөктөрдүн колу­на өтүп, эзүү күчөгөн, дыйкандардын социал­дык абалы начарлаган, 1811–12- | |||
19- | |||
чыккан. Кытайлар ушундай абалдан пайдала­нып, өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, өз бийлигин орноткон. Кытайлардын зомбулугу­на нааразы болгон Ким Ок Кюн баштаган топ япондордун колдоосуна таянып, 1884- | |||
салган. 1894–95- | |||
Япония | |||
1905- | |||
өткөн. 1911–18- | |||
бюросун түзгөн. 1945- | |||
элдик | |||
реформасы жүргүзүлүп, транспорт, | |||
'''Адабияты.''' Корея адабияты б. з. башындагы байыр­кы корей фольклорунан башталат. 19-кылымга че­йин расмий ханмун тилинде (кытай тилинин корейлешкен формасында) ж-а корей тилинде жаралган. Корей тилиндеги адабияттын байыркы үлгүсү – чакан ырлар – хянга (7–11-кылымдар). Бул мезгилдеги чыгармалардын көпчүлүгү сакталган эмес. Корей акындары ырларын кытай ыр тү­зүлүшүнүн эрежелерине ылайык жазышкан. Поэзияга Чхве Чхи Вон (9-кылым) чоң салым кош­кон. Корё мамлекети мезгилинде кытай тилин­деги проза ж-а поэзия биринчи планга чыккан. Ким Бу Сектин «Үч мамлекеттин тарыхый бая­ны» (1145) деген конфуцийчил хроникасы, пхэ­соль жанрында Ли Ин Нонун, Ли Гю Бонун ж-а Ли Же Хёндун лирикалары маанилүү роль ойногон. Чосон мезгилинде улуттук маданиятка басым жасалып, поэзия м-н проза улуттук тил­де өнүккөн. Поэзияда сижо (үч сап ырлар; Юн Сон До) ж-а каса (поэмалар Чон Чхол) жанрла­ры өнүккөн. 19-кылымдын акыры – 20-кылымдын башын­да кытай тилинен баш тарткан ж-а агартуучу­лук идеясын даңазалаган «жаңы адабият» пай­да болгон. Корей тилиндеги проза поэзиядан ки­йин пайда болгон (Ман Жундун романдары, 17-кылым). 20-жылдары адабияттын мааниси тууралуу талаш-тартыш келип чыккан: агартуучу, про­зачы Ли Гван Су адабиятты үгүт-насыят каражаты катары эсептесе, кыска аңгеменин чебери Ким Дон Ин адабиятты, «Таза искусство» деп түшүнгөн. Адабиятта ар кандай багыттар: модернизм (акын, жазуучу Ли Сандын чыгармалары) «жаңы ба­гыт мектеби» (Чхве Со Ханин аңгемелери, Ли Сан Хванын ырлары) пайда болгон. Пролетар жазуучулардын Корея ассоциациясы (Ли Ги Ен, Чо Мен Хи, Сон Енди, акындар Пак Се Ен, Пак Пхар Ян, Лим Хва ж. б.) түзүлгөн. Кореянын 1948- жылдан кийинки адабиятын Корея Республикасынын ж-а Корей Элдик Демократиялык Республикасынын адабиятын кара. | |||
. | |||
үлгүсү – чакан ырлар – хянга (7–11- | |||
мезгилдеги чыгармалардын көпчүлүгү сакталган эмес. Корей акындары ырларын кытай ыр тү­зүлүшүнүн эрежелерине ылайык жазышкан. Поэзияга Чхве Чхи Вон (9- | |||
Чо Мен Хи, Сон Енди, акындар Пак Се Ен, Пак Пхар Ян, Лим Хва ж. б.) түзүлгөн. | |||
'''Архитектура жана сүрөт искусствосу.''' Биздин заманга чейинки I кылымдагы көрүстөндөрдө (дольмендер, үкөк форма­сындагы мүрзөлөр жана башкалар) металл шаймандар жана кооз чопо идиштер калган. Когурьё мамле­кетинин башкаруучулары менен ак сөөктөрдүн IV–VII кылымдардагы көрүстөндөрү көпчүлүгү байыркы бор­бор Куннэсондун жана V кылымдан кийин борбор болгон Пхеньяндын айланасында жайгашкан. Көрүстөндөр эки типке бөлүнөт: тепкич түрүндөгү таш пирамидалар жана имаратты көөмп тур­ган коргон дөбөлөр. | |||
Биздин заманга чейинки I кылымдагы көрүстөндөрдө (дольмендер, үкөк форма­сындагы мүрзөлөр жана башкалар) металл шаймандар жана кооз чопо идиштер калган. Когурьё мамле­кетинин башкаруучулары менен ак сөөктөрдүн IV–VII кылымдардагы көрүстөндөрү көпчүлүгү байыркы бор­бор Куннэсондун жана V кылымдан кийин борбор болгон Пхеньяндын айланасында жайгашкан. Көрүстөндөр эки типке бөлүнөт: тепкич түрүндөгү таш пирамидалар жана имаратты көөмп тур­ган коргон дөбөлөр. | |||
[[File:КОРЕЯ 140.png | thumb | «Мергенчилик сценасы». Анак уездиндеги | [[File:КОРЕЯ 140.png | thumb | «Мергенчилик сценасы». Анак уездиндеги № 3 күм­бөздөгү сүрөт. Когурьё мезгили. | ||
