БАЗИДИОМИЦЕТТЕР: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЗИДИОМИЦЕТТЕР ''', б а з и д и ''я л у у к'' | '''БАЗИДИОМИЦЕТТЕР''', б а з и д и ''я л у у к'' о з у к а р ы н д а р (Ваsidiomycetes) – ''козу кары''н''дар'' классы. Булар көп клеткалуу, мицелийлүү, жогорку түзүлүштүү козу карындар, 30 миңден ашык түрү белгилүү. Жыныстык жол менен пайда болгон экзогендик базидиоспора атайын өсүндү – базидияда жайгашат. Базидия эки ядролуу клетканын (дикариондун) өөрчүшүнөн башталып, ''аскомицеттердин'' баштыгынын пайда болушуна окшойт. Базидия дикариоттук гифтин клеткасын бөлүп турган тосмонун капталындагы өсүндүдөн жетилет; дикариондун кош ядросу бөлүнүп, төрт ядро пайда болот. Клетка өзү да бөлүнөт, бир жуп ядро базидиянын энелик клеткасында калыптанат. Андан ары бул ядролор кошулат, диплоиддик ядро редукция жолу менен бөлүнөт. Клетка чоюлуп, базидияны түзөт. Анын чокусунда өсүндүлөр – стеригмалар пайда болот. Аларда базидиоспоралар жайгашат. Жетилген базидиоспоралар стеригмалар менен бирге жакын аралыкка тарайт. Алар борпоң, тыгыз булалуу, эттүү, кабык, туяк, түтүк, дүмүрчө жана калпакчалар түрүндө болот. Дене­нин спора кармаган бөлүгү гимений деп ата­лат. Алар кеңири таралган. Көбү өсүмдүк мите­си, айрымдары жыгачты бузат, өсүмдүк илдетин коз­гойт; кээ биринен антибиотик алынат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
05:38, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЗИДИОМИЦЕТТЕР, б а з и д и я л у у к о з у к а р ы н д а р (Ваsidiomycetes) – козу карындар классы. Булар көп клеткалуу, мицелийлүү, жогорку түзүлүштүү козу карындар, 30 миңден ашык түрү белгилүү. Жыныстык жол менен пайда болгон экзогендик базидиоспора атайын өсүндү – базидияда жайгашат. Базидия эки ядролуу клетканын (дикариондун) өөрчүшүнөн башталып, аскомицеттердин баштыгынын пайда болушуна окшойт. Базидия дикариоттук гифтин клеткасын бөлүп турган тосмонун капталындагы өсүндүдөн жетилет; дикариондун кош ядросу бөлүнүп, төрт ядро пайда болот. Клетка өзү да бөлүнөт, бир жуп ядро базидиянын энелик клеткасында калыптанат. Андан ары бул ядролор кошулат, диплоиддик ядро редукция жолу менен бөлүнөт. Клетка чоюлуп, базидияны түзөт. Анын чокусунда өсүндүлөр – стеригмалар пайда болот. Аларда базидиоспоралар жайгашат. Жетилген базидиоспоралар стеригмалар менен бирге жакын аралыкка тарайт. Алар борпоң, тыгыз булалуу, эттүү, кабык, туяк, түтүк, дүмүрчө жана калпакчалар түрүндө болот. Дененин спора кармаган бөлүгү гимений деп аталат. Алар кеңири таралган. Көбү өсүмдүк митеси, айрымдары жыгачты бузат, өсүмдүк илдетин козгойт; кээ биринен антибиотик алынат.