КОСМОГОНИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'> | <b type='title'>КОСМОГОНИЯ</b> (<i>космос</i> ж-а <i>... гония</i>) – астроно­миянын асман телолору м-н алардын система­ларынын (Күн системасы, жылдыздар, галак­тикалар ж. б.) пайда болушун ж-а эволюция­сын изилдөөчү бөлүгү. Жылдыз ж-а Күн систе­масынын космогониясы өтө жакшы өнүккөн. 18–19-кылымдарда космогониялык гипотезалар Күн системасынын пайда бо­лушуна гана арналган. 20-кылымдын 2-жарымында асман телолорунун өлчөмүн, массасын, ылдам­дык катыштарын анализдөө Күн системасынын бирдиктүү муздак газ-чаң булуттан ж-а туман­дуулуктан пайда болушу жүнөндөгү божомолдоого алып келген. Гравитациялык күчтүн таасири астында сейректелген чөйрө (газ, тумандуулук) кысылып, анын натыйжасында жылдыз, жыл­дыз системасы ж-а планеталар калыптана баш­тайт. Космогонияны изилдөө объектилери боюнча планеталар, жылдыздар, галлактикалар космогониясы болуп бөлүнөт. | ||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
09:55, 28 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
КОСМОГОНИЯ (космос ж-а ... гония) – астрономиянын асман телолору м-н алардын системаларынын (Күн системасы, жылдыздар, галактикалар ж. б.) пайда болушун ж-а эволюциясын изилдөөчү бөлүгү. Жылдыз ж-а Күн системасынын космогониясы өтө жакшы өнүккөн. 18–19-кылымдарда космогониялык гипотезалар Күн системасынын пайда болушуна гана арналган. 20-кылымдын 2-жарымында асман телолорунун өлчөмүн, массасын, ылдамдык катыштарын анализдөө Күн системасынын бирдиктүү муздак газ-чаң булуттан ж-а тумандуулуктан пайда болушу жүнөндөгү божомолдоого алып келген. Гравитациялык күчтүн таасири астында сейректелген чөйрө (газ, тумандуулук) кысылып, анын натыйжасында жылдыз, жылдыз системасы ж-а планеталар калыптана баштайт. Космогонияны изилдөө объектилери боюнча планеталар, жылдыздар, галлактикалар космогониясы болуп бөлүнөт.