]]Алардын дубалдары менен шыптары сүрөттөр менен кооздолгон. Кореянын VIII кылымда Силла мамлекетине биригиши анын мадания­тын жаңы бийиктикке көтөргөн. Шаарлар ку­рула баштаган. IV–VI кылымдарда Кореяда буддизмдин тара­лышы менен храм ансамблдери пайда болгон: VIII кылымда Кёнжуда Соккурам үңкүр храмы, Пульгукс комплекси (XIV кылымда кайра курулган), Таботхап | ]]Алардын дубалдары менен шыптары сүрөттөр менен кооздолгон. Кореянын VIII кылымда Силла мамлекетине биригиши анын мадания­тын жаңы бийиктикке көтөргөн. Шаарлар ку­рула баштаган. IV–VI кылымдарда Кореяда буддизмдин тара­лышы менен храм ансамблдери пайда болгон: VIII кылымда Кёнжуда Соккурам үңкүр храмы, Пульгукс комплекси (XIV кылымда кайра курулган), Таботхап | ||
менен Соккатхап пагодалары менен курулган. VII–X кылымдардагы Корея айкелчилигинде Индия менен Кы­тайдын будда оюу-чийүүлөрү образдардын жан­дуулугу менен формалардын ийкемдүүлүгүн айкалыштырган | менен Соккатхап пагодалары менен курулган. VII–X кылымдардагы Корея айкелчилигинде Индия менен Кы­тайдын будда оюу-чийүүлөрү образдардын жан­дуулугу менен формалардын ийкемдүүлүгүн айкалыштырган | ||
[[File:КОРЕЯ 141.png | thumb | Коло күзгү «сымун­тён». Сунжон (Сеул) унмверситетинин коллек­циясы Биздин заманга чейинки III–I | [[File:КОРЕЯ 141.png | thumb | Коло күзгү «сымун­тён». Сунжон (Сеул) унмверситетинин коллек­циясы Биздин заманга чейинки III–I кылымдар. | ||
]](Будданын статуясы жана Кваным ботхисатванын горельефи – Соккурам храмы, VIII кылым). | ]](Будданын статуясы жана Кваным ботхисатванын горельефи – Соккурам храмы, VIII кылым). | ||
Кёнжудагы көрүстөндөрдүн жанынан та­былган жоокерлердин, айбанаттардын жана | Кёнжудагы көрүстөндөрдүн жанынан та­былган жоокерлердин, айбанаттардын жана башкалардын таш эстеликтери сомдолгон монументтүүлүгү менен айырмаланат. Бул мезгилдеги жасалга-колдон­мо өнөрүнө таш жана металл иштетүү, жибек то­куучулук, лак буюмдарын чыгаруу, бамбук бу­ласы менен чөптү эшүү жана башкалар мүнөздүү, Корё мам­лекетинин доорунда (918–1392) пагодалардын формасы татаалдап, ярустарынын саны көбөй­гөн (Кёнгидо провинциясындагы Хёнхвас хра­мынын 7 ярустуу пагодасы, XI кылым), салттык 4 кырдуу пагодалар менен катар 6–8 кырлуу куру­луштар (Канвондо провинциясындагы Вильжонс монастырынын 9 ярустуу октагондук пагодасы, XI–XII кылымдар) салынган. Стилдик жактан да көп түрдүү болгон. | ||
[[File:КОРЕЯ 142.png | thumb | Атчан жоокер кел­бетиндеги шарап куюлуучу идиш. Карапа. Корея улуттук музейи. V–VI кылымдар. Сеул. | [[File:КОРЕЯ 142.png | thumb | Атчан жоокер кел­бетиндеги шарап куюлуучу идиш. Карапа. Корея улуттук музейи. V–VI кылымдар. Сеул. | ||
]]Бул доордун архитектурасы жасалгага бай. Монумент айкели мыкты өнүгүп, тушь жана суу боёк живописи кеңири тараган. Таштан жана фарфордон, карападан идиш жасоо | ]]Бул доордун архитектурасы жасалгага бай. Монумент айкели мыкты өнүгүп, тушь жана суу боёк живописи кеңири тараган. Таштан жана фарфордон, карападан идиш жасоо | ||
өөрчүгөн. Сүрөт искусствосун өнүктүрүү XIV кылымда сарайда уюштурулган Тохвасо мекемеси олут­туу роль ойноп, живопись академиясынын кыз­матын аткарган. Чосон мамлекети мезгилинде көркөм | өөрчүгөн. Сүрөт искусствосун өнүктүрүү XIV кылымда сарайда уюштурулган Тохвасо мекемеси олут­туу роль ойноп, живопись академиясынын кыз­матын аткарган. Чосон мамлекети мезгилинде көркөм маданиятка неоконфуцийчилик зор таасир тийгизген. Буддисттик храмдар алыскы тоолуу райондордо курулган. Сакталып калган храм­дардын көбү Чосон мезгилинин экинчи жарымында тургузулган. | ||
[[File:КОРЕЯ 143.png | thumb | Син Юн Бок. «Кайыктагы концерт». Тушь, суу боёктор. XVIII кылымдын аягы. Кансон искусство музейи. Сеул. | [[File:КОРЕЯ 143.png | thumb | Син Юн Бок. «Кайыктагы концерт». Тушь, суу боёктор. XVIII кылымдын аягы. Кансон искусство музейи. Сеул. | ||
| 55 сап: | 25 сап: | ||
