БАЙГАБЫЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАЙГАБЫЛ '''- акын. Ушул күнгө чейин даре­ги белгисиз болуп, эл кыялынын туундусу катарында бааланып келген. Ошол себептүү «Чата кыз менен Байгабылдын айтышынын» бир түрү элдик адат-салт айтышынын үлгүсү катары жыйнакка кирген. Кийинки табылган маалы­мат боюнча анын Талас өрөөнүнөн чыккан реалдуу акын экендиги, уруусу кытай, кийин солтолор­го качып келип, Осоке бийге ырчы болуп жүр­гөндүгү аныкталган. 1858-жылы таластык Сартбай акын м-н айтышып жеңилет. Экөө беттешкен учурда Сартбай 19 жашта (ал 1839-жылы туулган), Байгабыл 40-45 жаш куракта болот. Демек, Байгабыл болжол м-н 1818-20-жылдарда төрөлгөн. Бирок турагы, качан өлгөндүгү, атасынын аты белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда табышмактуу айтыштын устаты болуп, бир ашта Көкшалкы байдын Чата кызын жеңип кетет. Айтыш көлөмдүү, анда каршысынын табышмагын жан­дырууда Байгабылдын акындык дараметинин күчтүүлүгү байкалат. Айтыштын варианттары эл арасына кеңири тараган. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
'''БАЙГАБЫЛ''' акын. Ушул күнгө чейин даре­ги белгисиз болуп, эл кыялынын туундусу катарында бааланып келген. Ошол себептүү «Чата кыз менен Байгабылдын айтышынын» бир түрү элдик адат-салт айтышынын үлгүсү катары жыйнакка кирген. Кийинки табылган маалы­мат боюнча анын Талас өрөөнүнөн чыккан реалдуу акын экендиги, уруусу кытай, кийин солтолор­го качып келип, Осоке бийге ырчы болуп жүр­гөндүгү аныкталган. 1858-жылы таластык Сартбай акын менен айтышып жеңилет. Экөө беттешкен учурда Сартбай 19 жашта (ал 1839-жылы туулган), Байгабыл 40–45 жаш куракта болот. Демек, Байгабыл болжол менен 1818–1820-жылдарда төрөлгөн. Бирок турагы, качан өлгөндүгү, атасынын аты белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда табышмактуу айтыштын устаты болуп, бир ашта Көкшалкы байдын Чата кызын жеңип кетет. Айтыш көлөмдүү, анда каршысынын табышмагын жан­дырууда Байгабылдын акындык дараметинин күчтүүлүгү байкалат. Айтыштын варианттары эл арасына кеңири тараган. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]

07:28, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

БАЙГАБЫЛ – акын. Ушул күнгө чейин даре­ги белгисиз болуп, эл кыялынын туундусу катарында бааланып келген. Ошол себептүү «Чата кыз менен Байгабылдын айтышынын» бир түрү элдик адат-салт айтышынын үлгүсү катары жыйнакка кирген. Кийинки табылган маалы­мат боюнча анын Талас өрөөнүнөн чыккан реалдуу акын экендиги, уруусу кытай, кийин солтолор­го качып келип, Осоке бийге ырчы болуп жүр­гөндүгү аныкталган. 1858-жылы таластык Сартбай акын менен айтышып жеңилет. Экөө беттешкен учурда Сартбай 19 жашта (ал 1839-жылы туулган), Байгабыл 40–45 жаш куракта болот. Демек, Байгабыл болжол менен 1818–1820-жылдарда төрөлгөн. Бирок турагы, качан өлгөндүгү, атасынын аты белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда табышмактуу айтыштын устаты болуп, бир ашта Көкшалкы байдын Чата кызын жеңип кетет. Айтыш көлөмдүү, анда каршысынын табышмагын жан­дырууда Байгабылдын акындык дараметинин күчтүүлүгү байкалат. Айтыштын варианттары эл арасына кеңири тараган.