БАЗИЛИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by one other user not shown)
1-сап: 1-сап:
'''БАЗИЛИКА '''(гр. Ьазіііке - падыша үйү) - ичи колонна же катар түркүктөр м-н узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгай­луу болгон; ортоңку неф (эреже катары каптал­дагылардан бийик ж-а кеңири) каптал бөлүк­төрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган ж-а ''апсида'' м-н бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты - нартекс жай­гашкан. Эң алгачкы Базилика Деллос аралында б. з. ч. 210-жылы курулган. Рим шаарында Базилика сот ж-а соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дини­нин бекемделиши м-н Базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида - чыгыш жактагы алтарь м-н бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык Базиликалар бай мозаика м-н кооздолгон ж-а 4-6-кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия ж. б. курулган.
'''БАЗИЛИКА '''(грекче Ьазіlікḗ – падыша үйү) – ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгай­луу болгон; ортоңку неф (эреже катары каптал­дагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүк­төрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана ''апсида'' менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты – нартекс жай­гашкан. Эң алгачкы базилика Деллос аралында биздин заманга чейин 210-жылы курулган. Рим шаарында базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дини­нин бекемделиши менен базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида – чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык базиликалар бай мозаика менен кооздолгон жана IV–VI кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башкаларда курулган.  
[[Файл:Базилика.jpg|left|thumb|220x220px|Базилика]]
[[Файл:Париж.jpg|center|thumb|281x281px|Париждеги Ыйык Клотильданын базиликасы]]
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

16 апрель 2026, саат 05:47 учурдагы соңку нуска

БАЗИЛИКА (грекче Ьазіlікḗ – падыша үйү) – ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгай­луу болгон; ортоңку неф (эреже катары каптал­дагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүк­төрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты – нартекс жай­гашкан. Эң алгачкы базилика Деллос аралында биздин заманга чейин 210-жылы курулган. Рим шаарында базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дини­нин бекемделиши менен базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида – чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык базиликалар бай мозаика менен кооздолгон жана IV–VI кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башкаларда курулган.

Базилика
Париждеги Ыйык Клотильданын базиликасы