[[File:КОРЕЯ 144.png | thumb | Сеулдагы Чхандоккун ак сарайы. 1405–1412-жылдары курул­ган, 1592-жылы бузулуп, 1607–1610-жылы калыбына келти­рилген. | [[File:КОРЕЯ 144.png | thumb | Сеулдагы Чхандоккун ак сарайы. 1405–1412-жылдары курул­ган, 1592-жылы бузулуп, 1607–1610-жылы калыбына келти­рилген. | ||
]]Ли Жин, Ким Мён­чук жана башкалар болгон. «Гүл-чымчык» (хваджохва) жанрында көп сүрөтчүлөр ийгиликтүү иштеш­кен. XVIII кылымда өнүккөн пейзаж живописи – чин­гён сансухва багытында (чыныгы көрүнүштөгү пейзаж) Чон Сен, Ким Ын Хван, Ким Хон До жана башкалар иштеген. Соңку мезгилдин аягында Ким Чон Хи, Хо Рён, Тен Сын Обо заманбап живо­пистин пайда болушуна негиз түзүшкөн. | ]]Ли Жин, Ким Мён­чук жана башкалар болгон. «Гүл-чымчык» (хваджохва) жанрында көп сүрөтчүлөр ийгиликтүү иштеш­кен. XVIII кылымда өнүккөн пейзаж живописи – чин­гён сансухва багытында (чыныгы көрүнүштөгү пейзаж) Чон Сен, Ким Ын Хван, Ким Хон До жана башкалар иштеген. Соңку мезгилдин аягында Ким Чон Хи, Хо Рён, Тен Сын Обо заманбап живо­пистин пайда болушуна негиз түзүшкөн. | ||
Жа­салга-колдонмо өнөрүндө мурункудай эле кара­панын ролу зор болгон. Негизи бардык эле сүрөтчүлөр «гүл-чымчык» жанрында иштешкен. XIX кылымдын аягында май боёк живописи техника­сы менен иштеген алгачкы сүрөтчү Токиодогу көркөм искусство окуу жайын бүтүргөн Ко Хи Дон | Жа­салга-колдонмо өнөрүндө мурункудай эле кара­панын ролу зор болгон. Негизи бардык эле сүрөтчүлөр «гүл-чымчык» жанрында иштешкен. XIX кылымдын аягында май боёк живописи техника­сы менен иштеген алгачкы сүрөтчү Токиодогу көркөм искусство окуу жайын бүтүргөн Ко Хи Дон болгон. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында Ко­рея искусствосуна Батыштын көркөм салттары кире баштап, европалык стилдеги имараттар курулган. '''Музыкасы.''' Корея улуттук музыкасы IV кылымдан ка­лыптана баштаган. Көп аспаптарды (комунго жана башкалар) жасаган Ван Санака (VI кылым), ырчы жана 200дөй композициянын автору, каягым аспа­бын кураган Урыктын (VI кылымдын аягы) чыгармачылыгы ал кез үчүн маанилүү болгон. XIV–XVI кылымдарда бор­бордо чоң оркестр, хор оюн көрсөтүп, көрүнүктүү музыканттар иштеген. Корея музыкасынын өнүгү­шүнө Пак Ен (XV кылым) көп салым кошкон. Ал туңгуч музыкалык окуу жайын негиздеп, байыркы ас­паптарды классификациялап, өзү да элдик му­зыканын чебер аткаруучусу болгон. 1432-жылы нота жазуунун өзүнчө системасы түзүлгөндүктөн, эски обондор сакталган. Согуштун кесепетинен XVI к­ылымдын 2-жарымынан музыка өрүш албай, негизи­нен элдик ырлар гана өнүккөн. XIX кылымда пхансо­ринин обону боюнча үн таануу системасы иштелип чыгып, анын негизинде элдик музыка драма (чхан­гык) өсүп, кийин улуттук операга айланган. XX кылымда европалык музыка кире баштаган, бирок 1910-жылы башталган жапон колониячылыгы 1945-жылга чейин музыкалык маданияттын өсүшүнө кедерги болгон. 1920-жылы батыштын белгилүү музыкасынын таасиринде понсонхва жанры пайда болгон. 1945-жылы Пхе­ньянда биринчи Корея симфониялык оркестри түзүлгөн. | ||
болгон. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында Ко­рея искусствосуна Батыштын көркөм салттары кире баштап, | |||
'''Театры.''' Орто кылымда театрдын калыптаны­шына элдик ырчылар менен жомокчулардын өнө­рү түрткү берген. XV кылымда бий жана драмалык эле­менттер айкалышкан сандэгык театр жанры негизгилерден болгон. Комыгык театры X кылымда­гы буддалык мистериянын элементтерин кир­гизген. XVII кылымда европалык ярмарка театрларына жа­кындашкан кыдырма труппалар кеңири бел­гилүү болгон. Алар музыкалык оркестр менен па­радды баштап чыгышкан. Хвагык сүйлөшүү театры музыканы жана бийди пайдаланган. XIX кылымда Кореянын профессионал театры калыптана баштаган. Байыркы пхансори – жомокчулар искусствосунун негизинде чхангык музыкалык театры пайда болгон. 