БАКУНИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАКУНИН Михаил Александрович''' (18(30). 5. 1814, Тверь губерниясы, Премухин кыштагы - 1. 7. 1876, Швейцария, Берн) - орус революционери, анархизмдин теоретиги, народниктердин идео­логдорунун бири. 1848-49-жылдарда Австрия револю­циясына катышкан. 1851-жылы австриялык бий­лик тарабынан Россияга кайтарылган. Алгач Петропавловск, кийинчерээк Шлиссельбург че­бинде түрмөгө камалган. 1857-жылы Сибирге сүр­гүнгө айдалган. 1861-жылы Сибирден качып, Япония, АКШ аркылуу Лондонго барган. Ал жактан А. И. ''Герцен'', Н. П. Огарёвдор м-н кызмат­ташкан. 1864-65-жылдарда «Интернационалдык боор­доштук» жашырын революциячыл коомун түзгөн. 1868-жылдан 1-Интернационалдын мүчөсү болгон. Ал К. ''Маркска'' ж-а анын жактоочула­рына каршы чыккан. 1827-жылы Гаага конгресси­нин чечими м-н Интернационалдан чыгарылган. Бакуниндин «Мамлекеттүүлүк жана анархия» деген эм­геги Россиядагы народниктер кыймылынын өнү­гүшүнө зор таасир тийгизген. Анын окуусу боюнча, тарых - адам баласынын «жаныбарлар дүйнө­сүнөн» «көз карандысыздыкка» карай басып өткөн жолу; дин - коомдун аң-сезиминдеги адашуусу. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
'''БАКУНИН''' Михаил Александрович (18(30). 05. 1814, Тверь губерниясы, Премухин кыштагы – 01. 07. 1876, Швейцария, Берн) орус революционери, анархизмдин теоретиги, народниктердин идео­логдорунун бири. 1848–1849-жылдарда Австрия револю­циясына катышкан. 1851-жылы австриялык бий­лик тарабынан Россияга кайтарылган. Алгач Петропавловск, кийинчерээк Шлиссельбург че­бинде түрмөгө камалган. 1857-жылы Сибирге сүр­гүнгө айдалган. 1861-жылы Сибирден качып, Япония, АКШ аркылуу Лондонго барган. Ал жактан А. И. ''Герцен'', Н. П. Огарёвдор менен кызмат­ташкан. 1864–1865-жылдарда «Интернационалдык боор­доштук» жашырын революциячыл коомун түзгөн. 1868-жылдан 1-Интернационалдын мүчөсү болгон. Ал К. ''Маркска'' жана анын жактоочула­рына каршы чыккан. 1827-жылы Гаага конгресси­нин чечими менен Интернационалдан чыгарылган. Бакуниндин «Мамлекеттүүлүк жана анархия» деген эм­геги Россиядагы народниктер кыймылынын өнү­гүшүнө зор таасир тийгизген. Анын окуусу боюнча, тарых адам баласынын «жаныбарлар дүйнө­сүнөн» «көз карандысыздыкка» карай басып өткөн жолу; дин коомдун аң-сезиминдеги адашуусу. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]

09:49, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

БАКУНИН Михаил Александрович (18(30). 05. 1814, Тверь губерниясы, Премухин кыштагы – 01. 07. 1876, Швейцария, Берн) – орус революционери, анархизмдин теоретиги, народниктердин идео­логдорунун бири. 1848–1849-жылдарда Австрия револю­циясына катышкан. 1851-жылы австриялык бий­лик тарабынан Россияга кайтарылган. Алгач Петропавловск, кийинчерээк Шлиссельбург че­бинде түрмөгө камалган. 1857-жылы Сибирге сүр­гүнгө айдалган. 1861-жылы Сибирден качып, Япония, АКШ аркылуу Лондонго барган. Ал жактан А. И. Герцен, Н. П. Огарёвдор менен кызмат­ташкан. 1864–1865-жылдарда «Интернационалдык боор­доштук» жашырын революциячыл коомун түзгөн. 1868-жылдан 1-Интернационалдын мүчөсү болгон. Ал К. Маркска жана анын жактоочула­рына каршы чыккан. 1827-жылы Гаага конгресси­нин чечими менен Интернационалдан чыгарылган. Бакуниндин «Мамлекеттүүлүк жана анархия» деген эм­геги Россиядагы народниктер кыймылынын өнү­гүшүнө зор таасир тийгизген. Анын окуусу боюнча, тарых – адам баласынын «жаныбарлар дүйнө­сүнөн» «көз карандысыздыкка» карай басып өткөн жолу; дин – коомдун аң-сезиминдеги адашуусу.