БАЛАНЫ ТАМАКТАНДЫРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЛАНЫ ТАМАКТАНДЫРУУ '''- баланын орга­низмин керектүү азык заттар м-н камсыздоо. Тамак-аш баланын жашына ылайык тандалат. Ашыкча же жетишсиз тамактандыруу баланын денесинин, акыл-эсинин өсүшүнө терс таасирин тийгизет ж-а түрдүү ооруга чалдыктырат. Баланын зат алмашуусу тез жүрүп, энергияны көп сарптайт, алар кыймылдуу болгондуктан, организм белок м-н калориялуу азыкты арбын талап кылат. Ошондуктан балдар эт, балык, жу­муртка, сүт азыктарын жетишерлик алуусу зарыл. Углевод энергия булагы болгондуктан, балага өтө керек. Баланы витаминдүү ж-а мине­ралдуу тамак-аш м-н тамактандыруу өтө маа-
'''БАЛАНЫ ТАМАКТАНДЫРУУ''' баланын орга­низмин керектүү азык заттар менен камсыздоо. Тамак-аш баланын жашына ылайык тандалат. Ашыкча же жетишсиз тамактандыруу баланын денесинин, акыл-эсинин өсүшүнө терс таасирин тийгизет жана түрдүү ооруга чалдыктырат. Баланын зат алмашуусу тез жүрүп, энергияны көп сарптайт, алар кыймылдуу болгондуктан, организм белок менен калориялуу азыкты арбын талап кылат. Ошондуктан балдар эт, балык, жу­муртка, сүт азыктарын жетишерлик алуусу зарыл. Углевод энергия булагы болгондуктан, балага өтө керек. Баланы витаминдүү жана мине­ралдуу тамак-аш менен тамактандыруу өтө маанилүү. Бир жашка чейинки баланын негизги тамагы эне сүтү. Бала эч болбогондо 6 айга чейин эненин эмчегин эмүүсү зарыл. 4–6 айынан баштап башка кошумча тамак-ашка үйрөтүп, түрдүү жемиш ширелерин 1–2 тамчыдан баштап, 8–10 чай кашыкка жеткирилет; алманы эзип бир чай кашыктан, жумуртканын сарысын сүткө ара­лаштырып берсе болот, 6–7 айында түрдүү жа­шылча сорпосун, ботко, эт сорпосун бере баштоо сунуш кылынат. 9–10 айында балага кашык кар­матып тамактанууга үйрөтөт. Бала бир жаштан кийин түрдүү тамак-ашка көндүрүлөт. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
<br>
нилүү. Бир жашка чейинки баланын негизги тамагы - эне сүтү. Бала эч болбогондо 6 айга чейин эненин эмчегин эмүүсү зарыл. 4-6 айынан баштап башка кошумча тамак-ашка үйрөтүп, түрдүү жемиш ширелерин 1-2 тамчыдан баштап, 8-10 чай кашыкка жеткирилет; алманы эзип бир чай кашыктан, жумуртканын сарысын сүткө ара&shy;лаштырып берсе болот, 6-7 айында түрдүү жа&shy;шылча сорпосун, ботко, эт сорпосун бере баштоо сунуш кылынат. 9-10 айында балага кашык, кар&shy;матып тамактанууга үйрөтөт. Бала бир жаштан кийин түрдүү тамак-ашка көндүрүлөт. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  
 

11:30, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

БАЛАНЫ ТАМАКТАНДЫРУУ – баланын орга­низмин керектүү азык заттар менен камсыздоо. Тамак-аш баланын жашына ылайык тандалат. Ашыкча же жетишсиз тамактандыруу баланын денесинин, акыл-эсинин өсүшүнө терс таасирин тийгизет жана түрдүү ооруга чалдыктырат. Баланын зат алмашуусу тез жүрүп, энергияны көп сарптайт, алар кыймылдуу болгондуктан, организм белок менен калориялуу азыкты арбын талап кылат. Ошондуктан балдар эт, балык, жу­муртка, сүт азыктарын жетишерлик алуусу зарыл. Углевод энергия булагы болгондуктан, балага өтө керек. Баланы витаминдүү жана мине­ралдуу тамак-аш менен тамактандыруу өтө маанилүү. Бир жашка чейинки баланын негизги тамагы – эне сүтү. Бала эч болбогондо 6 айга чейин эненин эмчегин эмүүсү зарыл. 4–6 айынан баштап башка кошумча тамак-ашка үйрөтүп, түрдүү жемиш ширелерин 1–2 тамчыдан баштап, 8–10 чай кашыкка жеткирилет; алманы эзип бир чай кашыктан, жумуртканын сарысын сүткө ара­лаштырып берсе болот, 6–7 айында түрдүү жа­шылча сорпосун, ботко, эт сорпосун бере баштоо сунуш кылынат. 9–10 айында балага кашык кар­матып тамактанууга үйрөтөт. Бала бир жаштан кийин түрдүү тамак-ашка көндүрүлөт.