1908-жылы Сеулда «Вонгакса» теат­ры уюшулгандан Корея театрынын тарыхы башта­лат. Анын түзүүчүсү Ли Ин Жик байыркы улут­тук салт менен европалык бийдин техникасын бирик­тирүүгө аракеттенген. Батыш театрын жайыл­туучу жана актёрдук билим алууну киргизген Хён Чол Япониядан окугандан кийин 1920-жылы Сеул­да театр мектебин, кийинчерээк актёрдук окуу жайын түзүп, анда европалык жана кореялык пьеса­ларды койгон. 1923-жылы Жапониядан билим алган корейлер тобу Пак Сун Хинин жетекчилигинде Сеулда «Тоулхе» театрын уюштурган (1932-жылга чейин иштеген). Жапониядан билим алган режис­сёр Хон Хе Сон 1931-жылы Сеулда «Спектаклди изил­дөө» аттуу театрын ачкан. Кореяны балет өнөрү менен алгач 1926-жылдан Кореяда иштеген жапон бийчиси Сэ Ён Хан тааныштырган. Хореография өнө­рүнүн андан аркы өнүгүшү Цой Сын Хинин ысы­мына байланыштуу. Ал 1926-жылы Сеулда корей элдик жана батыш классикалык мектебин ачкан. Профессионал куурчак театры 1945-жылы ачылган. | |||
'''Киносу.''' Биринчи кино 1903-жылы көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы Сеулда чет мамлекеттик кинолорду көрсөтүүчү кинотеатр ачылган. Улуттук кине­матографияда биринчи тасма «Сүйүшкөндөрдүн ай астындагы анты» болгон (1923, режиссёру Юн Пэк Нам). Кино өнөрүнүн телчигиши жапон баскынчы­ларынын көзөмөлүндө жүргөн. 1920-жылдардын башында тартылган «Чхунхян жөнүндө баян» тасмасы маанилүү окуя катары таанылган. Үнсүз кинонун ири чебери актёр жана режиссёру Ун Гю («Ари­ран», 1926) болгон. Биринчи үндүү тасма – «Чхунхян жөнүндө баяндын» жаңы версиясы (1935, режиссёру Ли Мён Ву). 1930-жылдардын аягын­да тыкыр көзөмөл кинону кризиске учуратып, көптөгөн кино ишмерлери ишин токтоткон же эмиграцияга кеткен. 1942-жылы корей тилинде кино тартууга тыюу салынган. | |||
Ад.: Корейское классическое искусство. М., 1972; История Кореи. С древнейших времён до наших дней. Т. 1–2. М., 1974; История Кореи: (Новое прочтение). М., 2003; Троцевич А. Ф. История корейской тра­диционной литературы (до ХХ в.) СПб., 2004; <i>Дени­сов В. И.</i> Политические системы государств Корейского полуострова (РК и КНДР) // Политические системы и политические культуры Востока. 2-е изд. М., 2007. | |||
Ад.: Корейское классическое искусство. М., 1972; | |||
История Кореи. С древнейших времён до наших дней. Т. 1–2. М., 1974; История Кореи: (Новое прочтение). | |||
М., 2003; Троцевич А. Ф. История корейской тра­диционной литературы (до ХХ в.) СПб., 2004; <i>Дени­сов В. И.</i> Политические системы государств Корейского | |||
полуострова (РК и КНДР) // Политические системы и политические культуры Востока. 2-е изд. М., 2007. | |||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
09:53, 25 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОРЕ́Я (корейче Чосон) – Чыгыш Азиядагы 1948-жылга чейин өкүм сүргөн мамлекет. Корея жарым аралында, ага туташ материк бөлүгүндөгү жакынкы аралдарда жайгашкан.
Тарыхы. Пхеньян шаарына жакын аймактардан табылган Комынмору, Кымпхари тургун жайлары, Тэхёндон үңкүрү ж. б. Корея жарым аралында палеолит доорунда эле адам жашагандыгын далилдейт. Б. з. ч. 1-кылымда Корея аймагында уруу союздары түзүлүп, анын негизинде феодалдык мамлекеттер – Когурё, Пэкче ж-а Силла (б. з. 1–7-кылымдар) пайда болгон. 6-кылымдын ортосунда Корей жарым аралына үстөмдүк кылуу үчүн бул мамлекеттердин ортосунда күрөш башталган. Силланын башкаруучулары Кытайдын Тан империясы м-н келишим түзүп, 660-жылы Пэкчени, 668-жылы Когурёни караткан. Бириккен Силла Кытай м-н саясий, экономикалык ж-а маданий жактан тыгыз байланышта болуп, башкаруу ж-а жер иштетүү системасы кытай үлгүсүндө уюшулган. 8–9-кылымдарда конфуцийлик билим берүү системасы ишке ашып, корей элдик тили ж-а маданияты калыптана баштаган. 9–10-кылымдарда Бириккен Силла мамлекетинде бытырандылык башталып, анын аймагында Тхэбон (901), Корё, Хупэкче (900) ж. б. мамлекеттер негизделген. 936-жылы Корё башкаруучусу Ван Гон өлкөнү кайрадан бириктирген. 993, 1010–11, 1018–19-жылдарда Корёго жасаган кидандардын тынымсыз жортуулдарынын мизи майтарылган.
