БАТРАКТАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАТРАКТАР | '''БАТРАКТАР '''– айыл чарбасында жалданган жумушчулар, негизинен жакырданган дыйкандар. Алар кара күчүн сатып жан багышкан. Мал мүлкү, жери жок, айрымдарынын гана жарыбаган жери болгон. 20-кылымдын башында Кыргызстанда 20 миӊге жакын жумушчу-батрактар айыл чарбасында иштеген. Кыргызда кедейлердин, малайлардын төмөндөгүдөй түрлөрү болгон: бай-манаптардын эгинин айдап, чөбүн өстүрүп, анын түшүмүн жыйнаган аштыкчы малай; коюн багып, кайтарган койчу малай, жылкычы малай ж.б. Совет бийлиги орногондон кийин 1927–1928-жылдары жер-суу реформасынын жүрүшүндө Батрактарга жер, мал берилген. Алардын кызыкчылыгын жактоо үчүн алгач «Кошчу» союзу (1920), кийин ал «Жарды-жалчы» уюму (1929) болуп кайра түзүлгөн. Коллективдештирүүнүн учурунда Батрактар колхоздорго, айыл чарба артелдерине киришкен жана социалдык катмар катары жоюлган. <br/>''К. Дүйшөналиев.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:08, 27 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАТРАКТАР – айыл чарбасында жалданган жумушчулар, негизинен жакырданган дыйкандар. Алар кара күчүн сатып жан багышкан. Мал мүлкү, жери жок, айрымдарынын гана жарыбаган жери болгон. 20-кылымдын башында Кыргызстанда 20 миӊге жакын жумушчу-батрактар айыл чарбасында иштеген. Кыргызда кедейлердин, малайлардын төмөндөгүдөй түрлөрү болгон: бай-манаптардын эгинин айдап, чөбүн өстүрүп, анын түшүмүн жыйнаган аштыкчы малай; коюн багып, кайтарган койчу малай, жылкычы малай ж.б. Совет бийлиги орногондон кийин 1927–1928-жылдары жер-суу реформасынын жүрүшүндө Батрактарга жер, мал берилген. Алардын кызыкчылыгын жактоо үчүн алгач «Кошчу» союзу (1920), кийин ал «Жарды-жалчы» уюму (1929) болуп кайра түзүлгөн. Коллективдештирүүнүн учурунда Батрактар колхоздорго, айыл чарба артелдерине киришкен жана социалдык катмар катары жоюлган.
К. Дүйшөналиев.