БАЛАНЫН ТОНУ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛАНЫН ТОНУ ''', п л а ц е н т а | '''БАЛАНЫН ТОНУ''', п л а ц е н т а – түйүлдүктүн өрчүү мезгилинде эне менен бала организминин ор­тосундагы байланышты жана зат алмашууну кам­сыз кылуучу орган. Ал түйүлдүктүн түктүү сырткы чели менен жатын капталынын биригип өсүшүнөн пайда болот. Баланын тону жалпак келип, баланын ордунан, түйүлдүк челинен жана киндик боосунан турат. Баланын тону аркылуу киндик боосу менен энеден түйүлдүккө азык заттар жана кычкыл­тек келет. Ошодой эле андан зат алмашуу продукту­лары чыгарылып, витаминдер, ферменттер, гор­мондор жана медиаторлор синтезделип, эне организминин кош бойлуулукка көнүшүнө түрткү берет. Эне организминен келүүчү тескери таасир­ди өткөрбөй, физиологиялык тосмо кызматын аткарат. Калыптанышы 3–4 айында токтолуп, бала төрөлөргө жакын жатындан бөлүнүп, баладан кийин түшөт. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
11:33, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛАНЫН ТОНУ, п л а ц е н т а – түйүлдүктүн өрчүү мезгилинде эне менен бала организминин ортосундагы байланышты жана зат алмашууну камсыз кылуучу орган. Ал түйүлдүктүн түктүү сырткы чели менен жатын капталынын биригип өсүшүнөн пайда болот. Баланын тону жалпак келип, баланын ордунан, түйүлдүк челинен жана киндик боосунан турат. Баланын тону аркылуу киндик боосу менен энеден түйүлдүккө азык заттар жана кычкылтек келет. Ошодой эле андан зат алмашуу продуктулары чыгарылып, витаминдер, ферменттер, гормондор жана медиаторлор синтезделип, эне организминин кош бойлуулукка көнүшүнө түрткү берет. Эне организминен келүүчү тескери таасирди өткөрбөй, физиологиялык тосмо кызматын аткарат. Калыптанышы 3–4 айында токтолуп, бала төрөлөргө жакын жатындан бөлүнүп, баладан кийин түшөт.