Өлкөдө кол өнөрчүлүк, соода өнүгүп, монета чыгарылган. 992-жылы конфуцийлик жогорку мектеп ачылган. 12-кылымдын 1-жарымынан Корё начарлай баштаган. 1170-жылы аскер төңкөрүшүнөн кийин бийлик (1270-жылга чейин) аскер төрөлөрүнүн колуна өткөн. 1231–59-жылдарда Корёну моңголдордун Юань династиясы караткан. 1356-жылы ван Конмин моңголдорду өлкөдөн кууп чыккан, бирок алар узак убакыт Корёго таасир тийгизип турган. 1392-жылы кытайлардын колдоосуна ээ болгон аскер башчысы Ли Сон Ге жаңы Ли династиясын негиздеп, ал башкарган мамлекет Чосон («Таңкы серүүн өлкө») деп аталган. Борбору Хансон шаарына (азыркы Сеул шаары) көчүрүлгөн. 15-кылымдын 1-жарымында Улуу Сежон башкарган мезгилде мамлекет гүлдөп, корей фонетикалык алфавити чоным (окумуштуулар Чон Нин Джи ж-а Сон Сам Мун) түзүлүп, китеп чыгаруу өнүккөн. 16-кылымдын башында чосон ак сөөктөрүнүн бийлик үчүн өз ара күрөшү курчуп, 1580-жылы өкмөткө каршы бир нече топ түзүлгөн. Имчжин согушу (1592–98) да борбордук бийликтин кризисин күчөткөн. Корей эли боштондук согушка көтөрүлүп, япон баскынчыларын талкалаган. 1627- ж-а 1636-жылдарда маньчжурлар Кореягага кол салып, 1637-жылы Цинь династиясынын вассалына айландырган. 18-кылымдын 2-жарымында Кореянын экономикалык өнүгүшү токтогон. Жерлер ак сөөктөрдүн колуна өтүп, эзүү күчөгөн, дыйкандардын социалдык абалы начарлаган, 1811–12-жылдарда Пхёнан провинциясында, 1813-, 1815-, 1833-жылдарда Сеулда дыйкандардын көтөрүлүштөрү чыккан. 19-кылымдын ортосунан Кореяга чет мамлекеттер кызыга баштаган. Корея 1876-жылы Япония, 1882-жылы АКШ, 1883-жылы Улуу Британия ж-а Германия, 1884-жылы Италия ж-а Россия, 1886-жылы Франция м-н басмырлаган тең укуксуз келишимдерине кол койгон. Натыйжада эл массасынын чет элдиктерге ж-а өкмөткө каршы нааразылыгы күчөп, 1882-жылы 23-июлда Сеулда ири көтөрүлүш чыккан. Кытайлар ушундай абалдан пайдаланып, өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, өз бийлигин орноткон. Кытайлардын зомбулугуна нааразы болгон Ким Ок Кюн баштаган топ япондордун колдоосуна таянып, 1884-жылы декабрда мамлекеттик төңкөрүш жасаган. Бирок эки күндөн кийин, бийликти кайра кытайлар тартып алган. 1885-жылы апрелде Кытай м-н Япония Тяньцзинь келишимине кол коюшуп, Корея аймагынан япон ж-а кытай аскерлери чыгарылган. 1890- жылдары өлкөнүн экономикасында чет элдиктер, биринчи иретте япон соодагерлери ж-а ишкерлер маанилүү роль ойногон. Чет элдик соодагерлер корей базарын өздөрүнүн товарлары м-н толтуруп, өлкөдөн айыл чарба азыктарын (күрүч, буурчак), ошондой эле алтын, күмүштөрдү ташып кетип турушкан. 1893–94-жылдарда чет элдик зомбулукка ж-а өкмөткө каршы дыйкандардын көтөрүлүшү чыккан. 1894-жылы июнда Корей өкмөтү көтөрүлүштү басыш үчүн Кытайдан жардам сураган. Япония Кытай бийлигин Тяньцзинь келишимин бузду деп күнөөлөп, 1894-жылы 25-июлда Асан аймагында кытай аскер кемелерине кол салган. 1894–95-жылдарда Кытай-япон согушу Симоносеки келишимине (1895) кол коюу м-н аяктап, Кытай Кореянын үстүнөн болгон сюзерендиктен баш тартып, Японияга Ляодун жарым аралын берген. Орус-япон согушунун (1904–05) убагында Япония Кореяны караткан. 1905-жылы 17-ноябрдагы протекторат жөнүндөгү келишимге ылайык Корея Японияга толук көз каранды болуп, башка мамлекеттер м-н өз алдынча алака жүргүзүү укугунан айрылган. Өкмөт япон генералдык резиденти – Ито Хиробуминин көзөмөлүнө өткөн. Протекторат режимине каршы корей элинин куралдуу күрөшү күчөгөн, бирок алардын негизги күчтөрү Япония бийлигинен талкаланган. 1910-жылы 22-августта Корея императорунун тактан кетиши япон императорунун пайдасына чечилген. Корея Япония империясынын курамына кирген. Өлкөдөгү мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийлиги, ошондой эле Корея армиясы ж-а флоту генерал-губернатордун колуна өткөн. 1911–18-жылдарда япон бийлиги айыл чарба тармагында бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, жер каттоо жүргүзгөн. Япония өкмөтү Кореяга аскердик-полициялык режим орноткон. Япон тили мамлекеттик тилге айланып, саясий уюмдарга, илимий, маданий ж-а спорт коомдоруна катышууга корейлерге тыюу салынган. Япония үстөмдүгүнө каршы Кореяда улуттук-боштондук кыймыл күчөп, ар кандай саясий уюмдар түзүлүп, партизандык отряддар калыптанган. Россиядагы Октябрь революциясынын (1917) таасири астында Кореяда Япония саясатына жооп катары Биринчи март элдик кыймылы кеңири жайылган. 