БАЛА БАКЧА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛА БАКЧА ''' | '''БАЛА БАКЧА '''– мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоочу мекеме. 1 жаштан 6–7 жашка чейинки балдар тарбияланат. Бала бакча төмөн­күдөй топко бөлүнөт: 1–2 жашка чейин – нари­стелердин экинчи тобу; 2–3 жашка чейин – би­ринчи кенже балдар тобу; 3– 4 жашка чейин – экинчи кенже балдар тобу; 4–5 жашка чейин – ортоңку курактагы балдар тобу; 5–6 жашка чейин – жогорку курактагы балдар тобу; 6–7 жашка чейин – мектепке даярдоо тобу. Окуу-тарбия иштери жогоркудай жаш курактарына, жекече жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык түзүлгөн програм­манын чегинде жүргүзүлөт. Ар бир топто 20–30га чейин бала болот, ага тарбиячы жана анын жардамчысы бекитилет. Бала бакчаны атайы педагогикалык били­ми бар, тажрыйбалуу педагог жетектейт. Окуу­-тарбия иши КР билим берүү министрлиги та­рабынан бекитилген мамлекеттик жана альтернативалык программалык документтер боюнча мамлекеттик, расмий тилде ж. б. улуттар басымдуу жайгашкан чөйрөдөгү ата-энелердин каалоосу боюнча тандалып алынган тилде жүргүзүлөт. Бала бакчалардын педагог, врачтары режимдик талаптардын так аткарылышына, балдардын ден соолугуна жана алардын дене-бой жагынан өнүгүшүнө көзөмөл жүргүзүшөт. Дидактикалык-өркүндөтүүчү жана кыймылдуу оюндарга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Ал эми атайы уюштурулган сабактарда балдардын көңүлү эне тилине, эсептөөгө, сүрөт жана конст­рукциялоого, ырдоо-бийлөөгө, айлана-чөйрө менен тааныштырууга бурулат. Эмгекке тарбиялоо бал­дардын өзүн-өзү тейлөөгө, жаратылыш бурчун­да, бакчанын короосунда өсүмдүктөргө жана жа­ныбарларга кам көрүү милдеттерин аткаруу ар­кылуу жүргүзүлөт. Ата-энелер, коомчулук Бала бакчада окуу-тарбия ишин уюштурууга, анын алдыңкы идеяларын эл арасында жайылтууга көмөк көрсөтүшөт. Ата-энелердин суроо-талаптарын аткаруу жана балдардын ден соолугуна кам көрүү, аларды колдоо максатында жер-жерлерде күнү-­түнү иштөөчү, ден соолугу начар (мисалы, сокур, дү­лөй) балдар үчүн санаторийлик типтеги Бала бакча уюш­турулат. Коомдогу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө бай­ланыштуу бюджеттик Бала бакчалар менен бирге азыркы күндө альтернативалуу: үй-бүлөлүк Бала бакча , «Энелер мектеби», «Кошумча билим, тарбия кызматын көрсөтүүчү борборлор» ж. б. уюштурулууда. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
10:34, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛА БАКЧА – мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоочу мекеме. 1 жаштан 6–7 жашка чейинки балдар тарбияланат. Бала бакча төмөнкүдөй топко бөлүнөт: 1–2 жашка чейин – наристелердин экинчи тобу; 2–3 жашка чейин – биринчи кенже балдар тобу; 3– 4 жашка чейин – экинчи кенже балдар тобу; 4–5 жашка чейин – ортоңку курактагы балдар тобу; 5–6 жашка чейин – жогорку курактагы балдар тобу; 6–7 жашка чейин – мектепке даярдоо тобу. Окуу-тарбия иштери жогоркудай жаш курактарына, жекече жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык түзүлгөн программанын чегинде жүргүзүлөт. Ар бир топто 20–30га чейин бала болот, ага тарбиячы жана анын жардамчысы бекитилет. Бала бакчаны атайы педагогикалык билими бар, тажрыйбалуу педагог жетектейт. Окуу-тарбия иши КР билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген мамлекеттик жана альтернативалык программалык документтер боюнча мамлекеттик, расмий тилде ж. б. улуттар басымдуу жайгашкан чөйрөдөгү ата-энелердин каалоосу боюнча тандалып алынган тилде жүргүзүлөт. Бала бакчалардын педагог, врачтары режимдик талаптардын так аткарылышына, балдардын ден соолугуна жана алардын дене-бой жагынан өнүгүшүнө көзөмөл жүргүзүшөт. Дидактикалык-өркүндөтүүчү жана кыймылдуу оюндарга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Ал эми атайы уюштурулган сабактарда балдардын көңүлү эне тилине, эсептөөгө, сүрөт жана конструкциялоого, ырдоо-бийлөөгө, айлана-чөйрө менен тааныштырууга бурулат. Эмгекке тарбиялоо балдардын өзүн-өзү тейлөөгө, жаратылыш бурчунда, бакчанын короосунда өсүмдүктөргө жана жаныбарларга кам көрүү милдеттерин аткаруу аркылуу жүргүзүлөт. Ата-энелер, коомчулук Бала бакчада окуу-тарбия ишин уюштурууга, анын алдыңкы идеяларын эл арасында жайылтууга көмөк көрсөтүшөт. Ата-энелердин суроо-талаптарын аткаруу жана балдардын ден соолугуна кам көрүү, аларды колдоо максатында жер-жерлерде күнү-түнү иштөөчү, ден соолугу начар (мисалы, сокур, дүлөй) балдар үчүн санаторийлик типтеги Бала бакча уюштурулат. Коомдогу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу бюджеттик Бала бакчалар менен бирге азыркы күндө альтернативалуу: үй-бүлөлүк Бала бакча , «Энелер мектеби», «Кошумча билим, тарбия кызматын көрсөтүүчү борборлор» ж. б. уюштурулууда.