БАКТРИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАКТРИЯ ''', Б а к т р и а н а | '''БАКТРИЯ''', Б а к т р и а н а – Аму дарыянын ортоңку жана жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан менен Тажик­стандын түштүк жана Афганстандын түндүк облуста­рын камтыган. Бактриянын түндүгү Согд аймагы, түш­түгү жана түштүк -чыгышы Арахосия жана Гандхара, батышы ''Маргиана'' менен чектешкен. Бактрия – Орто Азиядагы дыйканчылык маданиятынын жана мамле­кеттүүлүк келип чыккан цивилизациянын байыркы борборунун бири. Бактра анын негизги шаары болгон. Биздин заманга чейин 6–4-кылымдарда Б. ''Ахемениддер'' державасынын, андан соң ''Александр Маке­донскийдин'' империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Бактриянын аймагында ''Грек – Бактрия падышалыгы'' түзүлгөн. Ки­йинчерээк Бактрия жана Согд аймагында тохар уруу­лары тарабынан негизделген ''Кушан падышалыгы'' түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган. Бактрия – Азиядагы байыркы көркөм маданияттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жергиликтүү жана алынып келин­ген көркөм буюмдардан турган ''Аму дарыя казынасы'' (биздин заманга чейин 4–2-кылымдар) табылган. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | |||
09:03, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАКТРИЯ, Б а к т р и а н а – Аму дарыянын ортоңку жана жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан менен Тажикстандын түштүк жана Афганстандын түндүк облустарын камтыган. Бактриянын түндүгү Согд аймагы, түштүгү жана түштүк -чыгышы Арахосия жана Гандхара, батышы Маргиана менен чектешкен. Бактрия – Орто Азиядагы дыйканчылык маданиятынын жана мамлекеттүүлүк келип чыккан цивилизациянын байыркы борборунун бири. Бактра анын негизги шаары болгон. Биздин заманга чейин 6–4-кылымдарда Б. Ахемениддер державасынын, андан соң Александр Македонскийдин империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Бактриянын аймагында Грек – Бактрия падышалыгы түзүлгөн. Кийинчерээк Бактрия жана Согд аймагында тохар уруулары тарабынан негизделген Кушан падышалыгы түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган. Бактрия – Азиядагы байыркы көркөм маданияттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жергиликтүү жана алынып келинген көркөм буюмдардан турган Аму дарыя казынасы (биздин заманга чейин 4–2-кылымдар) табылган.