1919-жылы 1- мартта Сеулда массалык демонстрациялар башталып, аларды япон полициясы күч м-н баскан. 1919-жылы апрелде Шанхайда жашаган корей эмигранттарынын Корей улуттук конгресси деп аталган чогулушунда Корей Республикасы (Тэхан мингук) жарыяланып, саясатчы Ли Сын Ман жетектеген «өкмөт» түзүлгөн. 1920-жылдары Кореяда алгачкы жумушчу ж-а профсоюз уюмдары пайда болуп, 1925-жылы Корея КПсы түзүлгөн. Маньчжурия ж-а Кытай аймактарында партизандык отряддар (лидерлери Ким Ир Сен ж. б.) уюшулуп (кийин бул отряд Кытай Кызыл армиясынын 32-корпусуна айланган), Кытайдын элдик-революциячыл күчтөрү м-н бирге япон баскынчыларына каршы күрөшүп, бир нече жолу жеңиштерге жеткен. Берлин (Потсдам) конференциясында (1945) союздаш мамлекеттер Япониянын капитуляциясын ж-а Корей мамлекетинин эгемендигинин калыбына келтирилишин талап кылышкан. Советтик ж-а америкалык аскерлердин биргелешкен күчтөрү Корей жарым аралын бошотууга киришкен. 1945-жылы августта CCCРдин Тынч океан флоту м-н 25-армиянын 2-Ыраакы Чыгыш фронтунун бириккен күчтөрү Корея аймактарына кирген. АКШнын сунушу м-н Корей жарым аралы 38-параллель боюнча түндүк ж-а түштүк зонага бөлүнгөн. Бирок Кореянын түндүгүнө АКШ армиясы 1945-жылы 8-сентябрда согуш аракеттери токтогондо кире баштаган. 1945-жылы 8-октябрда Түндүк Кореянын 5 провинциясынын элдик комитеттеринин өкүлдөрү жолугуп, убактылуу башкаруу органы – 5 провинциянын администрациялык бюросун түзгөн. 1945-жылы 10-октябрда Түндүк Кореянын өкүлдөрүнүн жыйынында Корея КПнин түндүк-корей уюштуруу бюросу түзүлгөн. 1946-жылы августта КП Түндүктө Жаңы элдик партия (1946-жылы негизделген), түштүктө Элдик ж-а Жаңы элдик партия (1945-жылы негизделген) м-н биригип, Түндүк Корея Эмгек партиясы ж-а Түштүк Корея Эмгек партиясы болуп түзүлгөн. 1946-жылы февралда элдик бийликтин жогорку органы – Түндүк Корея Убактылуу элдик комитети түзүлгөн. 1945–48-жылдарда Түндүк Кореяда жер реформасы жүргүзүлүп, транспорт, өнөр жай, байланыш, банк, тышкы соода ж. б. улутташтырылган. Түштүк Кореяда америкалык аскер администрациясы элдик комитеттердин ишмердигине ж-а реформалардын жүрүшүнө тоскоолдук кылып, консервативдик саясий күчтөр м-н кызматташкан. 1948-жылы 10-майда Түштүк Кореянын Улуттук чогулушуна шайлоо өткөрүлүп, 15-августта Корея Республикасы жарыяланып (к. Корея), борбору Сеул шаары болгон. Америкалык аскер администрациясы Кореядагы өзүнүн ыйгарым укугун Ли Сын Манга тапшырган. 1948-жылы 9- сентябрда Түндүк Кореяда Ким Ир Сен жетектеген Корей Элдик Демократиялык Республикасы (КЭДР) түзүлгөн. Конституция боюнча КЭДРдин борбору Сеул эсептелген, бирок иш жүзүндө Пхеньян шаары борбор болуп калган.
Адабияты. Корея адабияты б. з. башындагы байыркы корей фольклорунан башталат. 19-кылымга чейин расмий ханмун тилинде (кытай тилинин корейлешкен формасында) ж-а корей тилинде жаралган. Корей тилиндеги адабияттын байыркы үлгүсү – чакан ырлар – хянга (7–11-кылымдар). Бул мезгилдеги чыгармалардын көпчүлүгү сакталган эмес. Корей акындары ырларын кытай ыр түзүлүшүнүн эрежелерине ылайык жазышкан. Поэзияга Чхве Чхи Вон (9-кылым) чоң салым кошкон. Корё мамлекети мезгилинде кытай тилиндеги проза ж-а поэзия биринчи планга чыккан. Ким Бу Сектин «Үч мамлекеттин тарыхый баяны» (1145) деген конфуцийчил хроникасы, пхэсоль жанрында Ли Ин Нонун, Ли Гю Бонун ж-а Ли Же Хёндун лирикалары маанилүү роль ойногон. Чосон мезгилинде улуттук маданиятка басым жасалып, поэзия м-н проза улуттук тилде өнүккөн. Поэзияда сижо (үч сап ырлар; Юн Сон До) ж-а каса (поэмалар Чон Чхол) жанрлары өнүккөн. 19-кылымдын акыры – 20-кылымдын башында кытай тилинен баш тарткан ж-а агартуучулук идеясын даңазалаган «жаңы адабият» пайда болгон. Корей тилиндеги проза поэзиядан кийин пайда болгон (Ман Жундун романдары, 17-кылым). 20-жылдары адабияттын мааниси тууралуу талаш-тартыш келип чыккан: агартуучу, прозачы Ли Гван Су адабиятты үгүт-насыят каражаты катары эсептесе, кыска аңгеменин чебери Ким Дон Ин адабиятты, «Таза искусство» деп түшүнгөн. Адабиятта ар кандай багыттар: модернизм (акын, жазуучу Ли Сандын чыгармалары) «жаңы багыт мектеби» (Чхве Со Ханин аңгемелери, Ли Сан Хванын ырлары) пайда болгон. Пролетар жазуучулардын Корея ассоциациясы (Ли Ги Ен, Чо Мен Хи, Сон Енди, акындар Пак Се Ен, Пак Пхар Ян, Лим Хва ж. б.) түзүлгөн. Кореянын 1948- жылдан кийинки адабиятын Корея Республикасынын ж-а Корей Элдик Демократиялык Республикасынын адабиятын кара.
