ГАОЧАН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАОЧА́Н – ''' Чыгыш | '''ГАОЧА́Н – ''' [[Чыгыш Түркстан]]дагы байыркы шаар. Гаочандын тарыхы [[гунндар]]дын доорунан башталат. Б. з. 1-кылымында түндүк гунндар Чыгыш Түркстанда өзүлөрүнүн саясий таасирин бекемдеген. Хань империясы (кара: [[Хань династиясы]]) 2-кылымда гунндардан жеӊилгенден кийин батыш аймактардан узак мезгилге чейин ажырап калган. 3–4-кылымдарда Гаочан аймагы бирде [[Кытай]]дын, бирде көчмөн гунн урууларынын колуна өтүп турган. 397–401-жылдары Хэси жана Гаочан аймагында гунндардын башчысы Цзюйцюй Менсюн Түндүк Лян династиясын негиздеген. 460-жылы бул династия [[жуан-жуан]]дар тарабынан кыйратылган. Бул аймакта ошол эле учурда гунндар менен көчүп келген [[ашина]] түрктөрүнүн тарыхынын эрте мезгили (Ганьсу-Гаочан 3-кылым 460-жылы) өткөн. Кийин Гаочан Чыгыш Түркстандын башка шаарларындай эле [[Батыш Түрк кагандыгы]]нын карамагында болгон. 9-кылымдын 2-жарымында шаар [[Уйгур кагандыгы]]нын борборлорунун бирине айланган. Гаочан шаарынын орду азыркы Турпан шаарынан 35 ''км'' түштүк-чыгышта. | ||
Ад.: ''Кляшторный С. Г., Колесников А. А''. Восточный Туркестан глазами русских путешественников. А.-А., 1988; История Киргизской ССР. Ф., 1984.<br />''Т. Асанов''. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
01:47, 13 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
ГАОЧА́Н – Чыгыш Түркстандагы байыркы шаар. Гаочандын тарыхы гунндардын доорунан башталат. Б. з. 1-кылымында түндүк гунндар Чыгыш Түркстанда өзүлөрүнүн саясий таасирин бекемдеген. Хань империясы (кара: Хань династиясы) 2-кылымда гунндардан жеӊилгенден кийин батыш аймактардан узак мезгилге чейин ажырап калган. 3–4-кылымдарда Гаочан аймагы бирде Кытайдын, бирде көчмөн гунн урууларынын колуна өтүп турган. 397–401-жылдары Хэси жана Гаочан аймагында гунндардын башчысы Цзюйцюй Менсюн Түндүк Лян династиясын негиздеген. 460-жылы бул династия жуан-жуандар тарабынан кыйратылган. Бул аймакта ошол эле учурда гунндар менен көчүп келген ашина түрктөрүнүн тарыхынын эрте мезгили (Ганьсу-Гаочан 3-кылым 460-жылы) өткөн. Кийин Гаочан Чыгыш Түркстандын башка шаарларындай эле Батыш Түрк кагандыгынын карамагында болгон. 9-кылымдын 2-жарымында шаар Уйгур кагандыгынын борборлорунун бирине айланган. Гаочан шаарынын орду азыркы Турпан шаарынан 35 км түштүк-чыгышта.
Ад.: Кляшторный С. Г., Колесников А. А. Восточный Туркестан глазами русских путешественников. А.-А., 1988; История Киргизской ССР. Ф., 1984.
Т. Асанов.