БАКАЕВ Ашырбек Бешкемпир уулу: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАКАЕВ '''Ашырбек Бешкемпир уулу | '''БАКАЕВ '''Ашырбек Бешкемпир уулу [20. 12. 1948, [[СССР]], [[Кыргыз ССРи]], [[Чүй облусу]], Ворошилов (азыркы [[Аламүдүн]]) району, [[Таш-Дөбө айылы|Таш-Дөбө айы­лы]]] – генерал-майор (2000). 1966–1967-жылдары Чаек эт комбинатында оператор, Фрунзе шаарындагы курулуш-монтаждоо колоннасында жумушчу, 1967–1970-жылдары Советтик Армиянын катарында курсант, 1970-жылы СССР ИИМдин Оржоникидзе аскердик-командалык окуу жайын (1970), Целиноград мамлекеттик педагогикалык институтунун филоло­гия факультетин (1985), КУУнун юридика факультетин (1999) бүт­көн. 1975–1987-жылдарда Алматы шаарында взвод командири, баш­кы полктун командири, Ка­закстандын ички аскерлер штабынын начальнигинин орун басары жана республикалык гвар­диясынын аскердик күжүр­мөн даярдык бөлүмүнүн на- | ||
1948 | |||
жайын (1970), Целиноград | |||
юридика | |||
штабынын начальнигинин | |||
[[File:БАКАЕВ28.png | thumb | none]] | [[File:БАКАЕВ28.png | thumb | none]] | ||
чальниги. | чальниги. 1987–1988-жылдары [[Афганстан]]да аскердик улук кеңешчи, партиялык уюмдун катчысынын орун басары. 1995 – 1997-жылдарда [[Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министлиги|Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлиги]]нин алдындагы ички аскерлер ко­мандачысынын 1-орун басары – штаб начальни­ги, 1997–1999-жылдарда [[Ош]], [[Жалал-Абад]] облустарында аскер бөлүктөрүнүн курамын камтыган 3-бригаданы уюштурган жана анын командири, 1999-жылдан КР ИИМдин ички аскерлер командачысы. 1999-жылы ал жетектеген ички аскерлердин курама «Шер» отряды Баткен аймагында террорчуларга каршы согуштук аракеттерде күжүрмөндүгү менен айырмаланган. Бакаев – көптөгөн макала, моногра­фиялардын жана [[Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү]]ндө пай­даланылып жаткан 100дөн ашык аскердик тер­миндердин автору. «СССР Куралдуу Күчтөрүндө Ата мекенге кызмат кылгандыгы үчүн» 1-, 2-, 3-даражадагы, Афганстандын 1-даражадагы Алтын жылдыз, Россиянын «Ата мекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн», 1-даражадагы «Улуу Пётр» ордендери жана медалдар, Эрдик медалы менен сыйланган. КРдин Өкмөтүнүн Алтын дипломунун лауреаты (2003). Самбо федерациясынын ардактуу президенти. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | |||
11:42, 17 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАКАЕВ Ашырбек Бешкемпир уулу [20. 12. 1948, СССР, Кыргыз ССРи, Чүй облусу, Ворошилов (азыркы Аламүдүн) району, Таш-Дөбө айылы] – генерал-майор (2000). 1966–1967-жылдары Чаек эт комбинатында оператор, Фрунзе шаарындагы курулуш-монтаждоо колоннасында жумушчу, 1967–1970-жылдары Советтик Армиянын катарында курсант, 1970-жылы СССР ИИМдин Оржоникидзе аскердик-командалык окуу жайын (1970), Целиноград мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин (1985), КУУнун юридика факультетин (1999) бүткөн. 1975–1987-жылдарда Алматы шаарында взвод командири, башкы полктун командири, Казакстандын ички аскерлер штабынын начальнигинин орун басары жана республикалык гвардиясынын аскердик күжүрмөн даярдык бөлүмүнүн на-

чальниги. 1987–1988-жылдары Афганстанда аскердик улук кеңешчи, партиялык уюмдун катчысынын орун басары. 1995 – 1997-жылдарда Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин алдындагы ички аскерлер командачысынын 1-орун басары – штаб начальниги, 1997–1999-жылдарда Ош, Жалал-Абад облустарында аскер бөлүктөрүнүн курамын камтыган 3-бригаданы уюштурган жана анын командири, 1999-жылдан КР ИИМдин ички аскерлер командачысы. 1999-жылы ал жетектеген ички аскерлердин курама «Шер» отряды Баткен аймагында террорчуларга каршы согуштук аракеттерде күжүрмөндүгү менен айырмаланган. Бакаев – көптөгөн макала, монографиялардын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө пайдаланылып жаткан 100дөн ашык аскердик терминдердин автору. «СССР Куралдуу Күчтөрүндө Ата мекенге кызмат кылгандыгы үчүн» 1-, 2-, 3-даражадагы, Афганстандын 1-даражадагы Алтын жылдыз, Россиянын «Ата мекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн», 1-даражадагы «Улуу Пётр» ордендери жана медалдар, Эрдик медалы менен сыйланган. КРдин Өкмөтүнүн Алтын дипломунун лауреаты (2003). Самбо федерациясынын ардактуу президенти.