Архитектура жана сүрөт искусствосу. Биздин заманга чейинки I кылымдагы көрүстөндөрдө (дольмендер, үкөк формасындагы мүрзөлөр жана башкалар) металл шаймандар жана кооз чопо идиштер калган. Когурьё мамлекетинин башкаруучулары менен ак сөөктөрдүн IV–VII кылымдардагы көрүстөндөрү көпчүлүгү байыркы борбор Куннэсондун жана V кылымдан кийин борбор болгон Пхеньяндын айланасында жайгашкан. Көрүстөндөр эки типке бөлүнөт: тепкич түрүндөгү таш пирамидалар жана имаратты көөмп турган коргон дөбөлөр.

Алардын дубалдары менен шыптары сүрөттөр менен кооздолгон. Кореянын VIII кылымда Силла мамлекетине биригиши анын маданиятын жаңы бийиктикке көтөргөн. Шаарлар курула баштаган. IV–VI кылымдарда Кореяда буддизмдин таралышы менен храм ансамблдери пайда болгон: VIII кылымда Кёнжуда Соккурам үңкүр храмы, Пульгукс комплекси (XIV кылымда кайра курулган), Таботхап
менен Соккатхап пагодалары менен курулган. VII–X кылымдардагы Корея айкелчилигинде Индия менен Кытайдын будда оюу-чийүүлөрү образдардын жандуулугу менен формалардын ийкемдүүлүгүн айкалыштырган

(Будданын статуясы жана Кваным ботхисатванын горельефи – Соккурам храмы, VIII кылым).
Кёнжудагы көрүстөндөрдүн жанынан табылган жоокерлердин, айбанаттардын жана башкалардын таш эстеликтери сомдолгон монументтүүлүгү менен айырмаланат. Бул мезгилдеги жасалга-колдонмо өнөрүнө таш жана металл иштетүү, жибек токуучулук, лак буюмдарын чыгаруу, бамбук буласы менен чөптү эшүү жана башкалар мүнөздүү, Корё мамлекетинин доорунда (918–1392) пагодалардын формасы татаалдап, ярустарынын саны көбөйгөн (Кёнгидо провинциясындагы Хёнхвас храмынын 7 ярустуу пагодасы, XI кылым), салттык 4 кырдуу пагодалар менен катар 6–8 кырлуу курулуштар (Канвондо провинциясындагы Вильжонс монастырынын 9 ярустуу октагондук пагодасы, XI–XII кылымдар) салынган. Стилдик жактан да көп түрдүү болгон.

Бул доордун архитектурасы жасалгага бай. Монумент айкели мыкты өнүгүп, тушь жана суу боёк живописи кеңири тараган. Таштан жана фарфордон, карападан идиш жасоо
өөрчүгөн. Сүрөт искусствосун өнүктүрүү XIV кылымда сарайда уюштурулган Тохвасо мекемеси олуттуу роль ойноп, живопись академиясынын кызматын аткарган. Чосон мамлекети мезгилинде көркөм маданиятка неоконфуцийчилик зор таасир тийгизген. Буддисттик храмдар алыскы тоолуу райондордо курулган. Сакталып калган храмдардын көбү Чосон мезгилинин экинчи жарымында тургузулган.

Падыша сарайларын курууда бай жасалга менен зор салтанаттуулук айкалыштырылып (Кёнбоккун ак сарай комплекси,1395, 1592-жылы өрттөлүп, XIX кылымдын 2-жарымында калыбына келтирилген; Чхандоккун комплекси, 1405–1412, 1592-жылы бузулган, 1607–1610-жылдары калыбына келтирилген), ландшафт композициялуу бак-парктарды түзүүгө көп көңүл бөлүнгөн (Чхандоккун комплексиндеги Сырдуу бак).
Чосон мезгилиндеги Корея живописинин тарыхын 3 мезгилге – эрте (1392–1550), ортонку (1550– 1700) жана соңку (экиге бөлүнөт), 1700–1850, 1850–1910) чосон мезгилдерине бөлүп карашат.
Эрте мезгилде Го Си, Ми Фу жана уулу Ми Южен, Ан Гён, Кан Хи Ан ж. б. белгилүү болсо, ортонку мезгилдин ири чеберлери

Ли Жин, Ким Мёнчук жана башкалар болгон. «Гүл-чымчык» (хваджохва) жанрында көп сүрөтчүлөр ийгиликтүү иштешкен. XVIII кылымда өнүккөн пейзаж живописи – чингён сансухва багытында (чыныгы көрүнүштөгү пейзаж) Чон Сен, Ким Ын Хван, Ким Хон До жана башкалар иштеген. Соңку мезгилдин аягында Ким Чон Хи, Хо Рён, Тен Сын Обо заманбап живопистин пайда болушуна негиз түзүшкөн.
