БАКТЕРИЯЛЫК КУРАЛ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАКТЕРИЯЛЫК КУРАЛ ''', б и о л о г и я л ы к к у р а л | '''БАКТЕРИЯЛЫК КУРАЛ''', б и о л о г и я л ы к к у р а л – адамдарды, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү массалык түрдө дартка чалдык­тыруу же өлтүрүү максатында микроорганизм­дердин оору козгоочу касиетине негизделген биологиялык каражат. Бактериялык куралдын негизги жабыркатуу­чулары – бактерия, вирус, рикетсия, козу карын­дар жана алардын ти­ричилигинен пайда болгон уулар – ток­синдер. Алар согуш­тук максатта колдо­нулуп, курт-кумурс­ка, кемирүүчү, кене жана башкалардын, жардамы менен, ошондой эле суспензия, күкүм түрүндө тара­тылат. Бактериялык каражаттарды тара­тууда атайын ракета, артиллериялык снаряд, авиациялык бомба ж. б. да пайдаланы­лат. Аз күч жана каражат жумшап, өтө чоң аянтты жабыркатуу­га болот. Ал орга­низмге өтө аз өл­чөмдө киргенде эле жабыркатат (оору­тат). Айрым оору коз­гогучтардан пайда болгон жугуштуу оорулар, белгилүү шартта оорунун бир очогунан башка жер­ге тарап, көптөгөн адамга жугат (эпидемия). 1925-жылы Женева протоколу жана 1972-жылы БУУ конвен­циясы менен Бактериялык куралды колдонууга тыюу салынган. Бактериялык куралды колдонуу адамзатка каршы эң чоң кылмыш болуп эсеп­телет. Ал жалпы кабыл алынган эл аралык укукту орой бузгандыкка жатат. Бактериялык куралды колдонуу коркунучу аскерлерди жана элди коргоо боюнча натыйжалуу чараларды даярдоону талап кылат. Аларга эпидемияга каршы санитария-гигиеналык жана дарылоо чаралары, элди жана армияны инфекциядан сактануу чаралары менен тааныш­тыруу (эмдөө, шашылыш алдын алуу, маска та­гынуу), элди атайын жабдылган жабык жер­лер менен камсыздоо, тамак-ашты, сууну, өсүмдүк жана жаныбарларды коргоо кирет. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | |||
08:56, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАКТЕРИЯЛЫК КУРАЛ, б и о л о г и я л ы к к у р а л – адамдарды, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү массалык түрдө дартка чалдыктыруу же өлтүрүү максатында микроорганизмдердин оору козгоочу касиетине негизделген биологиялык каражат. Бактериялык куралдын негизги жабыркатуучулары – бактерия, вирус, рикетсия, козу карындар жана алардын тиричилигинен пайда болгон уулар – токсиндер. Алар согуштук максатта колдонулуп, курт-кумурска, кемирүүчү, кене жана башкалардын, жардамы менен, ошондой эле суспензия, күкүм түрүндө таратылат. Бактериялык каражаттарды таратууда атайын ракета, артиллериялык снаряд, авиациялык бомба ж. б. да пайдаланылат. Аз күч жана каражат жумшап, өтө чоң аянтты жабыркатууга болот. Ал организмге өтө аз өлчөмдө киргенде эле жабыркатат (оорутат). Айрым оору козгогучтардан пайда болгон жугуштуу оорулар, белгилүү шартта оорунун бир очогунан башка жерге тарап, көптөгөн адамга жугат (эпидемия). 1925-жылы Женева протоколу жана 1972-жылы БУУ конвенциясы менен Бактериялык куралды колдонууга тыюу салынган. Бактериялык куралды колдонуу адамзатка каршы эң чоң кылмыш болуп эсептелет. Ал жалпы кабыл алынган эл аралык укукту орой бузгандыкка жатат. Бактериялык куралды колдонуу коркунучу аскерлерди жана элди коргоо боюнча натыйжалуу чараларды даярдоону талап кылат. Аларга эпидемияга каршы санитария-гигиеналык жана дарылоо чаралары, элди жана армияны инфекциядан сактануу чаралары менен тааныштыруу (эмдөө, шашылыш алдын алуу, маска тагынуу), элди атайын жабдылган жабык жерлер менен камсыздоо, тамак-ашты, сууну, өсүмдүк жана жаныбарларды коргоо кирет.