БАКТЕРИОФАГДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(6 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАКТЕРИОФАГДАР ''', ф а г д а р (''бактерия'' ж-а гр. рһадоз - жеп-жуткуч) - бактерия вирустары. Алар бактерия ж. б. микроорганизм клеткала­рын ажыратып-бузуп жабыркатат. Бул кубулуш­ту 1-жолу 1898-ж. орус микробиологу Н. Ф. Гамалея байкаган. «Б.» терминин Ф. Д’Эрелль киргизген (1917). Б. таякча түрүндө, тоголок баштуу. Башы белоктуу кабыкча м-н, таякчасы көңдөй өзөктөн туруп, жыйрылтуучу булчуң сымал белоктуу кабыкча м-н капталган ж-а учунда тикенчелүү базаль пластинкасы болот (бул Б-дын ээсинин клеткасында жүрүүчү адсорб­цияга таасир этет). Алар адам, жаныбар ичеги­синде, өсүмдүк, топурак, кык, көлмө ж-а агын сууда, патогендүү, сапрофит бактерияларда болот. Айрымдары бир гана түрдү (монофаг), кээ­си микроорганизмдин ар кандай түрүн (полифаг) эритет. Айрым фагдар жугуштуу оору (дизентерия, келте, холера, чума ж. б.), ылаңдар­ды дарылоо ж-а алдыналуу, ылаң козгогучтар­ды диагноздоо, эпидемиялык анализ жүргүзүү, о. эле өсүмдүк илдеттерине каршы күрөшүүдө да папдаланылат. Б. мол. биологияда гендин структурасын изилдөөдө, мутациянын мол. механиз­мин, ген. кодду чечмелөөдө пандаланылат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  
'''БАКТЕРИОФАГДАР''', ф а г д а р (''бактерия'' жана гр. рһаgоs – жеп-жуткуч) бактерия вирустары. Алар бактерия ж. б. микроорганизм клеткала­рын ажыратып-бузуп жабыркатат. Бул кубулуш­ту 1-жолу 1898-жылы орус микробиологу Н. Ф. Гамалея байкаган. «Бактериофаг» терминин Канада  бактериологу Ф. Д.  Эрелль киргизген (1917). Бактериофаг  таякча түрүндө болуп, тоголок баштуу. Башы белоктуу кабыкча менен, таякчасы көңдөй өзөктөн туруп, жыйрылтуучу булчуң сымал белоктуу кабыкча менен капталган жана учунда тикенчелүү базаль пластинкасы болот (бул бактериофагдын ээсинин клеткасында жүрүүчү адсорб­цияга таасир этет). Алар адам, жаныбар ичеги­синде, өсүмдүк, топурак, кык, көлмө жана агын сууда, патогендүү, сапрофит бактерияларда болот. Айрымдары бир гана түрдү (монофаг), кээ­си микроорганизмдин ар кандай түрүн (полифаг) эритет. Айрым фагдар жугуштуу оору (дизентерия, келте, холера, чума ж. б.), ылаңдар­ды дарылоо жана алдын алуу, ылаң козгогучтар­ды диагноздоо, эпидемиялык анализ жүргүзүү, ошондой  эле өсүмдүк илдеттерине каршы күрөшүүдө да пайдаланылат. Бактериофаг  молекулалык биологияда гендин структурасын изилдөөдө, мутациянын молекулалык  механиз­мин, генетикалык кодду чечмелөөдө пайдаланылат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
 

08:23, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

БАКТЕРИОФАГДАР, ф а г д а р (бактерия жана гр. рһаgоs – жеп-жуткуч) – бактерия вирустары. Алар бактерия ж. б. микроорганизм клеткала­рын ажыратып-бузуп жабыркатат. Бул кубулуш­ту 1-жолу 1898-жылы орус микробиологу Н. Ф. Гамалея байкаган. «Бактериофаг» терминин Канада бактериологу Ф. Д. Эрелль киргизген (1917). Бактериофаг таякча түрүндө болуп, тоголок баштуу. Башы белоктуу кабыкча менен, таякчасы көңдөй өзөктөн туруп, жыйрылтуучу булчуң сымал белоктуу кабыкча менен капталган жана учунда тикенчелүү базаль пластинкасы болот (бул бактериофагдын ээсинин клеткасында жүрүүчү адсорб­цияга таасир этет). Алар адам, жаныбар ичеги­синде, өсүмдүк, топурак, кык, көлмө жана агын сууда, патогендүү, сапрофит бактерияларда болот. Айрымдары бир гана түрдү (монофаг), кээ­си микроорганизмдин ар кандай түрүн (полифаг) эритет. Айрым фагдар жугуштуу оору (дизентерия, келте, холера, чума ж. б.), ылаңдар­ды дарылоо жана алдын алуу, ылаң козгогучтар­ды диагноздоо, эпидемиялык анализ жүргүзүү, ошондой эле өсүмдүк илдеттерине каршы күрөшүүдө да пайдаланылат. Бактериофаг молекулалык биологияда гендин структурасын изилдөөдө, мутациянын молекулалык механиз­мин, генетикалык кодду чечмелөөдө пайдаланылат.