Жасалга-колдонмо өнөрүндө мурункудай эле карапанын ролу зор болгон. Негизи бардык эле сүрөтчүлөр «гүл-чымчык» жанрында иштешкен. XIX кылымдын аягында май боёк живописи техникасы менен иштеген алгачкы сүрөтчү Токиодогу көркөм искусство окуу жайын бүтүргөн Ко Хи Дон болгон. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында Корея искусствосуна Батыштын көркөм салттары кире баштап, европалык стилдеги имараттар курулган. Музыкасы. Корея улуттук музыкасы IV кылымдан калыптана баштаган. Көп аспаптарды (комунго жана башкалар) жасаган Ван Санака (VI кылым), ырчы жана 200дөй композициянын автору, каягым аспабын кураган Урыктын (VI кылымдын аягы) чыгармачылыгы ал кез үчүн маанилүү болгон. XIV–XVI кылымдарда борбордо чоң оркестр, хор оюн көрсөтүп, көрүнүктүү музыканттар иштеген. Корея музыкасынын өнүгүшүнө Пак Ен (XV кылым) көп салым кошкон. Ал туңгуч музыкалык окуу жайын негиздеп, байыркы аспаптарды классификациялап, өзү да элдик музыканын чебер аткаруучусу болгон. 1432-жылы нота жазуунун өзүнчө системасы түзүлгөндүктөн, эски обондор сакталган. Согуштун кесепетинен XVI кылымдын 2-жарымынан музыка өрүш албай, негизинен элдик ырлар гана өнүккөн. XIX кылымда пхансоринин обону боюнча үн таануу системасы иштелип чыгып, анын негизинде элдик музыка драма (чхангык) өсүп, кийин улуттук операга айланган. XX кылымда европалык музыка кире баштаган, бирок 1910-жылы башталган жапон колониячылыгы 1945-жылга чейин музыкалык маданияттын өсүшүнө кедерги болгон. 1920-жылы батыштын белгилүү музыкасынын таасиринде понсонхва жанры пайда болгон. 1945-жылы Пхеньянда биринчи Корея симфониялык оркестри түзүлгөн.
Театры. Орто кылымда театрдын калыптанышына элдик ырчылар менен жомокчулардын өнөрү түрткү берген. XV кылымда бий жана драмалык элементтер айкалышкан сандэгык театр жанры негизгилерден болгон. Комыгык театры X кылымдагы буддалык мистериянын элементтерин киргизген. XVII кылымда европалык ярмарка театрларына жакындашкан кыдырма труппалар кеңири белгилүү болгон. Алар музыкалык оркестр менен парадды баштап чыгышкан. Хвагык сүйлөшүү театры музыканы жана бийди пайдаланган. XIX кылымда Кореянын профессионал театры калыптана баштаган. Байыркы пхансори – жомокчулар искусствосунун негизинде чхангык музыкалык театры пайда болгон. 1908-жылы Сеулда «Вонгакса» театры уюшулгандан Корея театрынын тарыхы башталат. Анын түзүүчүсү Ли Ин Жик байыркы улуттук салт менен европалык бийдин техникасын бириктирүүгө аракеттенген. Батыш театрын жайылтуучу жана актёрдук билим алууну киргизген Хён Чол Япониядан окугандан кийин 1920-жылы Сеулда театр мектебин, кийинчерээк актёрдук окуу жайын түзүп, анда европалык жана кореялык пьесаларды койгон. 1923-жылы Жапониядан билим алган корейлер тобу Пак Сун Хинин жетекчилигинде Сеулда «Тоулхе» театрын уюштурган (1932-жылга чейин иштеген). Жапониядан билим алган режиссёр Хон Хе Сон 1931-жылы Сеулда «Спектаклди изилдөө» аттуу театрын ачкан. Кореяны балет өнөрү менен алгач 1926-жылдан Кореяда иштеген жапон бийчиси Сэ Ён Хан тааныштырган. Хореография өнөрүнүн андан аркы өнүгүшү Цой Сын Хинин ысымына байланыштуу. Ал 1926-жылы Сеулда корей элдик жана батыш классикалык мектебин ачкан. Профессионал куурчак театры 1945-жылы ачылган.
Киносу. Биринчи кино 1903-жылы көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы Сеулда чет мамлекеттик кинолорду көрсөтүүчү кинотеатр ачылган. Улуттук кинематографияда биринчи тасма «Сүйүшкөндөрдүн ай астындагы анты» болгон (1923, режиссёру Юн Пэк Нам). Кино өнөрүнүн телчигиши жапон баскынчыларынын көзөмөлүндө жүргөн. 1920-жылдардын башында тартылган «Чхунхян жөнүндө баян» тасмасы маанилүү окуя катары таанылган. Үнсүз кинонун ири чебери актёр жана режиссёру Ун Гю («Ариран», 1926) болгон. Биринчи үндүү тасма – «Чхунхян жөнүндө баяндын» жаңы версиясы (1935, режиссёру Ли Мён Ву). 1930-жылдардын аягында тыкыр көзөмөл кинону кризиске учуратып, көптөгөн кино ишмерлери ишин токтоткон же эмиграцияга кеткен. 1942-жылы корей тилинде кино тартууга тыюу салынган.
Ад.: Корейское классическое искусство. М., 1972; История Кореи. С древнейших времён до наших дней. Т. 1–2. М., 1974; История Кореи: (Новое прочтение). М., 2003; Троцевич А. Ф. История корейской традиционной литературы (до ХХ в.) СПб., 2004; Денисов В. И. Политические системы государств Корейского полуострова (РК и КНДР) // Политические системы и политические культуры Востока. 2-е изд. М., 2007.